Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ленин айылдык кеңешинин «2015-жылдын башында бекитилген айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын 2015- жылга аткарылышы жана социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 2016-жылга бекитүү жана 2017-2018-жылга болжолдуу пландарын бекитүү жөнүндө» токтому
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ленин айылдык Кеңешинин V шайланган кезектеги XXIV отуруму
2016-жылдын 11-февралы № 24/1 2015-жылдын башында бекитилген айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын 2015- жылга аткарылышы жана социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 2016-жылга бекитүү жана 2017-2018-жылга болжолдуу пландарын бекитүү жөнүндө 2015-жылдын башында бекитилген айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын аткарылышы жана социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 2016-жылга планын жана 2017-2018-жылдарга болжолдуу пландарын бекитүү боюнча Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Исираиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ленин айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын башында бекитилген айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын 2015- жылга аткарылышы боюнча Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Исираиловдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Ленин айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планы 2016-жылга жана 2017-2018-жылдарга болжолдуу пландары бекитилсин.
3. 2016-жылга бекитилген айыл өкмөтүнүн социалдык -экономикалык планын жана 2017-2018-жылдарга болжолдуу пландарын ишке ашыруу боюнча уюштуруучулук иштерди жакшыртуу айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчыс Ж.Исираиловко милдеттендирилсин.
Ленин айылдык Кеӊешинин төрагасы
А. Жоробеков
2015-жылдын башында бекитилген айыл өкмөтүнүн социалдык- экономикалык өнүгүү
пландарынын 2015-жылга аткарылышы жөнүндө
Ленин айыл өкмөтү 4 айылдан: Согонду, Мурдаш, Кун-Элек, Гагарин айылдарынан турат. Айыл өкмөтүнүн аймагында 3 орто, 1 баштооч мектеп, 3 китепкана, 3 ФАП, 1 үй бүлөөлүк дарыгерлер тобу, 2 балдар бакчасы, 1 клуб, 1 актовый зал, 1 почта, 3 мончо 4 мечит , 2 ветеринардык тейлөө, 2 пилорама жана жеке менчик дүкөндөр бар. 2015-жылдын 31-декабрына карата айыл өкмөтү боюнча кожолуктун саны 1839 ,калктын саны 7302 .Ленин айыл өкмөтүнүн 2015-жыл ичинде социалдык- экономикалык өнүгүү программасы 1 жылга пландаштырылып 31-декабрына карата төмөндөгүдөй иштер аткарылды: Жогорку органдардан келип түшкөн жана кабыл алынган токтомдор, буйруктар өз мөөнөтүндө катталып, аткарууга тийиштүү кызматкерлерге жеткирилип жана аткарылышы камсыз кылынды. 2015-жылдын 31-декабрына карата жогорку органдардан 275 кат жана 178 токтом, буйруктар келген. Айыл өкмөтүнүн отурумунда, айылдык кенештин отурумундарда түрдүү маселелер каралып мыйзам чегинде чечилди. Ленин айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин жылдык, айлык иш-пландары түзүлгөн.Түзүлгөн иш-пландардын негизинде иш алып барылды. Айыл өкмөтүнө жазуу иретинде 99 арыз катталып, өз мөөнөтүндө чечилип арыз ээлерине жооп берилди.Алардын көпчүлүгү жер маселеси боюнча түшкөн. Бүгүнкү күндө Согонду, Күн-Элек, Мурдаш ,Гагарин айылдарында элдик жыйындар 19 жолу өткөрүлдү.