# Төө-Моюн айылдык кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы № XХII-5 "Төө-Моюн айыл окмотүнүн алдындагы социалдык маселелер боюнча комиссиясы жөнүндөгү Жобонун долбоору жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Төө-Моюн айылдык кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы № XХII-5 "Төө-Моюн айыл окмотүнүн алдындагы социалдык маселелер боюнча комиссиясы жөнүндөгү Жобонун долбоору жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: XХII-5
- Дата принятия: 19.11.2014
- Статус: Действует
- Редакция от: 19.11.2014
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/251006>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-29117/edition/687087/ru>

> Текст приведён по редакции от 19.11.2014 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Төө-Моюн айылдык кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы № XХII-5 "Төө-Моюн айыл окмотүнүн алдындагы социалдык маселелер боюнча комиссиясы жөнүндөгү Жобонун долбоору жөнүндө" токтому (ред. от 19.11.2014) - https://aqlex.ai/kg/doc/251006

---

ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Төө-Моюн айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXII сессиясы

2014-жылдын 19-ноябры № XХII-5 Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн алдындагы социалдык маселелер боюнча комиссиясы жөнүндөгү Жобонун долбоору жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын орунбасары М.Орозбаевдин маалыматын, сөзгө чыккан депутаттардын сын-пикир, сунуштарын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, Кыргыз Республикасында калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндөгү”, “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөгү” мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Балдар кодексине ылайык айылдык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн алдындагы социалдык маселелер боюнча комиссия (мындан ары комиссия) жөнүндөгү Жобо бекитилсин.(Тирелет).

2. Комиссия өз ишин “Кыргыз Республикасында калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндөгү”, “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөгү” мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Балдар кодексине жана ушул Жобого ылайык жүргүзсүн.

3. Комиссия:

-аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пул алуучуларды аныктоо, гуманитардык жардам алуучулардын тизмесин түзүү жана социалдык жардамдардын башка түрлөрүнө муктаж адамдарды иликтөөдө чындыктуу маалыматтарга таянуу, ошондой эле өз иш аракетинин ачык айкындуулугун камсыз кылсын; -социалдык жардамга муктаж, турмуштук оор кырдаалга кабылган адамдарга муниципалдык жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү маселелери боюнча социалдык жактан коргоо, саламаттыкты сактоо, билим берүү түзүмдөрү менен өз ара тыгыз байланышта аракеттенсин;

- аз камсыз болгон, жардамга муктаж конкретүү үй-бүлөлөрдү кедейликтен чыгаруу боюнча иштерди уюштурсун.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп баруу милдети айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.(Б.Тагаева).

Төө-Моюн айылдык Кеӊешинин төрагасы

А. Кадыров
