Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Төө-Моюн айылдык кеңешинин «Айылдык кеңештин 2014-жылдагы сессияларында каралуучу маселелер боюнча иш планын бекитүү жөнүндө» токтому
ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Төө-Моюн айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XII сессиясы
2014-жылдын 14-февралы № XII-4 Айылдык кеңештин 2014-жылдагы сессияларында каралуучу маселелер боюнча иш планын бекитүү жөнүндө
Айлдык кеңештин 2014-жылга иш-аракеттер планынын долбоору боюнча айылдык кеңештин төрагасы А.Кадыровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кенештин 2014-жылдагы сессияларында каралуучу маселелер боюнча тузулгон иш планы бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Иш планында белгиленген иш чаралардын өз мөөнөттөрундө,ошондой эле талап даражасында аткарылышын камсыз кылуу айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларына жана айыл өкмөтүнүн тийиштүү кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасы А.Кадыровко жүктөлсүн.
Төө-Моюн айылдык Кеӊешинин төрагасы
А. Кадыров
Төө-Моюн айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясынын 2014-жылдын 14-февралындагы № XII-4 токтому менен бекитилди. Тиркеме №1
Төө-Моюн айылдык кеңешинин 2014-жылдагы сессияларында каралуучу маселелер боюнча
Иш планы.
I квартал.
1.Айыл өкмөтүнүн 2013-жылга бекитилген бюджетинин аткарылышы жана 2014-жылга долбоору жөнүндө.(даярдайт: бюджет боюнча туруктуу комиссия. Докладчы: ФЭБдин башчысы).
1.Айлдык кеңештин 2014-жылга түзүлгөн иш планынын бекитүү жөнүндө. (докладчы: айылдык кеңештн төрагасы А.Кадыров).
3.Айыл аймагындагы билим берүү уюмдарында Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамына ылайык билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарынын сакталышы. Билим берүү жана тарбия иштеринин сапатын жогорулатууда билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара аракетинин абалы. (Даярдайт: айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы. Докладчылар: мектеп директорлору).
II квартал.
1.Айылдык ички иштер бөлүмүнүн кылмыштуулуктун алдын алуу, коомдук тартипти сактоо, жарандын жана элдин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери жана жергиликтүү коомчулук, ЖӨБ органдары менен байланышынын абалы, ошондой эле бул багытта алдыдагы милдеттер тууралуу.. (Даярдайт: социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия. Маалмат берүүчү: айылдык ички иштер бөлүмүнүн башчысы ).
2.”Жеке-Мисте”,”Найман”,”Керкидан”айылдарынын айыл башчыларынын “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-октябрындагы №720-токтому менен бекитилген “Айыл башчысы жөнүндөгү”жобонун талаптарына ылайык өз милдеттерин аткарышынын абалы жөнүндө. (Даярдайт: туруктуу комиссиялар. Маалымат берүүчүлөр: аталган айылдардын айыл башчылары).
3.Айылдык аймактагы суу пайдалануучулар ассоцацияларынын бирикмесинин Кыргыз Республикасынын “Суу жөнүндөгү”, “Суу пайдалануучулардын ассоцациялары (бирикмелери) жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн сугат суусу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, жерлердин сапатын жакшыртуу, жаңы технологияларды киргизүү, алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу боюнча жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жана ЖӨБ органдары менен биргеликте алып барылуучу келечектеги милдеттер тууралуу. (Даярдайт: айылдык кеңештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясы. Маалымат берүүчү: бирикменин аткаруучу директору).
III квартал.
1. ”Төө-Моюн” чек ара тозоту тарабынан мамлекеттик чек араны коргоо, чек арага чектеш жайланышкан калктуу конуштарда толерантуулук боюнча иш чараларды алып баруу, мыйзамсыз миграциянын, жарандар жана мал жандыктары тарабынан чек араны кесип өтүүлөрүнүн алдын алуу боюнча жергиликтүү коомдоштук, ЖӨБ органдары менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы. (Даярдайт: социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия. Маалымат берүүчү: чек ара тозотунун башчысы).
2.Айыл өкмөтүнүн 2014-жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышынын жарым жылдык абалы тууралуу. (Даярдайт: бюджет боюнча туруктуу комиссия. Маалымат берүүчү: ФЭБдин башчысы).
IV квартал.
1. Айылдык аймактагы дыйкандар тарабынан үлүш жерлерин натыйжалуу пайдалануу, аларды түшүмдүүлүгү жогору сорттогу үрөн, күйүүчү жана майлоочу май менен камсыз кылуу, мал чарбасынын асылдуулугун көтөрүү, айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн алдыңкы технологияларын жайылтуу, өндүрүлгөн продукцияны сатып өткөрүү, кооперациянын артыкчылыктарын түшүндүрүү жана жеке чарбаларды ирилештирүү жаатында айыл өкмөтү тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы.(Даярдайт: айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссия. Маалымат берүүчү: айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы боюнча кызматкери).
2. ”Сырт”, ”Авиз”, ”Сары-Таш” айылдарынын айыл башчыларынын “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-октябрындагы №720-токтому менен бекитилген “Айыл башчысы жөнүндөгү”жобонун талаптарына ылайык өз милдеттерин аткарышынын абалы. (Даярдайт: туруктуу комиссиялар. Маалымат берүүчүлөр: аталган айылдардын айыл башчылары).
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства Кыргызской Республики от 6 октября 2006 года № 720 "Об утверждении Типового положения об айыл башчысы (старосте аила)"Постановление · 06.10.2006 · № 720 · Утратил силу