Көтөрүлгөн маселелер айыл өкмөтүнүн денгээлинде чечилди. Бош муниципалдык кызмат ордуна 4 (төрт) кызматкер конкурстун негизинде кабыл алынды. ( Согонду айылынын айыл башчысы, ВУС, Ветеринардык тейлөө боюнча жетектөөчү адис, маалымат алмашуу жана коммуникациялар боюнча адис). Айыл өкмөтүндө иштеп жаткан жаш адистерге ынгайлуу шарттарды түзүү максатында аппарат кызматкерлерине 80,0мин сомдук офистик мебель, 60,0 мин сомдук компьютердик жабдыктар алынып берилди. Жарандык абалдын актыларын каттоодо төрөлгөндүгү жөнүндө 199 ,өлгөндугү жөнүндө 34, никелешүү жөнүндө 68 адам катталган . Аткарылган иштер. Согонду айылына жалпы сметалык баасы 19 млн сомдук спорт комплекси бүгүнкү күндө “Гигаком” ишканасы тарабынан курулуш иштери жүрүп жатат. Курулуш иштеринде айыл аймагынын 12 тургуну иш менен камсыз болду. Согонду айылынын тургундарын таза суу менен камсыз кылууда долбоор жазылып өткөрүлүп, 4 млн 400 миң акча каражаты бөлүнүп берилген. Азыркы мезгилде курулуш иштери жүрүп жатат. Согонду айылдык маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 410 миң сом бөлүнүп берилип, бүткөрүлдү. Мурдаш айылынын Кызыл – Булак жана Ак-боор участкаларынын тургундарын таза суу менен камсыз кылуу үчүн 5 млн 946 миң 613 сомдук доолбор өткөрүлүп, бүгүнкү күндө 1млн сомдук жумуш аткарылды , акча каражаты жоктугунан курулуш иштери токтоп турат. Жергиликтүү бюджеттен ремонт иштерине Согонду айылындагы китепканага 6 мин 800 сом, Мурдаш айылындагы китепканага 9 миң сом, Күң-Элек айылындагы китепканага 7 миң сом бөлүнүп актоо, сырдоо иштери жасалды. Күң-Элек айлындагы С. Карыев атындагы орто мектебине 19520 сом республикалык бюджеттен бөлүнүп берилип, ремонт иштери жасалды жана жаңы мектептин курулушуна 37.771 млн сомдук долбоор жазылып өткөрүлүп , тендерден ОсОО “Главстрой” ишканасы утуп , 5.5 млн сомдук жумуш жасалды, бүгүнкү күндө акча каражаты жоктугунан курулуш иштери токтоп турат. Демөөрчүлөр жана элдин салымдары менен Күн-Элек айылына мечит курулуп пайдаланууга берилди. 20 жылдык бүтүрүүчүлөр тарабынан Согонду айылындагы Б. Арзиева атындагы балдар бакчасына баруучу жолго 35 миң сомдук тепкич бүткөрүлдү. Күң-Элек айылына демөөрчүлөр тарабынан күрөш залына 117 миң сомдук инвентарлар алынып берилди. Гагарин айылына демөөрчүлөр тарабынан 68 миң сомдук борбордук көчөнү жарыктандыруу үчүн электр лампалары орнотулду. Айыл өкмөтүнүн административдик имаратынын чатырын жана 11 даана терезелерин алмаштыруу жана майда ички ремонт жасоо үчүн 213 миң сом акча каражаты жумшалып, бүткөрүлдү. Согонду айылындагы С. Жаанбаев атындагы орто мектебинин куюн алып кеткен чатырын алмаштырууга ӨКМ тарабынан 541 миң сом, жеке ишкер Бердибай Примов тарабынан 100 миң сом акча каражаты берилип чатыры жабылды. Гагарин айылында 410 метр дамба жана Мурдаш айылынын Кызыл-булак участкасынын 650 метр жерге шагыл төгүлдү. ӨКМ тарабынан 355 миң сом акча каражаты жумшалды. ӨКМ тарабынан 500 литр солярка алынып берилип Согонду, Ак-Ойдун жолдору тазаланды.
С. Жаанбаев жана А. Жээнбеков атындагы орто мектептерге БУУнун азык-түлүк программасы тарабынан 10000 долларлык ысык тамак берүү үчүн инвентарлар алынып берилди.
Айыл өкмөтүнө Кыргыз Телеком ишканасы тарабынан 100 миң сомго интернет байланышы коюлуп, пайдаланууга берилди. Кайра бөлүштүрүү фондунун 28 гектар жер 24 атуулга келишимдик негизинде пайдаланууга берилди. Ижара акысы план боюнча 56 миң сом болсо, аткарылганы 60 миң 800 сомго аткарылды. САЛЫК. 2015-жылдын 31-декабрына жергиликтүү бюджетине салык жыйноо боюнча 1593,3 мин сомго план белгиленип, 2279,5 сомго аткарылды башкача айтканда 143% ашыкча аткаруу менен төмөндөгүдөй көрсөткүчкө ээ болду.
