Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ак-Моюн айылдык кеңешинин «Ак-Моюн айыл аймагынын А.Койчуманов атындагы орто мектебинин «Камкордук Кеңешин» түзүү жөнүндө» токтому
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы
2016-жылдын 1-августу № 5/2 Ак-Моюн айыл аймагынын А.Койчуманов атындагы орто мектебинин «Камкордук Кеңешин» түзүү жөнүндө Төрайым Г.Аттокурова билдирүү жасады. Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-мартындагы №134-б буйругу жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 6-майындагы №88-б буйруктары Ак-Моюн айылындагы А.Койчуманов атындагы орто мектебинде аткарууга алынсын.
2.2016-жылдын 31-декабрына чейин А.Койчуманов орто мектебинин бюджеттен тышкаркы каражаттарын жөнгө салуу механизмин пилоттук апробациялоо жүргүзүлсүн.
3.Ак-Моюн айыл аймагындагы А.Койчуманов орто мектебине бюджеттен тышкары каражаттарды эсепке алуу жана тейлөө үчүн мамлекеттик үлүш катышкан коммерциялык банктарда эсептерди ачууга уруксат берилсин.
4.Ак-Моюн айыл аймагындагы мектепке чейинки жана А.Койчуманов орто мектебинин бюджеттен тышкары каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга карата “Камкордук Кеңешинин” курамы 7 (жети) адамдан түзүлсүн.
1.Аскербеков Нурсултан – айыл өкмөттүн соц.кызматкери,
2.Сыдыкова Жылдыз – ата-энелер комитетинин төрайымы,
3.Мустапаева Гүлмира – Ак-Моюн айылындагы ФАП башчысы,
4.Асаналиев Конокбек – Ак-Моюн айылдык кеңешинин депутаты,
5.Исмаилова Жыпаркүл – мектептин соц.педагогу,
6.Маатказиева Венера – кесиптик уюмдун мүчөсү,
7.Жусумамбетова Майраш – мектепте ашкана боюнча уюштуруучу.
5.Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамбетовго жана А.Койчуманов орто мектебинин мектеп директору Э.Кадыровага тапшырылсын.
Ак-Моюн айылдык Кеӊешинин төрайымы
Г. Аттокурова
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.