Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кең-Арал айылдык Кеңешинин (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө) токтому
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кең-Арал айылдык Кеңешинин XXXIХ чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2017-жылдын 2-марты № 12 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” 451сандуу токтомуна ылайык Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн калкынын санына жараша айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны 1-тиркемеге ылайык бекитилсин;
2. Жалпы аскердик милдеттердин талаптарын аткарууну камсыздоо үчүн каттоодо 300дөн 1000ге чейинки аскерге милдеттүү жана аскерге чакырылуучу бар болгондугуна байланыштуу, эки бошотулган кызматкер - аскердик-эсепке алуу столунун инспекторунун кызмат оруну (2штаттык бирдик) бекитилсин;
3. Бекитилген айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык санына жараша Бакай-Ата райондук каржы бөлүмү (Саманчиева) тарабынан эмгек маяналарын каржылоо жагы каралсын;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кең-Арал айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Н.Бейшеналиевага жүктөлсүн.
Төрага
И. Жумабеков
МАКУЛДАШЫЛДЫ» Кең-Арал айылдык кеңешинин төрагасы ________________И.Жумабеков «_____»_____________2017-жыл
Тиркеме № 1 «БЕКИТЕМИН» Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы _________________Б.Темирбеков «___»______________2017-жыл
Кең-Арал айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана ШТАТТЫК САНЫ
Кызматтардын аталышы
Кең-Арал айыл өкмөтүнүн калкынын саны 3609 адам
2ден 5ке чейин
Айыл өкмөтүнүн башчысы
1
Жооптуу катчы
1
Каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы
1
Киреше боюнча башкы адис
1
Социалдык маселелер боюнча башкы адис
1
Экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адис
1
Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча жетектөөчү адис
1
Жер,турак –жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адис
1
Жыйынтыгы:
8
Өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары боюнча кызмат орундары
Адис - Аскердик –эсепке алуу столунун инспектору
2
Жыйынтыгы:
Техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер: ТТК МТК
Кароолчу
1
Тазалоочу
1
Жыйынтыгы:
2
Жооптуу катчы
Н. Бейшеналиева
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Постановление Правительства КР от 5 августа 2011 года №451 "Об утверждении типовой структуры и штатной численности исполнительного органа местного самоуправления Кыргызской…Постановление · 05.08.2011 · № 451 · Утратил силу