Аталышы
Жылдык план
Факт
Процент
Юридикалык жер салыгы
24,4
24.8
124
Не с.х жер салыгы
20,0
25,1
125
Физикалык жер салыгы
124,0
129,3
100,2
Кыймылсыз мүлк салыгы
5,8
5,9
102
Транспорт салыгы
190,0
203,4
107
Патенттик төлөм
46,1
61,2
132
2.5% сатуудан түшкон салык
13,0
44,7
339
Подоход салыгы
581,0
632,3
109
ФПС арендасы
56,0
60,8
108
Аренда жайыт
66,7
72,0
108
Аренда муниципалдык менчик
5,0
5,7
114
Госпошлина
20,0
23,9
119
Жазана салыгы
.1,0
3,1
310
Калкка кызмат көрсөтүү(балдар бакчасы)
496,5
494,9
100
Калктуу конуштагы жер арендасы
106,1
0
0
Лицензия кармап туруу үчүн салык
480,0
491,3
102
Жалпы жыйынтык
1778,9
1783,9
103
МАЛ ЧАРБАСЫ: 2015-жылдын 1-январына карата малдын башы: ири мүйүздүү мал 2148 баш анын ичинен саан уй- 1049 баш, 1055 -баш жылкы. 10347- баш кой анын ичинен 8002 -тубар кой, 1802- эчки: анын ичинен тубары 1460; бал челек 377 жана канатуулардын башы 3849га жетти .ал эми мал чарбасынан өндүрүлгөн подукция эт өндүрүү 928,5 тонна, сүт-219,7 тонна , жумуртка 267,2 мин даана, жүн 46,0 тонна өндүрүлдү. Социалдык тейлөө боюнча Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы 4-айылда бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 19-апрелиндеги № 216 “Кыргыз Республикасындагы аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө социалдык паспортторду толтурууну киргизүү” жөнүндөгү токтомунун негизинде 1207 кожолукка үй бүлөөнүн социалдык паспорту толтурулган . Толтурулган социалдык паспорттордун негизинде 1-айлык кирешеси жана башына 0-705 сомго чейинки колдоого муктаж үй-бүлөөлөрдун саны 494 , кирешеси 705-1354,1 сомго чейинки колдоого муктаж үй-бүлөөлөрдун саны 315, кирешеси 1354,1-2314 сомго чейинки жакыр үй бүлөөлөрдүн саны 238 болду. Жалпы жакыр үй-бүлөөлөрдүн саны 1052 -үй бүлөөнү түзүп, айыл өкмөтүндөгү жакырчылыктын денгээли 61,4 пайыз болду. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы колдоого муктаж кыйынчылыкка дуушар болгон калктын социалдык катмарын терен анализдөө жана социалдык паспортторду толтуруу иштери менен биргеликте мамлекеттик жөлөк пулдардын чегерилиши, пенсия, пособиялардын өз убагында берилиши ошондой эле женилдик алуучу атуулдарга женилдиктерди өз мезгилинде мыйзам чегинде жеткирилиши дайыма көзөмөлдөнүп турулат. Айыл өкмөтү боюнча бүгүнкү күнгө 185 мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар , 927 пенсионер жана 499 мамлекеттик жөлөк пул алуучулар бар. Андан сырткары женилдик алуучу ар түрдүү категориядагы 14 атуулубуз бар жана 12 жалгыз бой карыяларыбыз бар. Аларды социалдык жактан коргоо айыл өкмөтүнүн башкы иш-аракети болуп саналып , бир катар колдоолор көрсөтүлүп жатат. Жалгыз бой карыяларыбыз мектептеги “Манас”, “Семетей ” уюмдарына шефтикке бекитилип берилген.Алар жазгы талаа иштерине жер участокторун иштетүүгө , күнүмдүк тиричиликтерине жардамдарды берип турушат. Айыл өкмөтү боюнча 17 жашка чейинки балдардын саны 2686. Анын ичинен 1621 бала мектеп окуучулары болсо, 150 бала балдар бакчасынын тарбияланычуулары. Балдардын церебралдык шал оорусу менен ооруган балдардын саны 5, мындан сырткары түрдү оорунун айынын мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны 27 баланы түзөт. 