Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Бүргөндү айылдык кеңешинин «Бүргөндү айыл Өкмөтүндө айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкаларын бекитүү жөнүндө» токтому
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2015-жылдын 7-апрели № 32 Бүргөндү айыл Өкмөтүндө айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкаларын бекитүү жөнүндө
Бүргөндү айыл Өкмөтүндө айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкаларына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын XX –сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик салык кызматынын Ноокен району боюнча башкармалыгынын 2015-жылдын 17-мартындагы № 040/15/05-1/1155 сандуу каты эске алынсын.
2. “2014-жылдын 31-декабрындагы №182 Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”мыйзамы менен Салык кодексинин 337-беренесинин 6-пунктунда көрсөтүлгөндөй салык төлөмдөрүнүн базалык ставкалары озгортүүгө ылайык бекитилсин.
3. Айыл Өкмөттүн аймагында айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкаларынын бекитилишне карап салык төлөмдөрүн жыйноо айыл Өкмөтүнүн башкы салыкчысы А.Каракожоевке милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы айыл Өкмөттүн башчысы Э.Маматаевке жана айылдык кеңешинин бюджет жана финансы ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык Кеӊешинин төрагасы
К. Осконбаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Закон «О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики»Закон · 31.12.2014 · № 182 · Утратил силу