# Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин 2016-жылдын 29-июнундагы № 1 "Кызыл Туу айылдык кеңештин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин 2016-жылдын 29-июнундагы № 1 "Кызыл Туу айылдык кеңештин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1
- Дата принятия: 29.06.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 29.06.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/257332>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-31912/edition/799837/ru>

> Текст приведён по редакции от 29.06.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин 2016-жылдын 29-июнундагы № 1 "Кызыл Туу айылдык кеңештин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (ред. от 29.06.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/257332

---

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезексиз 23- сессиясы

2016-жылдын 29-июну № 1 Кызыл Туу айылдык кеңештин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы №75 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 21-августундагы №165 “Муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы күчүн жоготкондугуна байланыштуу, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Нуруеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2016-жылдын 24-февралындагы 19-сессиясында кабыл алынган №1 токтомдун 22 жана 23-пунктары төмөнкү редакцияда кабыл алынсын:

• Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы №75 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 7-пунктуна ылайык айыл өкмөтүндөгү муниципиалдык кызматкерлерин колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жыл 28-июнундагы №383 Токтому менен бекитилген баалоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Жобонун негизинде кварталдар жыйынтыгы менен сыйакылар төлөө жагы каралсын.

• Аталган мыйзамдын 31-беренесинин 10-пунктуна ылайык социалдык-тиричилик маселелерин чечүү үчүн кызматчыларга жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка булактардан материалдык жардам көрсөтүү каралсын.

2. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Асановго милдеттендирилсин.

Төрайым

Т. Наримбетова
