# К. Белекбаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 9-февралындагы № 4/8 "К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы Сопу-Коргон «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жана «Алтын-Кен» жана “Секи-Булак” таза суу муниципалдык ишканаларынын калкка акы алып кызмат көрсөтүү боюнча тарифтерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: К. Белекбаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 9-февралындагы № 4/8 "К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы Сопу-Коргон «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жана «Алтын-Кен» жана “Секи-Булак” таза суу муниципалдык ишканаларынын калкка акы алып кызмат көрсөтүү боюнча тарифтерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 4/8
- Дата принятия: 09.02.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 09.02.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/257015>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-31595/edition/788577/ru>

> Текст приведён по редакции от 09.02.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: К. Белекбаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 9-февралындагы № 4/8 "К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы Сопу-Коргон «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жана «Алтын-Кен» жана “Секи-Булак” таза суу муниципалдык ишканаларынын калкка акы алып кызмат көрсөтүү боюнча тарифтерин бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 09.02.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/257015

---

К. БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

К. Белекбаев айылдык кеңешинин VI чакырылышынын 4- кезектеги отуруму

2017-жылдын 9-февралы № 4/8

К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы Сопу-Коргон «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жана «Алтын-Кен» жана “Секи-Булак” таза суу муниципалдык ишканаларынын калкка акы алып кызмат көрсөтүү боюнча тарифтерин бекитүү жөнүндө

Сопу-Коргон «Тазалык» муниципалдык ишканасынын башчысы Т.Кадыровдун жана калкты таза суу менен камсыз кылуучу «Алтын-Кен» жана “Секи-Булак” таза суу муниципалдык ишканаларынын башчылары М.Кадыров жана Н.Маташовдордун эл менен жолугушкан элдик жыйынынын 08-февраль 2017-жылындагы протоколунун жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 мыйзамына ылайык жана 2015-жылдын 17-апрелиндеги №85 мыйзамынын редакциясындагы 31-беренисинин 14-пунктунун негизинде К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин VI чакрылышынын II отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамын мүлккө муниципалдык менчикти башкаруу жөнүндөгү 5-главасынын 19-статьясынын тиешелүү бөлүмүнүн негизинде жогорудагы муниципалдык ишканалар калктан төмөндөгүдөй кызмат акылары алынсын.

2. Таза суу пайдалангандыгы үчүн

–мончо жаккандар айына 300 сом -Таза суну көчөдөгү колонкалардан алып ичкендер айына 20 сом, ал эми сууну үйүнө киргизип ичкендер айына 50 сом . -үйүнө суу кигизүүлөр үчүн уруксатка 3000 сом -«Тазалык» муниципалдык ишканасынын көрсөткөн кызматтары үчүн калктан төмөндөгүдөй тарифте акы төлөшсүн. -Таштандыларды тазалаганы үчүн ар бир кожолук айына 20 сом

3. «Тазалык» муниципалдык ишканасынын тракторун иштетишсе иштешкен жаран саатына 700 сом кызмат акы төлөсүн.

4. Төлөнгөн акчаны топтоо жагы Н.Суранабаевке жүктөлсүн. Аны тескөө жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнүн башчысы Ж.Тажибаевге милдеттендирилсин.

5. Монополияга каршы саясат бөлүмүнөн көрсөтүлгөн тарифтердин мыйзамдуулугун текшертип жана бекиттирип келүү жагы муниципалдык ишканаларынын башчылары Т.Кадыров, Н.Маташов жана М.Кадыровго милдеттендирилсин.

6. Токтомдун аткарылшын көзөмөлдөө бюджет жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Б.Ыбышовко жүктөлсүн.

Төрага

М. Атабаев
