# Ак-Моюн айылдык кеңешинин 2016-жылдын 1-августундагы № 5/1 "Ак-Моюн айыл аймагынын С.Мурзакматов атындагы орто мектебинин «Көзөмөлчүлүк Кеңешин» түзүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ак-Моюн айылдык кеңешинин 2016-жылдын 1-августундагы № 5/1 "Ак-Моюн айыл аймагынын С.Мурзакматов атындагы орто мектебинин «Көзөмөлчүлүк Кеңешин» түзүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 5/1
- Дата принятия: 01.08.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 01.08.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/253425>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-31511/edition/771380/ru>

> Текст приведён по редакции от 01.08.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ак-Моюн айылдык кеңешинин 2016-жылдын 1-августундагы № 5/1 "Ак-Моюн айыл аймагынын С.Мурзакматов атындагы орто мектебинин «Көзөмөлчүлүк Кеңешин» түзүү жөнүндө" токтому (ред. от 01.08.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/253425

---

АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы

2016-жылдын 1-августу № 5/1 Ак-Моюн айыл аймагынын С.Мурзакматов атындагы орто мектебинин «Көзөмөлчүлүк Кеңешин» түзүү жөнүндө Төрайым Г.Аттокурова билдирүү жасады. Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-мартындагы №134-б буйругу жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 6-майындагы №88-б буйруктары Бирдик айылындагы С.Мурзакматов атындагы орто мектебинде аткарууга алынсын.

2.2016-жылдын 31-декабрына чейин С.Мурзакматов орто мектебинин бюджеттен тышкаркы каражаттарын жөнгө салуу механизмин пилоттук апробациялоо жүргүзүлсүн.

3.Ак-Моюн айыл аймагындагы С.Мурзакматов орто мектебине бюджеттен тышкары каражаттарды эсепке алуу жана тейлөө үчүн мамлекеттик үлүш катышкан коммерциялык банктарда эсептерди ачууга уруксат берилсин.

4.Ак-Моюн айыл аймагындагы мектепке чейинки жана С.Мурзакматов орто мектебинин бюджеттен тышкары каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга карата “Көзөмөлчүлүк Кеңешинин” курамы 11(он бир) адамдан түзүлсүн.

1.Абдрахманов Борис – Ак-Моюн айылдык кеңешинин депутаты,

2.Эсеналиев Сейитбек – Бирдик айылынын тургуну, дыйкан,

3.Кулмамбетов Өмүрбек – Бирдик айылынын тургуну, дыйкан,

4.Осмон кызы Рахат – Бирдик айылынын тургуну, дыйкан,

5.Кулукеева Гүлкайыр – Бирдик айылынын тургуну, аялдар кеңешинин төрайымы,

6.Дүйшалиева Мира – Бирдик айылынын тургуну, ата-энелер комитети,

7.Чотукеев Темирбек – Бирдик айылынын тургуну, жаштар уюмунун жетекчиси,

8.Кайыпов Союзбек – Бирдик айылынын тургуну, дыйкан,

9.Касмалиев Тынчтыкбек – Бирдик айылынын тургуну, дыйкан,

10.Кыдырмаев Төлөмүш – Бирдик айылынын тургуну, имамдын жардамчысы,

11.Дүйшалы уулу Канат – Бирдик айылынын тургуну, дыйкан.

5.Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамбетовго жана С.Мурзакматов орто мектебинин мектеп директору А.Исаевге тапшырылсын.

Ак-Моюн айылдык Кеӊешинин төрайымы

Г. Аттокурова
