Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин «Ачы зоонасындагы жер көчкү коркунүчүна дуушар болгон элдерди көчүрүп чыгуу максатында мамлекеттик фондун жеринен калктуу конуштар жерине которуу жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезексиз 22- сессиясы
2016-жылдын 19-майы № 1 Ачы зоонасындагы жер көчкү коркунүчүна дуушар болгон элдерди көчүрүп чыгуу максатында мамлекеттик фондун жеринен калктуу конуштар жерине которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын 15.07.2013-жыл №145 «Жерлерди которуу (Трансформациялоо) жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жыл №169 токтомун негиздеп, көчкү коркунүчүндагы элдердин кайрылуу, суроо талаптарын ачык сессияда угуп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ачы зоонасындагы жер көчкү коркунүчүна дуушар болгон 11 (Он бир) айыл: Талаа-Булак, Акчалуу, Алмалуу, Шатрак, Соку-Таш, Ак-Терек, Алчалуу, Ак-Булак, Кара-Кол, Каринген жана Кызыл-Алма айылдарынын жашоочуларын көчүрүп чыгуу үчүн Талаа-Булак айылынын Кок-Булак участкасынан 50 (Элүү) га кайракы айдоо аянтын калктуу конуштар категориясына которууга макулдук берилсин. Ар бир конуштун өлчөмү 800 м2 аянтын түзсүн.
2. Турак жай куруу үчүн тандалган жерге мыйзам чегинде керектүү иш кагаздарын даярдап, тез аранын ичинде турак-жай курууга жер ажыратып берүү иш аракеттерин жасоо жагы айыл өкмөт башчысы А.Асановго жана тиешелүү адистерге милдеттендирилсин.
3. Ачы зоонасында жашаган элдерди жер көчкү кырсыгынан сактап калуу максатта ушул токтомду колдоп берүү жагы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областтык ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын .
Төрайым
Т. Наримбетова
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 3
Связанные документы (3)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · Утратил силу
- Закон «О переводе (трансформации) земельных участков»Закон · 15.07.2013 · № 145 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 19 марта 2014 года № 169 "Об утверждении Временного положения о порядке перевода (трансформации) земельных участков"Постановление · 19.03.2014 · № 169 · Утратил силу