# Кең-Арал айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 2-мартындагы № 12 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө) токтому

- Полное наименование: Кең-Арал айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 2-мартындагы № 12 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө) токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 12
- Дата принятия: 02.03.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 02.03.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/257359>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-31939/edition/801247/ru>

> Текст приведён по редакции от 02.03.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кең-Арал айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 2-мартындагы № 12 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө) токтому (ред. от 02.03.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/257359

---

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кең-Арал айылдык Кеңешинин XXXIХ чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы

2017-жылдын 2-марты № 12 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” 451сандуу токтомуна ылайык Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн калкынын санына жараша айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны 1-тиркемеге ылайык бекитилсин;

2. Жалпы аскердик милдеттердин талаптарын аткарууну камсыздоо үчүн каттоодо 300дөн 1000ге чейинки аскерге милдеттүү жана аскерге чакырылуучу бар болгондугуна байланыштуу, эки бошотулган кызматкер - аскердик-эсепке алуу столунун инспекторунун кызмат оруну (2штаттык бирдик) бекитилсин;

3. Бекитилген айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык санына жараша Бакай-Ата райондук каржы бөлүмү (Саманчиева) тарабынан эмгек маяналарын каржылоо жагы каралсын;

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кең-Арал айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Н.Бейшеналиевага жүктөлсүн.

Төрага

И. Жумабеков

МАКУЛДАШЫЛДЫ» Кең-Арал айылдык кеңешинин төрагасы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_И.Жумабеков «\_\_\_\_\_»\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_2017-жыл

Тиркеме № 1 «БЕКИТЕМИН» Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_Б.Темирбеков «\_\_\_»\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_2017-жыл

Кең-Арал айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана ШТАТТЫК САНЫ

Кызматтардын аталышы

Кең-Арал айыл өкмөтүнүн калкынын саны 3609 адам

2ден 5ке чейин

Айыл өкмөтүнүн башчысы

1

Жооптуу катчы

1

Каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы

1

Киреше боюнча башкы адис

1

Социалдык маселелер боюнча башкы адис

1

Экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адис

1

Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча жетектөөчү адис

1

Жер,турак –жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адис

1

Жыйынтыгы:

8

Өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары боюнча кызмат орундары

Адис - Аскердик –эсепке алуу столунун инспектору

2

Жыйынтыгы:

Техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер: ТТК МТК

Кароолчу

1

Тазалоочу

1

Жыйынтыгы:

2

Жооптуу катчы

Н. Бейшеналиева
