Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кара-Көл шаардык кеңешинин «Калктан акы алып ветеринардык кызмат көрсөтүү жөнүндө» токтому
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2017-жылдын 27-апрели № 15/4-7 Калктан акы алып ветеринардык кызмат көрсөтүү жөнүндө Токтогул райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы А.И.Сапаркулованын 04.04.2017ж чыгыш № 64, шаардык жеке ветеринар ишкерлеринин 28.02.2017-жылдагы чыгыш №6 сандуу кайрылуу каттарынын негизинде, 2017-жылдын 21-февралынан тарта Кыргыз Республикасынын “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө “ 06.06.2013-жылкы № 91 мыйзамын ишке ашыруу максатында “Жаныбарларды идентификациялоо жаатындагы иштерди жүргүзүү жана ыйгарым укуктуу органды аныктоо“, Кыргыз республикасынын өкмөтүнүн 11.04.2014-жылдагы № 187 жана “Жаныбарларды идентификациялоонун эрежесин бекитүү” 05.12.2014-жылдагы № 964 токтомдорунун, ошондой эле Кыргыз республикасынын өкмөтүнүн 30.03.2017-жылдагы № 93-б буйругунун негизинде Кара-Көл шаардык жана Жазы-Кечүү, Кетмен-Төбө аймактык башкарамалыктарында идентификациялоо иштеринин биринчи этабын баштап, биринчи кезекте уй-кунажындарды идентификациядан өткөрүү боюнча Кара-Көл шаардык ветеринардык бөлүмүнүн берген маалыматын жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 31-беренесинин 4-бөлүмчөсүнүн негизинде Кара –Көл шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги IV сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба жаныбарларын идентификациялоо боюнча калкка кызмат көрсөтүү тарифи кара малга - 30 сомдон бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Кара-Көл шаардык ветеринардык бөлүмүнө (М.Боржуев), Кара-Көл шаардык мэриясына (И.М.Еркеев) жана көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (А.К.Чаргынов) милдеттендирилсин.
Төрага
К. Уметов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 2
Связанные документы (2)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «Об идентификации животных»Закон · 06.06.2013 · № 91
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · Утратил силу