Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Керме-Тоо айылдык кеңешинин «ЖПБнын төрагасы Ж.Тагаевдин 2014- жылда аткарган иштерин кароо жана Керме-Тоо айылдык кеңеши жайыт комитетинин 2015-жылдагы бюджеттин бекитүү» токтому
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Керме-Тоо айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XI сессиясы
2015-жылдын 3-апрели № 21 ЖПБнын төрагасы Ж.Тагаевдин 2014- жылда аткарган иштерин кароо жана Керме-Тоо айылдык кеңеши жайыт комитетинин 2015-жылдагы бюджеттин бекитүү
Керме-Тоо айылдык кеңеши депутаттары Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Ж.Тагаевдин 2014- жылда аткарган иштери жөнүндөгү баяндамасын угуп, жайыт комитетинин 2015-жылдагы бюджеттинин долбоорун карап, кызуу талкуулап, төмөндөгүдөй ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2014-жылдын бюджетинин аткарылышы канаатандыраалык деп табылсын, Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2015-жылдагы бюджети депутаттардын сунуштарын эске алуу менен алымча кошумчасы менен бекитилсин.
2. ЖПБнын терагасына айылдык округу тарабынан пайдаланууга жарактуу деп өткөрүп берилген 4174,5 га жайыт жери бекитилип берилсин. Анын ичинен жарактуу 2 237,1 га жерге жер салыгы төлөнсүн. Берилген жайыт жерлерин туура пайдалануу жана жайыт мыйзамдарына негиздүү иштерди жүргүзүү ЖПБнын төрагасы Ж. Тагаевке тапшырылсын.
3. Керме-Тоо жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015-жылдын ____-__________ № ___ токтомундагы бюджетинин 371 127,1 (үч жүз жетимиш бир миң бир жүз жыйрма жети 1 ) сом киреше булагы, 371 127,1 (үч жүз жетимиш бир миң бир жүз жыйрма жети 1 ) сом чыгашалык иш чаралары бекитилсин.
♦ Керме-Тоо жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан жергиликтуу малдарга сезонго бир баш кара малга жыл ичинде 150 сом. жылкыларга 150 сом, койлорго 30 сом, эчкилерге 30 сом, топоздорго 150 сом, эшектерге 150 сомдон. Сырттан алып келген малдар үчүн сезонго уй-жылкыга 200 сом, койго 60 сомдон белгиленсин түзүлгөн наркы жана ошондой эле Керме-Тоо жайыт комитетинин жайыттарына уруксатсыз мал баккандарга Кыргыз Республикасьшын өкмөтүнүн 17.08.92-ж. №403 токтомунун негизинде акт түзүлүп жазана салынуусу тиркемеге ылайык аткарылсын. (Тиркеме тиркелет). ♦ Чөп орундуу жерлерге 10 сом, ал эми жайыт жерлерге буудай, картошка жана башка дыйканчылык жерлерге 50 сом, көрктөндүрүү максатындагы бактарга 30 сом, бал аарычылыкка 1 уясына 50 сом жана жайыттан отун пайдалангандыгы учун 1 м3 500 сомдон х бир жылга 2 м3 кургак отун үчүн 1000 сомдон коюлган баасы бектилсин.
4.Кыргыз Республикасьшын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябры № 515 токтому менен бекитилген Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө типтүү жобосу ишке ашырылсын.
5.Жайыт жерлеринен ар кандай кен казуучуулар, балык чарбачылыгын өндүрүүчүлөр жана изилдөөлөр боюнча бузулган жер кыртышы үчүн Кыргыз Республикасыныи өкмөтүнүн 07.09.2004-ж. № 668 токтомунун негизинде ар бир м2 жерге 21 сом төлөнүп бериллүүсү жана казуу жумуштары бүткөндөн кийип ошол жерди кайра реабилитациялап берүү иштерин аткаруусу милдеттендирилет.
6.Жайыт пайдалануу чөйрөсүндө жер кыртышын бузуу, өсүмдүктөрүн өсүүсүнө зыян келтирүү жана жапайы жаныбарларга аңчылык кылуу боюнча болгон укук бузуучулар үчүн Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү кодекси Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 17.08.92-жыл № 402,
№ 403 токтомунун нсгизинде, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 07,09.2004-жыл № 668 токтому менен каралган администрациялык жаза чаралары колдонулсун. Жазанадан түшкөн акча каражаттары жайыттардын инфраструктурасын калыбына келтирүү жумуштарына жумшалсын.
7.Керме-Тоо жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015-жылга жайыт инфраструктурасын жакшыртуу боюнча түзүлгөн иш планы бекитилсин.
8. КРнын мыйзамдарын аткаруусун талап кылуу жана жер -жерлерде жайыт пайдалануучуларга мыйзамдар жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү ЖПБнын төрагасы Ж. Тагаевге жана инспекторлоруна, Айыл башчыларына милдеттендирилсин.
9.Айылдык ветеринар эрте жаздан баштап башка жактан келген малдар үчүн ветеринардык постту уюштуруп, жайытка чыгуучу жергиликтүү жана башка жактан келген малдарды ар кандай ыландарга каршы алдын ала эмдөөлөр жүргүзүлгөндүгү боюнча аныктоо иштерин жүргүзүп малдардын санын жана малдардын абалы жөнүндө маалымат берип туруусу жүктөлсүн.
