Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ак-Тал айылдык кеңешинин «Ак-Тал айыл аймагындагы имараттын байланыш түйүнү жайгашкан бөлүгүн “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын Ак-Талаа райондук филиалынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
АК-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Тал айылдык Кеңешинин кезексиз 18-сессиясы
2015-жылдын 27-февралы № 18/6 Ак-Тал айыл аймагындагы имараттын байланыш түйүнү жайгашкан бөлүгүн “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын Ак-Талаа райондук филиалынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 02.05.2003-жылдагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик почта байланышынын абалы жана келечектеги өнүгүшү жөнүндөгү” № 260 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 18-беренесине ылайык айылдын жашоочуларын пенсия, пособие, компенсация менен тейлеп, социалдык жактан кызмат көрсөтүү максатында Ак-Тал айыл аймагындагы муниципалдык имараттын почта байланыш түйүнү жайгашкан бөлүгүн “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын Ак-Талаа райондук филиалынын балансына өткөрүп берүү максатында депутаттардын Ак-Тал айылдык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 13.01.2013-жылдагы “2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндөгү” жарлыгы менен бекитилген Улуттук стратегиясы боюнча “Алыскы райондордо банктык кызмат көрсөтүүгө жеткиликтүү камсыз кылуу жана төлөт системасын колдоо үчүн Почта банкын түзүү долбоорун жүзөгө ашыруу башталат” деген талаптарына ылайык Ак-Тал айыл аймагындагы имараттын _______м.кв. аянты “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын Ак-Талаа райондук филиалынын балансына өткөрүлүп берилсин.
2. Почта байланыш түйүнү жайгашкан имараттытын тийиштүү бөлүгүн “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын Ак-Талаа райондук филиалына өткөрүп берүү жумуштарын турмушка ашыруу жагы Ак-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Аалыбаев Рахатка тапшырылсын.
Төрага
М. Алыбаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 2
Связанные документы (2)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О муниципальной собственности на имущество»Закон · 15.03.2002 · № 37
- Постановление Правительства КР от 2 мая 2003 года № 260 "О состоянии и перспективах развития государственной почтовой связи Кыргызской Республики"Постановление · 02.05.2003 · № 260 · Утратил силу