# Түгөл-Сай айылдык кеңешинин 2013-жылдын 23-мартындагы № 1 "Н.Нусубалиеванын депутаттык мандатын калыбына келтирүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Түгөл-Сай айылдык кеңешинин 2013-жылдын 23-мартындагы № 1 "Н.Нусубалиеванын депутаттык мандатын калыбына келтирүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1
- Дата принятия: 23.03.2013
- Статус: Действует
- Редакция от: 23.03.2013
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/251802>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-29902/edition/691769/ru>

> Текст приведён по редакции от 23.03.2013 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Түгөл-Сай айылдык кеңешинин 2013-жылдын 23-мартындагы № 1 "Н.Нусубалиеванын депутаттык мандатын калыбына келтирүү жөнүндө" токтому (ред. от 23.03.2013) - https://aqlex.ai/kg/doc/251802

---

ТҮГӨЛ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Түгөл-Сай айылдык Кеңешинин X сессиясы

2013-жылдын 23-марты № 1

Н.Нусубалиеванын депутаттык мандатын калыбына келтирүү жөнүндө

«Түгөл-Сай айылдык Кеңешинин депутатынын бош мандатын ээлөө жөнүндө» Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 10-декабрындагы №70 протоколун жокко чыгаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 11-мартындагы №34 жана 12-марттагы №35 токтомунун негизинде Түгөл-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нусубалиева Нурбүбүнүн жазган арызын карап көрүп, текшерилип, арыз канаттандырылып 2012-жыл 7-декабрдагы туура эмес чыгарылган №6 токтом жокко чыгарылып Нусубалиева Нурбүбүнүн кайрадан депутаттык ыйгарым укугу жана мандаты калыбына келтирилсин.

2. Борбордук шайлоо комиссиясынын 2013-жыл 12-марттагы №35 Токтомунун негизинде 2013-жылдын 29-январындагы Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө №1 протокол жокко чыгарылсын.

3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, жумгал.кж. веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын контролдоо айыл аймагынын айылдык кеңешинин секретарияты М.Сапаровага жүктөлсүн.

Түгөл-Сай айылдык Кеӊешинин төрайымы

Б. Касымалиева
