Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ача-Кайыңды айылдык кеңешинин «Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адис статист кызматкеринин кызмат ордун, штаттык бирдигин, сметасын бекитүү жөнүндө» токтому
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ача-Кайыңды айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын IV сессиясы
2016-жылдын 2-августу № IV/III Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адис статист кызматкеринин кызмат ордун, штаттык бирдигин, сметасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №145 жана 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомдорунун негизинде Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жетектөөчү адис статистик кызмат ордунун келишимин бекитип берүү жөнүндөгү өтүнүчүн угуп жана талкуулап Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №145 жана 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомдорунун негизинде Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жетектөөчү адис статистик кызмат ордунун келишими бекитилсин.
2. Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жетектөөчү адис статистик кызмат ордунун келишимин,штат бирдигинин акча-каражаты мөөнөтүнөн кечиктирилбей төлөп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинен жана Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен суралсын (келишим тиркелет).
3. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н. Барктабасовага милдеттендирилсин.
Ача-Кайыңды айылдык Кеӊешинин төрагасы
К.Керимбаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Правительства КР от 17 марта 2014 года № 145 "О делегировании органам местного самоуправления отдельных государственных полномочий"Постановление · 17.03.2014 · № 145
- Постановление Правительства КР от 19 декабря 2014 года № 715 "Об утверждении Временной методики расчета объема трансфертов, предоставляемых местным бюджетам из республиканского…Постановление · 19.12.2014 · № 715