Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кызыл-Кыя шааардык кенешинин 2011 -жылдын 4-февралындагы №19/116 «Кызыл-Кыя шаарынын “Положение о проведении открытых конкурсов на определение автоперевозчика для обслуживания пассажиров на маршрутах” (Жобону) бекитүү, шаардын “Айбек базары” ЖЧК айланасындагы айрым соода түйүндөрүн башка жерлерге жылдыруу жана Асаналиев, Молодежная көчөлөрүнүн аймагына парковкалануучу автоунааларды иретке келтирүү жөнүндө « токтому
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 4-февралы №19/116 Кызыл-Кыя шаарынын “Положение о проведении открытых конкурсов на определение автоперевозчика для обслуживания пассажиров на маршрутах” (Жобону) бекитүү, шаардын “Айбек базары” ЖЧК айланасындагы айрым соода түйүндөрүн башка жерлерге жылдыруу жана Асаналиев, Молодежная көчөлөрүнүн аймагына парковкалануучу автоунааларды иретке келтирүү жөнүндө Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Кызыл-Кыя шаарынын аймагында жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаалардын айдоочулары тарабынан калкка кызмат көрсөтүүлөрдү иретке келтирүү, алар тарабынан социалдык фондко чегерүүлөрдү жана жергиликтүү бюджетке салыктарды төлөөнү камсыз кылуу максатында, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-майындагы №217 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министирлигинин 2001-жылдын 3-июлундагы №204-буйругуна негиз, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча департаментине (А.Эрматовко) 2011-жылдын 1-мартына чеийинки мөөнөттө жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаалар (таксилер) токтоочу жайларды, маршруттарды (каттамдарды) аныктоо жагы жүктөлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-майындагы №217 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министирлигинин 2001-жылдын 3-июлундагы №204-буйругуна ылайык түзүлгөн “Положение о проведении открытых конкурсов на определение автоперевозчика для обслуживания пассажиров на маршрутах” (Жобо) Кызыл-Кыя шаарынын шартында пайдаланууга ынгайлаштырылып бекитилсин жана ачык конкурсту уюштуруу Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча департаментине милдеттендирилсин.
3. Кызыл-Кыя шаарынын “Айбек базары” ЖЧКнун айланасындагы айрым соода түйүндөрүн элге ынгайлуу жерлерге жылдыруу жана мыйзамсыз орнотулган соода түйүндөрүн алдыруу боюнча жумушчу комиссиянын справкасы бекитилсин жана аны аткаруу шаардын аткаруу бийлиги-мэриясына милдеттендирилсин.
4. Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев жана Молодежная көчөлөрүнүн аймагында жол кыймылынын коопсуздугунун камсыз кылуу жана ал көчөлөрдө парковкалануучу автоунааларды иретке келтирүү максатында шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы иштеп чыккан автоунааларды автостоянкаларга жайгаштыруу схемасы бекитилсин жана бекитилген схемага ылайык автоунаалар автостоянкаларга, коопсуз жерлерге жайгаштырылсын. Бекитилген схемага ылайык автоуналарды автостоянкаларга, коопсуз жерлерге жайгаштырууну камсыз кылуу жана көзөмөлдөө жагы шаардык ички иштер бөлүмүнүн жол коопсуздугун көзөмөлдөө (ЖКК) бөлүмчөсүнө тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча жана коммуналдык объектер, менчик, мүлк жана архитектура, курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык кеӊешинин төрагасы
М.Эранов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Правительства КР от 8 мая 2001 года №217 "О мерах по улучшению организации пассажирских перевозок автомобильным транспортом в Кыргызской Республике"Постановление · 08.05.2001 · № 217 · Утратил силу
- Приказ Министерства транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики от 3 июля 2001 года N 204 "Об утверждении Правил организации пассажирских перевозок автомобильным транспортом…Приказ · 03.07.2001 · № 204 · Утратил силу