15-февраль –Афганчылар күнүнө карата Ленин айыл өкмөтүндө жашаган 2 афган согушунун катышуучулары Маманов Бекмаматка -3000сом , Балтабаев Нурпазылга -3000 сом жалпы айыл өкмөтүнүн бюджетинен 6000 сом акча каражаты бөлүндү. 8-Март –Аялдардын эл аралык күнүнө карата жергиликтүү бюджеттен 8000 сом акча каражаты бөлүнүп, айыл өкмөтүнүн аймагындагы татыктуу 40 аялга белектер берилди жана концерттик программа көрсөтүлдү.Райондо өтүлгөн майрамдык салтанатка айыл өкмөтүнөн 10 алдынкы аял барып катышып ,Улан Примовдун демөөрчүлүгү менен даярдалган белектерди алып келишти. 21-Март Нооруз элдик майрамына карата бюджеттен 30,0 сом акча каражаты болунуп, айыл окмот боюнча С.Жаанбаев атындагы мектеп аянтчасына Нооруз майрамы концерттик программа менен коштолуп , дасторкон ажары жарманкеси, күрөш,эниш,бука тартыш,аркан тартыш ,улак тартыш ж.б.кыргыздын улуттук оюндары өткөрүлдү. Натыйжада Мурдаш айылынын тургундары 1-даражадагы диплом, Согонду айылынын тургундары 2-даражадагы диплом, Кун-Элек жана Гагарин айылынын тургундары 3-даражадагы диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Райондо өткөн спорттук оюндар боюнча мелдеште волейбол оюну боюнча Ленин айыл өкмөтүнөн барган аялдар жана эркектер командалары 1-орунду камсыз кылышты. 9-Май Улуу Жеништин 70 жылдыгын майрамдоого жана даярдык көрүү боюнча Ленин айыл өкмөтүнүн аймагында Улуу Ата Мекендик согуштун 2 катышуучусу бар. Тылда кызмат кылгандардын саны -8. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен Маманов Арынга -5000 сом, Абиев Ымынапазга -5000 сом, жалпы 10000 сом акча каражаты материалдык колдоо катары бөлүнүп берилди. Согуштун катышуучусу Мурдаш айылынын тургуну Абиев Ымынапазга А.Жээнбеков атындагы орто мектебинен 6-класстын окуучулары шефтикке бекитилип берилген.Согонду айылынын тургуну Маманов Арынга С.Жаанбаев атындагы орто мектебинен 7-а класстын окуучулары щефтикке бекитилип берилген.Щефтикке берилген жогорудагы класстын окуучулары согуш ардагерлеринин үйүнө мезгил-мезгили менен барып, огороддорун тазалоо, айланасын көрктөндүрүү ж.б. жумуштарына жакындан жардам берип турушат. ГСВ, ФАП кызматкерлери тез-тез үйлөрүнө барып, кан басымын өлчөө менен ай сайын келген рецепт менен керектүү дары-дармектерин өз убагында берип турушат. Ардагерлер ЦСМ тарабынан берилген аптечка менен камсыз болушту. Ошондой эле айыл өкмөтүнүн аймагындагы согуштан кайтпай калган жоокерлердин эстеликтерин тазалоо, ондоп- сырдоо ,айланасын көрктөндүрүү жана иретке келтирүү иштери жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 23-апрелиндеги «Кыргыз Республикасынын аймагында «Энелер күнүн белгилөө» жөнүндөгү № 93 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасында майдын үчүнчү жекшембиси Энелер күнү деп белгиленгендигине байланыштуу жана Алай райондук мамлекеттик админстрациясынын 06.05.2015-жылдагы № 83 буйругун Ленин айыл өкмөтүндө турмушка ашыруу максатында айыл өкмөтүнүн 13.05.2015-жылдагы № 56 буйругу чыгып иш-чаралар түзүлдү. Иш-чаранын негизинде энелер күнүн өткөрүү жогорку денгээлде уюштурулуп, энелерге кам көрүү жумалыгы 11-майдан 19-майга чейин белгиленди. Кыргыз элинде энени урматтоо коомду өнүктүрүүдөгү маанилүү ролун таануу салтын улап Ленин айыл өкмөтүндө Энелер күнүн майрамдоо 2015-жылдын 15-майында өткөрүлдү. Майрамга жергиликтүү бюджеттен 5000(беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп, айыл өкмөтүнүн эн алдынкы татыктуу 30 энеге белек-бечкектер таркатуу менен концерттик программа уюштурулду. 