Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кербен шаардык кеңешинин «Кербен шаарынын Жардуу-Колот конушунун А.Байсеитов жашаган аты жок көчөсүн “Бишкек көчөсү” деп атоо жөнүндө» токтому
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кербен шаардык кеңешинин 7- чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2017-жылдын 30-майы № 4/3 Кербен шаарынын Жардуу-Колот конушунун А.Байсеитов жашаган аты жок көчөсүн “Бишкек көчөсү” деп атоо жөнүндө «КР географиялык аталыштар жөнүндө» Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кербен шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 4-майындагы “Кербен шаарынын Жардуу-Колот конушунун А.Байсеитов жашаган аты жок көчөсүнө ысым берүү жөнүндө” № 4 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кербен шаарынын Жардуу-Колот конушунун А.Байсеитов жашаган аты жок көчөсү “Бишкек көчөсү” - деп аталсын.
2. Кербен шаарынын мэриясы, көрнөктөрдүн формасын, өлчөмүн аныктап жана анын туура жайгашуусун жана жазылуусун көзөмөлгө алсын.
3. Кербен шаарынын мэриясынын турак жай жана коммуналдык чарба бөлүмү, белгиленген формадагы,өлчөмдөгү көрнөктөрдү жасап илдирүүнү уюштурсун.
4. Кербен шаарынын мэриясы, токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш-кагаздарын, маалымат базасын токтомго ылайык келтирсин.
5. КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 610 токтому менен бекитилген «КР даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө”жобонун 25-пунктуна негиз, тиешелүү өзгөртүүлөр боюнча даректүү каттоого алуу жагы Аксы райондук жерге жайгаштыруу жана мүлктөргө укуктарды каттоо башкармалыгына сунушталсын .
6.Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб - сайтында жарыялангандан кийин
күчүнө кирет.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы М.Камбаровага тапшырылсын.
Төрага
Н. Шадыбеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (1)
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О географических названиях в Кыргызской Республике»Закон · 25.09.1997 · № 67