# Оро айылдык кеңешинин 2015-жылдын 2-июнундагы № 02 "Оро айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмүн жана штаттык тизимин өзгөртүү менен бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Оро айылдык кеңешинин 2015-жылдын 2-июнундагы № 02 "Оро айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмүн жана штаттык тизимин өзгөртүү менен бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 02
- Дата принятия: 02.06.2015
- Статус: Действует
- Редакция от: 02.06.2015
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/252092>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-30192/edition/698955/ru>

> Текст приведён по редакции от 02.06.2015 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Оро айылдык кеңешинин 2015-жылдын 2-июнундагы № 02 "Оро айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмүн жана штаттык тизимин өзгөртүү менен бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 02.06.2015) - https://aqlex.ai/kg/doc/252092

---

ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Оро айылдык Кеңешинин 9 чакырылышынын 23 сессиясы

2015-жылдын 2-июну № 02 Оро айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмүн жана штаттык тизимин өзгөртүү менен бекитүү жөнүндө Оро айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги 23-сессиясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.06.2013-ж. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.08.2011-ж. № 451 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” № 403 токтомун жетекчиликке алып жана Оро айыл өкмөтүндөгү штаттык тизимди бекитүү жөнүндө ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.06.2013-ж № 403 токтомунун негизинде айыл өкмөтүндө калктын саны 5(беш) миңден ашкандыгына байланыштуу 10(он) штаттык тизими бекитилсин жана төмөндөгүдөй кызмат орундары белгиленсин.

2. Штаттык тизимдин негизинде айыл өкмөт башчысы, жооптуу катчы жана бөлүм башчыдан сырткары үч башкы адис кызмат орду, эки жетектөөчү адиси жана эки адис кызмат орду бекитилсин.

3. Жогоруда аталган штаттык тизимге ылайык;

-айыл өкмөт башчысы;

- жооптуу катчы;

-каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы; -.башкы адис - жер, турак жай, коммуналдык маселелер боюнча жана ӨК боюнча - башкы адис - соц. жактан коргоо боюнча; -башкы адис- киреше боюнча

- жетектөөчү адис – киреше боюнча жетектөөчү адиси

- жетектөөчү адис – чыгымдар- кассир бухгалтер жана экономист-статистика боюнча;

-адис- иш-кагаздарын жүргүзүү боюнча;

- адис- мал чарбасы жана ветеринария боюнча

4. штаттык бирдик каралган токтомдун 2-жылдызчасын жетекчиликке алып айыл өкмөтүндө жетектөөчү адистин эмгек маянасы менен айыл башчысы кызмат орду калтырылсын.

- 1-май айылынын айыл башчысы-жетектөөчү адиси

- Жонкоргон айылынын айыл башчысы- жетектөөчү адиси

5. штаттык бирдик каралган токтомдун 4-жылдызчасын жетекчиликке алып, аскерге милдеттүүлөрдүн саны 300дөн ашык болгондуктан, адистин эмгек маянасы менен эки аскердик эсеп столунун инспектору кызмат орду калтырылсын.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Сураповго жүктөлсүн.

Оро айылдык Кеӊешинин төрагасы

Б. Акматов
