# Сары-Булак айылдык кеңешинин 2017-жылдын 16-февралындагы № 3/10 "Ири мүйүздүү бодо малды идентификациялоо боюнча прейскурантын бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Сары-Булак айылдык кеңешинин 2017-жылдын 16-февралындагы № 3/10 "Ири мүйүздүү бодо малды идентификациялоо боюнча прейскурантын бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 3/10
- Дата принятия: 16.02.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 16.02.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/257148>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-31728/edition/795337/ru>

> Текст приведён по редакции от 16.02.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Сары-Булак айылдык кеңешинин 2017-жылдын 16-февралындагы № 3/10 "Ири мүйүздүү бодо малды идентификациялоо боюнча прейскурантын бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 16.02.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/257148

---

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Сары-Булак айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 3-сессиясы

2017-жылдын 16-февралы № 3/10 Ири мүйүздүү бодо малды идентификациялоо боюнча прейскурантын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 6-июнундагы № 91 «Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө» мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 12-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын жетектөөчү адиси М.Казиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Булак айыл аймагынын аймагында ири мүйүздүү бодо малды идентификациялоого мал ээлеринен регистраторлорго эмгек акысы үчүн бир баш ири мүйүздүү бодо малдан 30 (отуз) сомдон, Жайыт комитетинин эсебинен бирка үчүн бир баш ири мүйүздүү бодо малга 37,76 (отуз жети сом жетимиш алты тыйын) сом , иш кагаздарына 2,24 (эки сом жыйрма төрт тыйын) сомдон төлөнүп берилсин. Ири мүйүздүү бодо малды идентификациялоого баардыгы бир баш бодо малга 70 (жетимиш) сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

Төрага

Т. Жумамүдүн уулу
