Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ак-Кудук айылдык кенешинин «Ак-Кудук айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын, айылдык Кеңешинин Регламентин, айыл өкмөтү жөнүндө Жобосун бекитүү жөнүндө» токтому
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Кудук айылдык кеңешинин ХХIII-сессиясы
2012-жылдын 27-июну № 3 Ак-Кудук айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын, айылдык Кеңешинин Регламентин, айыл өкмөтү жөнүндө Жобосун бекитүү жөнүндө Нарын районунун Ак-Кудук айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын, Ак-Кудук айылдык Кещешинин, Ак-Кудук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн уюштуруу документтерин мыйзам талаптарына ылайык келтирөүү максатында Нарын облусунун Юстиция башкармалыгы менен түзүлгүн меморандумун жана депутаттардын сунуштарын эске алып, Ак-Кудук айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кудук айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин;
2. Ак-Кудук айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы облустук жана (же) райондук массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана жарыяланган күндөн баштап иш жүзүнө ашырылсын;
3. Ак-Кудук айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндөгү токтому Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 184 Токтому менен бекитилген Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө типтүү Жобосуна ылайык Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жиберилсин;
4. Ак-Кудук айылдык Кеңешинин Регламенти Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык бекитилсин.
5. Ак-Кудук айылдык Кеңеши мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
6. Ак-Кудук айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө Жобосу Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык бекитилсин.
7. Ак-Кудук айыл аймагынын айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Черткиевге жүктөлсүн.
9. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле Ак-Кудук айылдык Кеңешин мамлекеттик каттоо, Ак-Кудук айыл аймагынын айыл өкмөтүн мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана, мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Ак-Кудук айылдык кеңештин төрагасы
З. Алдакеев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 1 · связанные 1
Цитируется в (1)
- Ак-Кудук айылдык кенешинин (2012-жылдын 27-июнундагы №3 токтому менен бекитилген) УставыУстав · 27.06.2012 · № 3
Ссылается на (1)
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · Утратил силу