10. Жайытка малдарды чыгаруу мезгилинде 2015-жылдын ___-__________№ ___ айылдык Кеңешинин токтомунун иш-чарасына ылайык, малдардын ар кандай ыландарына каршы алдын ала эмдөөлөрдү ветеринардык врачтар тарабынан жүргүзүлгөндүгү боюнча малдарга берилген аныктамаларын көрүп, жайыт билетин көрсөтүү жана 50 % төлөмүн төлөө жайытка чыгарууну көзөмөлдөө жана Күнгөй бет жайыттарга 10-апрелден 25-апрелге чейин, жакынкы тескей жайыттарына 26-апрелден 25-майга чейин, ортоңку жайыттарга 26-майдан 1-сентябрга чейин, жакынкы тескей жайыттарына 2-сентябрдан 25-сентябрга чейин, 26-сентябрдан күнгөй жайыттарына малдарды жайдыруу мөөнөтөрүн карап көз салуу иштери Керме-Тоо ЖПБнын инспекторлоруна тапшырылсын.
11. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырысын.
12. Жайыт комитетинин өзүнүн жеке авто машинасынын маркасы AUDI -100 номер W 79 -62 В жайыт комитетине кызмат катары колдонулсун, майлоочу , күйүүчү айына 170 литрден бекитилсин.
13. Түзүлгөн келишим чөп чабык, бакчылык, балыкчылык жана башка келишимдердин мөөнөтү 3 жылдан 10 жылга чейин белгиленсин.
14. Гүлбаар айылыдагы жакынкы жайыттарга өтүүчү АРИС тин жардамы жана Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бюджетинин эсебинен курулган көпүрөөлөрдөн оор жүк ташуучу машиналар өтүп, көпүрөөнү бузуп кетүү коркунчу бар, ошондуктан оор жүк ташуучу машиналарга 5 тоннодон ашыкча жүк менен өтсө тоннасына 2000 ( эки миң) штарф деп белгиленсин.
Керме-Тоо айылдык Кеӊешинин төрагасы
А. Тажибаев
Керме-Тоо айыл оөкмөтүнүн айылдык Кеңешинин 2015- жыл 03 - апрель кезектеги V чакырылышынын XXI сессиясынын № 21 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн № 403 токтомунун 3-п негизинде (17.08.92) Айылдык округунун жайыт жерлерине матсриалдык жактан келтирилген зыяндар үчүн жоопкерчилик.Декабрь, январь айларында кыйылган дарактар учун 10 эселенген жазана төлөнөт. Ар бир кыйылган даракка же бадалга өсүүсүнө токтой турган зыян келтирилсе төмөнкүдөй жазана салынат. дарактардын 10 жаштан жогоркусунун кесилген түбүнүн диаметрине- 4 см ге чейин_381 -48 т. 4 см ден 8 см ге чейин_508-60 т. 8 см ден 12 см ге чейин_635-76 т, 12,1 см ден 16 см ге чейин_762-92 т. 16,1 см ден 20 см ге чейин_ 890-08 т. 20,1 см ден 24 см ге чейин_1017-20 т. 24,1 см ден 28 см ге чейин_ 1144-39 т. 28,1 см ден 32 см ге чейин_ 1271-58 т. 32 см ден ашкандан кийин ар бир сантиметрине 381-48 тыйын кошулат. -бадалдардын ар бир түбүнө — 507-06 тыйын.
- Айылдык округунун жайыт жерлерине уруксатсыз мал бакса
- ири муйуздуу мал жана жылкы 2 жаштан жогоркусуна — 938-95 т.
- эки жашка чейинки музоо, тай, койлорго — 260-82 т.
- эчки ар башына - 1564-92 т.
Кыр.Респ. өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-сентябрындагы № 668 токтомуна ылайык мамлекеттик жайыт жерлеринин бузулган ар бир кв, м. жер кыртышына минималдык эмгек акынын көбөйтүү жолу менен жазана сальшат.
A) маданий отургузулган көчөттөр, питомник- 0,80 Б) кайрак айдоо, бак, токой, көп жылдык- 0,06
B) чөп орунду, мал жайыт, жайлоо — 0,06
Кырг.Респ.өкмөтүнүн 1992-жылдын 17-августундагы №402 токтомунун негизинде жаныбарлар дүйнөсүнө келтирилген зыянга төлөнүүчү айыптардын өлчөмү: жаныбарлардын түрү: Кийик-7964-04т., Каман-4238-43т., Суур, улар, кашкулак-2119-21т., Чон кирпи -3477-60т., Кекилик, кыргоол-706-41т., Сүлөөсүн-8476-б5т., Илбирс- 199640с, Бүркүт- 14135-80т., Ителги-31788-17т., Коен -1412-88т., Элик-3532-02T., Элик- 5651-1 От..
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (3)
- Постановление Правительства КР от 7 сентября 2004 года № 668 "О материальной ответственности за ущерб, причиненный порчей земель"Постановление · 07.09.2004 · № 668 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 13 сентября 2013 года № 515 "О порядке предоставления права пользования пастбищными ресурсами в иных целях, не связанных с выпасом скота"Постановление · 13.09.2013 · № 515 · Утратил силу
- Постановление Правительства РК от 17 августа 1992 года №402 "Об утверждении такс для исчисления размеров исков за ущерб, причиненный ресурсам животного и растительного мира, а…Постановление · 17.08.1992 · № 402 · Утратил силу