Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Төө-Моюн айылдык кеңешинин «Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн алдында калкка кызмат көрсөтүү борборун түзүү жана анын ишмердигинин тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү тууралуу» токтому
ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Төө-Моюн айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXII сессиясы
2014-жылдын 19-ноябры № XХII-2 Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн алдында калкка кызмат көрсөтүү борборун түзүү жана анын ишмердигинин тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү тууралуу Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын орунбасары М.Орозбаевдин маалыматын, сөзгө чыккан депутаттардын сын-пикир жана сунуштарын угуп чыгып, жарандарга муниципалдык жана мамлекеттик сапатуу кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, бюрократизм, ашыкча создуктурууларды болтурбоо, коррупциянын алдын алуу, жарандардын каражатын, убактысын үнөмдөө максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндөгү” мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 198-токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-октябрындагы № 581-токтомунун редакциясына ылайык “Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын Концепциясына негиз айылдык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн алдында калкка көп тармактуу кызмат көрсөтүү борбору түзүлсүн. 2.Калкка кызмат көрсөтүү борборун (мындан ары-Борбор) уюштуруу жана анын ишмердигинин тартиби жөнүндөгү Жобо бекитилсин.
3. Кызмат көрсөтүү борборуна калкка төмөндөгү муниципалдык жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү сунуш кылынсын: . а)Муниципалдык кызмат көрсөтүү боюнча аныктамалардын төмөндөгү түрлөрүн берүү: -үй-бүлөсү жөнүндө; . -жашаган жери жөнүндө; . -карамагындагы мал жандыктары жөнүндө; . -аз камсыз болгон үй-бүлө экендиги жөнүндө; . -каржы мекемелеринен насыя алуу үчүн маалымкаттар; . -жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүүнү жол жоболоштуруу. б) Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн төмөндөгү түрлөрү: . -Жарандык абалдын актыларын каттоо-төрөлгөндөрдү, өлгөндөрдү, никеге тургандарды каттоо; -социалдык коргоо кызматтары-песия, жөлөкпулдарды дайындоо; . -паспортторду берүү; . -альтернативдүү кызматтарды жол жоболоштуруу; . -жер участокторуна, кыймылсыз мүлктөргө укуктарды катоо жана карамагындагы кыймылсыз мүлктөрүнүн катталган же катталбагандыгы жөнүндө аныктамаларды берүү; . -райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан жеке турак жай куруу үчүн жер участогун алган же албагандыгы жөнүндө аныктамаларды берүү; -жарандарда жашаган жери боюнча каттоого алуу жана каттоодон чыгаруу; -нотариалдык кызматтарды көрсөтүү.
4. Айыл өкмөтүнүн башчысы С.Абдуллаев:
- Борбор өз ишмердигин жүргүзүүсү жана жарандарды кабыл алуусу үчүн ылайык келген жана жабдылган өзүнчө каана ажыратып берсин;
- айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин ичинен Борбордун толук кандуу иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жооптуу кызматкер дайындасын жана аны менен материалдык жоопкерлик боюнча келишим түзсүн;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн тизмесиндеги кызматтарды көрсөтүүчү тийиштүү мамлекеттик органдардын түзүмдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзсүн жана Борбордо жарандарды кабыл алуунун графигин макулдашсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларына жүктөлсүн.
Төө-Моюн айылдык Кеӊешинин төрагасы
А. Кадыров
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.