1-июнь- Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Алай райондук мамлекеттик админстрациясынын 29-май 2015-жылдагы № 111 буйругун жетекчиликке алып, Ленин айыл өкмөтүнүн 29.05. 2015-жылдагы № 75 буйругу чыгып, уюштуруу тобунун курамы түзүлүп, иш-чаралардын планы бекитилди. Иш-чаранын негизинде бир топ иштер аткарылды. 1-июнь -Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Согонду айылындагы Б.Арзиева атындагы, Мурдаш айылындагы «Жоогазын» балдар бакчаларында ата-энелердин, айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин катышуусу менен концерттик программа тартууланды жана айыл өкмөтү тарабынан 150 балага 4000 сомдук белектер берилди. Мындан сырткары жеке ишкер Сүйүнбаев Бөрүбайдын демөөрчүлүгү менен бакчадагы тарбияланып жаткан балдарга жана майрамдык салтанатка келген балдарга китептер жана кийим- кечелер таркатылды. 2010-жылдын июнь айындагы коогаландуу окуялардын 5 жылдыгына карата Ош окуясында каза болгон жарандардын жакындарына :
1.Мыкыев Жеңишбекке-500 сом
2. Ажиев Аскербекке-500 сом ,жалпы 1000сом айыл өкмөтүнүн бюджетинен жардам катары берилди.
Ленин айыл өкмөтүнун бюджетинен Мурдаш айылынын тургуну II топтогу майып Төрөбекова Жумагүлгө 1000 (бир миң) сом акча каражаты, Мурдаш айылынын тургуну аз камсыз үй-бүлөө Субанова Зуурага 1000 (бир миң) сом акча каражаты , Афган согушунун ардагери Мурдаш айылынын тургуну Балтабаев Нурпазылга 3000 сом акча каражаты материалдык жардам катары берилди. 1-октябрь –Улгайгандардын күнүнө карата улгайгандарды колдоо максатында бюджеттен 10000 (он мин) сом акча каражаты бөлүндү.80 жаштан жогорку 34 карыяга белек-бечкектер берилди. 2015-жылга Ленин айыл өкмөтүндө кышка карата даярдык боюнча аз камсыз үй-бүлөөлөргө, майыптарга жана жалгыз бойлорго Мурдаш айылынын тургуну жеке ишкер Субанов Абжапар тарабынан 10 жалгыз бой , 183 майып жана 87 аз камсыз бардыгы 280 үй-бүлөөгө ар бирине 428 кгдан жалпы 120 тонна көмүр таркатылып берилди. Ошондой эле 3-декабрь-Бүткүл дүйнөлүк майыптар күнүнө карата айыл өкмөтүндөгү мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга колдоо көрсөтүү боюнча 2015-жылдын 16- ноябрынан 16-декабрына чейин бир айлык жарыяланды жана мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга материалдык жактан колдоо көрсөтүү үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен сметага ылайык 7000 (жети миң) сом акча каражаты бөлүнүп, айыл өкмөтүнө өзгөчө муктаждыгы бар мүмкүнчүлүгү чектелген атуулдар чакырылып салтанаттуу жыйын өттү. Салтанатта өзгөчө муктаждыгы бар мүмкүнчүлүгү чектелген 38 атуулга белек-бечкектер тапшырылып, концерттик программа тартууланды. 