# Бекмолдо айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 22-августундагы № 251 "Сасык-Булак айылынын тургуну Шаршеналиев Чолпон Жаныкуловичтин кайрылуусу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Бекмолдо айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 22-августундагы № 251 "Сасык-Булак айылынын тургуну Шаршеналиев Чолпон Жаныкуловичтин кайрылуусу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 251
- Дата принятия: 22.08.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 22.08.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/257079>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-31659/edition/791075/ru>

> Текст приведён по редакции от 22.08.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Бекмолдо айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 22-августундагы № 251 "Сасык-Булак айылынын тургуну Шаршеналиев Чолпон Жаныкуловичтин кайрылуусу жөнүндө" токтому (ред. от 22.08.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/257079

---

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Бекмолдо айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз сессиясы

2016-жылдын 22-августу № 251 Сасык-Булак айылынын тургуну Шаршеналиев Чолпон Жаныкуловичтин кайрылуу арызын карап көрүп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 16-январындагы № 895-IV токтому менен бекитилген “Запастагы жерлерди түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби жөнүндө” жобону жана 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Убактылуу жобону жетекчиликке алып, Бекмолдо айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бекмолдо айыл аймагынын Сасык-Булак айылына караштуу “Боз-Дөбө”участкасындагы № 1070 чөйрөсызыгында жайгашкан аянты 0,65 га жер тилкесин жана № 858 чөйрөсызыгында жайгашкан аянты 3,75 га жер тилкеси (жалпы 4,40 га) “Запастагы жерлер” категориясынын”Жайыт” түрүнөн “Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынын кайракы айдоо жер” түрүнө которууну сунуш кылат.

2. ”Жер участокторун которуу (тррансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамдын 9 -беренесинин 9-пунктуна ылайык жер участокторун бир категориядан башкасына же чарба жерлеринин башка түрүнө которуу жөнүндө жерге жайгаштыруу көктөмөсүн даярдоо менен байланышкан иштерди жерди пайдалануучунун жеке каражатынын эсебинен жүзөгө ашырылсын.

Төрага

К. Орозалиев
