# Бүргөндү айылдык кеңешинин 2015-жылдын 7-апрелиндеги № 32 "Бүргөндү айыл Өкмөтүндө айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Бүргөндү айылдык кеңешинин 2015-жылдын 7-апрелиндеги № 32 "Бүргөндү айыл Өкмөтүндө айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 32
- Дата принятия: 07.04.2015
- Статус: Действует
- Редакция от: 07.04.2015
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/251614>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-29724/edition/688353/ru>

> Текст приведён по редакции от 07.04.2015 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Бүргөндү айылдык кеңешинин 2015-жылдын 7-апрелиндеги № 32 "Бүргөндү айыл Өкмөтүндө айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 07.04.2015) - https://aqlex.ai/kg/doc/251614

---

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XX сессиясы

2015-жылдын 7-апрели № 32 Бүргөндү айыл Өкмөтүндө айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкаларын бекитүү жөнүндө

Бүргөндү айыл Өкмөтүндө айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкаларына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын XX –сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мамлекеттик салык кызматынын Ноокен району боюнча башкармалыгынын 2015-жылдын 17-мартындагы № 040/15/05-1/1155 сандуу каты эске алынсын.

2. “2014-жылдын 31-декабрындагы №182 Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”мыйзамы менен Салык кодексинин 337-беренесинин 6-пунктунда көрсөтүлгөндөй салык төлөмдөрүнүн базалык ставкалары озгортүүгө ылайык бекитилсин.

3. Айыл Өкмөттүн аймагында айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкаларынын бекитилишне карап салык төлөмдөрүн жыйноо айыл Өкмөтүнүн башкы салыкчысы А.Каракожоевке милдеттендирилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы айыл Өкмөттүн башчысы Э.Маматаевке жана айылдык кеңешинин бюджет жана финансы ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.

Бүргөндү айылдык Кеӊешинин төрагасы

К. Осконбаев
