# Кош-Дөбө айылдык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 8/37 "Депутаттардын шайлоочулардын суроо талаптарын аткарууда жүргүзгөн иши жөнүндө депутат С.Жумакановдун отчету жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кош-Дөбө айылдык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 8/37 "Депутаттардын шайлоочулардын суроо талаптарын аткарууда жүргүзгөн иши жөнүндө депутат С.Жумакановдун отчету жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 8/37
- Дата принятия: 19.11.2013
- Статус: Действует
- Редакция от: 19.11.2013
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/250709>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-28850/edition/678723/ru>

> Текст приведён по редакции от 19.11.2013 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кош-Дөбө айылдык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 8/37 "Депутаттардын шайлоочулардын суроо талаптарын аткарууда жүргүзгөн иши жөнүндө депутат С.Жумакановдун отчету жөнүндө" токтому (ред. от 19.11.2013) - https://aqlex.ai/kg/doc/250709

---

КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VIII сессиясы

2013-жылдын 19-ноябры № 8/37 Депутаттардын шайлоочулардын суроо талаптарын аткарууда жүргүзгөн иши жөнүндө депутат С.Жумакановдун отчету

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Мыйзамынын 25-статьясына жана “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттардын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 7-статьясына ылайык депутат С.Жумакановдун маалыматын угуп жана талкуулап, Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин депутаты С.Жумакановдун отчету канааттандыраарлык деп табылсын.

2. Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин депутаты С.Жумакановдун маалыматында көргөзүлгөн Кара-Саз байланыш бөлүмүнүн башчысы болуп иштөө менен катар бир канча шайлоочулардын суроо талаптарын аткарып түшүндүрүү жана уюштуруучулук иштерди жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин.

3. Депутат С.Жумакановдун айылдын элин газета журнал менен өз убагында камсыз кылуу менен шайлоочулардын суроо-талаптарын аткарууда жогорку деңгээлде иш алып барып жаткандыгы белгиленсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кош-Дөбө айыл аймагынын жооптуу катчысы А. Сыдыкбековага милдеттендирилсин

Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы

А. Байташов