2015-жылга Ленин айыл өкмөтүндө кышка карата аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө,майыптарга жана жалгыз бойлорго Мурдаш айылынын тургуну жеке ишкер Субанов Абжапар тарабынан 10 жалгыз бой , 183 майып жана 87 аз камсыз бардыгы 280 үй-бүлөөгө ар бирине 428 кгдан жалпы 120 тонна көмүр таркатылып берилди. Жеке ишкер Б.Примов тарабынан аз камсыз үй-бүлөө жана жалгыз бойлорго жана майыптарга жалпы айыл өкмөтү боюнча 63 үй-бүлөөгө ар бирине 365 кгдан жалпы 23 тонна көмүр таркатылды. Турмуштун оор кырдаалына кабылган Ленин айыл өкмөтүнүн Күң-Элек айылынын тургуну , жалгыз бой эне Матмусаева Тургунайымга айыл өкмөтү уюштуруу иштерин жүргүзүп, кыш мезгилинде 3 айлык наристеси менен бараар жери жок эне , учурда Кун-Элек айылында бирөөнүн малын карап ,тиричилигин өткөрүп жаткан агасы Матмусаев Жумабайдын үйүнө убактылуу жайгаштырылды. Күң-Элек айылынын тургундары отун суу жагынан жардам беришти. Айыл өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо боюнча адиси тарабынан жөлөк пул алуу үчүн документтери топтолуп , такталып, даярдалып райондук өнүгүү башкармалыгына тапшырылып, жөлөк пул чегерилип берилди. 31-декабрь Жаны Жыл майрамына карата айыл өкмөтүнүн бюджетинен 25000 сом акча каражаты бөлүнүп, Алай райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулган акимдин “Жаны Жылдык балатысына “айыл өкмөтүнөн жалпы 13200 сом бөлүнүп , 20 окуучунун жол киреси төлөнүп мындан сырткары ар бирине 660 сомдук белектер берилди . 6800 сом мектеп окуучуларынын алдынкыларына сыйлык катары ар бирине 100 сомдон 68 окуучуга стипендия катары берилди. Балдар бакчаларында тарбияланып жаткан 150 балага жаны жылдык белектер таратылды,суммасы 5000 түздү. Бүткүл Дүйнөлүк Азык -Түлук программасынын алкагында Ленин айыл өкмөтүнүн айылдарынын 18.7 км ички жолдоруна шагыл төшөлүп, жумушка тартылган атуулдарга 110 тонна ун, май таркатылып берилди. Жайыт комитети план боюнча 150 миң сом бекителген . План толугу менен аткарылды. Ветеринария. Айыл өкмөтүндө малдарды эмдөөлөр өз убагында жүргүзүлүүдө,ири мүйүздүү 125 баш малдын шарп оорусуна ,160 баш малга кара санга каршы атайын вакциналар берилди, ит атуу боюнча айыл өкмөтү тарабынан 65,0 сом акча бөлүнүп, 119 ит жана 6 мышык атылды. Согонду, Күң-Элек Гагарин жана Мурдаш айылдарында 7600 баш кой-эчкилерге көздөрүнө дары тамчылатылды. Сибир кулгунасына 9500 дозалык даары келип, 8500 дозалык даары иштетилди.Оспага каршы 6955 кой эмделди. Брузеллозго каршы 7600 баш кой-эчки эмделди. Азинокс 3300 доза даары менен 1194 иттерге даары берилди. ВУС. Ленин айыл өкмөтүндө учотко турган атуулдардын саны -96 Учеттон чыкандар -87 4 бала аскердик кызмат өтөөгө кетти. 2000-жылы туулган 40 бала аскер комиссариатынан атайын ден соолугу боюнча комиссиядан өткөрүлдү. Альтернативдик службада 104 бала анын ичинен 12 бала аскердик билеттерин алышты. План 780миң сом болсо аткарылганы 813 680 сомду түздү башкача айтканда 104,3 пайызга аткарылды.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 19 апреля 2000 года №216 "О введении в Кыргызской Республике социальных паспортов малоимущих семей"Постановление · 19.04.2000 · № 216