# Төө-Моюн айылдык кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы № XXII-1 "Айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кылмыштуулуктун алдын алуу, коомдук тартипти сактоо, жарандын жана элдин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери, ошондой эле жергиликтүү коомчулук, ЖӨБ органдары менен байланышынын абалы, бул багытта алдыдагы милдеттер тууралуу" токтому

- Полное наименование: Төө-Моюн айылдык кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы № XXII-1 "Айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кылмыштуулуктун алдын алуу, коомдук тартипти сактоо, жарандын жана элдин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери, ошондой эле жергиликтүү коомчулук, ЖӨБ органдары менен байланышынын абалы, бул багытта алдыдагы милдеттер тууралуу" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: XXII-1
- Дата принятия: 19.11.2014
- Статус: Действует
- Редакция от: 19.11.2014
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/251002>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-29113/edition/677188/ru>

> Текст приведён по редакции от 19.11.2014 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Төө-Моюн айылдык кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы № XXII-1 "Айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кылмыштуулуктун алдын алуу, коомдук тартипти сактоо, жарандын жана элдин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери, ошондой эле жергиликтүү коомчулук, ЖӨБ органдары менен байланышынын абалы, бул багытта алдыдагы милдеттер тууралуу" токтому (ред. от 19.11.2014) - https://aqlex.ai/kg/doc/251002

---

ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Төө-Моюн айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXII сессиясы

2014-жылдын 19-ноябры № XXII-1 Айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кылмыштуулуктун алдын алуу, коомдук тартипти сактоо, жарандын жана элдин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери, ошондой эле жергиликтүү коомчулук, ЖӨБ органдары менен байланышынын абалы, бул багытта алдыдагы милдеттер тууралуу Аймактык милиция бөлүмүнүн кылмыштуулуктун алдын алуу, коомдук тартипти сактоо, жарандын жана элдин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери, ошондой эле жергиликтүү коомчулук, ЖӨБ органдары менен байланышынын абалы, бул багыттагы алдыдагы милдеттер тууралуу айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча комиссиянын төрайымы Б.Тагаеванын билдирүүсүн, сөзгө чыккан депутаттардын сын-пикир, сунуштарын угуп жана талкуулап, айыл аймагында укук тартибин чыңдоо максатында Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөгү”, “Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндөгү” мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-июнундагы № 66-Декрети менен бекитилген “Ыктыярдуу элдик кошундар жөнүндөгү”, Кыргыз Республикасыны Өкмөтүнүн 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 231-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын коомдук тартипти сактоо боюнча кошундары жөнүндөгү” Жоболорго негиз айылдык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Аймактык милиция бөлүмүнүн кылмыштуулуктун алдын алуу, коомдук тартипти сактоо, жарандын жана элдин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери, ошондой эле жергиликтүү коомчулук, ЖӨБ органдары менен байланышынын абалы, бул багыттагы алдыдагы милдеттер тууралуу айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча комиссиянын төрайымы Б.Тагаеванын билдирүүсү көңүлгө алынсын.

2. Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкери И.Кадыровдун маалыматы эске алынсын.

3. Аймактык милиция бөлүмү тарабынан жергиликтүү коомчулук,ЖӨБ органдары менен бирдикте кылмыштуулуктун алдын алуу, коомдук тартипти сактоо, жарандын жана элдин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бир топ иштер жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин.

4. Айылдык милиция бөлүмүнө айыл аймагында мыйзамдуулукту чыңдоо, укук бузуулардын алдын алууда мындан ары коомдук алдын алуу борборунун, ыктыярдуу элдик кошуундарынын иштерин координациялоону жандандыруу, аксакалдар соттору, коомдук уюмдар, ЖӨБ органдары менен байланышты чыңдоо менен иш алып баруу зарылдыгы бар экендиги көрсөтүлсүн.

5. Айылдык милиция бөлүмүнө айыл аймагындагы билим берүү уюмдарында, ишкана, мекемелерде мезгил мезгили менен укук тартибин чыңдоо, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүп барууну күчөтүү жагы сунуш кылынсын.

6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык кеңештин социалдык маселелер, депутаттык этика, мыйзамдуулук, коррупциянын алдын алуу жана коомдук уюмдар менен иштөө маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (төрайымы Б.Тагаева) жүктөлсүн.

Төө-Моюн айылдык Кеӊешинин төрагасы

А. Кадыров
