Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ак-Моюн айылдык кеңешинин «Ак-Моюн айыл аймагынын С.Мурзакматов атындагы орто мектебинин «Көзөмөлчүлүк Кеңешин» түзүү жөнүндө» токтому
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы
2016-жылдын 1-августу № 5/1 Ак-Моюн айыл аймагынын С.Мурзакматов атындагы орто мектебинин «Көзөмөлчүлүк Кеңешин» түзүү жөнүндө Төрайым Г.Аттокурова билдирүү жасады. Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-мартындагы №134-б буйругу жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 6-майындагы №88-б буйруктары Бирдик айылындагы С.Мурзакматов атындагы орто мектебинде аткарууга алынсын.
2.2016-жылдын 31-декабрына чейин С.Мурзакматов орто мектебинин бюджеттен тышкаркы каражаттарын жөнгө салуу механизмин пилоттук апробациялоо жүргүзүлсүн.
3.Ак-Моюн айыл аймагындагы С.Мурзакматов орто мектебине бюджеттен тышкары каражаттарды эсепке алуу жана тейлөө үчүн мамлекеттик үлүш катышкан коммерциялык банктарда эсептерди ачууга уруксат берилсин.
4.Ак-Моюн айыл аймагындагы мектепке чейинки жана С.Мурзакматов орто мектебинин бюджеттен тышкары каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга карата “Көзөмөлчүлүк Кеңешинин” курамы 11(он бир) адамдан түзүлсүн.
1.Абдрахманов Борис – Ак-Моюн айылдык кеңешинин депутаты,
2.Эсеналиев Сейитбек – Бирдик айылынын тургуну, дыйкан,
3.Кулмамбетов Өмүрбек – Бирдик айылынын тургуну, дыйкан,
4.Осмон кызы Рахат – Бирдик айылынын тургуну, дыйкан,
5.Кулукеева Гүлкайыр – Бирдик айылынын тургуну, аялдар кеңешинин төрайымы,
6.Дүйшалиева Мира – Бирдик айылынын тургуну, ата-энелер комитети,
7.Чотукеев Темирбек – Бирдик айылынын тургуну, жаштар уюмунун жетекчиси,
8.Кайыпов Союзбек – Бирдик айылынын тургуну, дыйкан,
9.Касмалиев Тынчтыкбек – Бирдик айылынын тургуну, дыйкан,
10.Кыдырмаев Төлөмүш – Бирдик айылынын тургуну, имамдын жардамчысы,
11.Дүйшалы уулу Канат – Бирдик айылынын тургуну, дыйкан.
5.Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамбетовго жана С.Мурзакматов орто мектебинин мектеп директору А.Исаевге тапшырылсын.
Ак-Моюн айылдык Кеӊешинин төрайымы
Г. Аттокурова
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.