# А. Анаров айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 11-февралындагы № 9 "Алля Анаров айыл өкмөтүнүн аймагындагы кара малдарды идентификациялоодо ветеринардык кызматкерлердин эмгек акынын жана кулак бирка номерин ошондой эле мергендердин эмгек аксын белгилеп берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: А. Анаров айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 11-февралындагы № 9 "Алля Анаров айыл өкмөтүнүн аймагындагы кара малдарды идентификациялоодо ветеринардык кызматкерлердин эмгек акынын жана кулак бирка номерин ошондой эле мергендердин эмгек аксын белгилеп берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 9
- Дата принятия: 11.02.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 11.02.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/257294>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-31874/edition/799007/ru>

> Текст приведён по редакции от 11.02.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: А. Анаров айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 11-февралындагы № 9 "Алля Анаров айыл өкмөтүнүн аймагындагы кара малдарды идентификациялоодо ветеринардык кызматкерлердин эмгек акынын жана кулак бирка номерин ошондой эле мергендердин эмгек аксын белгилеп берүү жөнүндө" токтому (ред. от 11.02.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/257294

---

А. АНАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

А. Анаров айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясынын

2017-жылдын 11-февралы № 9 Алля Анаров айыл өкмөтүнүн аймагындагы кара малдарды идентификациялоодо ветеринардык кызматкерлердин эмгек акынын жана кулак бирка номерин ошондой эле мергендердин эмгек аксын белгилеп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Малдарды идентификациялоо жөнүндөгү» мыйзамынын жана Араван районунун мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 16-февраль айындагы №26-б буйругунда көрсөтүлгөн идентификация жүргүзүүнү сапаттуу жолго коюу, кутурма жана эхинококкоз оорусуна каршы күрөшүүдө ветеринарлардын жана мергендердин кызмат акыларын ошондой эле кулак-бирка нарктарын өз алдынча карап депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен А.Анаров айылдык Кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкулап төмөндөгүдөй ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара малды идентификациялоо учурунда малдын ээси тарабынан ветеринардык адистке кызмат акына ар бир башка 30 сомдон, ошондой эле ар бир малга тагыла турган кулак биркасы 37 сом 76 тыйын квитанциясы негизинде атайын эсептик счетко которулуп берилсин.

2. Элдин арасында кутурма оорусуна каршы профилактикалык жумуштарды жүргүзүүдө дейди иттерди жана жырткычтарды жок кылуу үчүн атайын мерген аркылуу келишим негизинде ар бир атылган карышкырга 5000 сом, чөө-бөөрү үчүн 2000 сом жана иттерге 250 сомдон айыл өкмөтүнүн бюджетинен ажыратылып берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Р. Худайбердиев
