Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кош-Дөбө айылдык кеңешинин «Депутаттардын шайлоочулардын суроо талаптарын аткарууда жүргүзгөн иши жөнүндө депутат С.Жумакановдун отчету жөнүндө» токтому
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VIII сессиясы
2013-жылдын 19-ноябры № 8/37 Депутаттардын шайлоочулардын суроо талаптарын аткарууда жүргүзгөн иши жөнүндө депутат С.Жумакановдун отчету
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Мыйзамынын 25-статьясына жана “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттардын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 7-статьясына ылайык депутат С.Жумакановдун маалыматын угуп жана талкуулап, Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин депутаты С.Жумакановдун отчету канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин депутаты С.Жумакановдун маалыматында көргөзүлгөн Кара-Саз байланыш бөлүмүнүн башчысы болуп иштөө менен катар бир канча шайлоочулардын суроо талаптарын аткарып түшүндүрүү жана уюштуруучулук иштерди жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин.
3. Депутат С.Жумакановдун айылдын элин газета журнал менен өз убагында камсыз кылуу менен шайлоочулардын суроо-талаптарын аткарууда жогорку деңгээлде иш алып барып жаткандыгы белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кош-Дөбө айыл аймагынын жооптуу катчысы А. Сыдыкбековага милдеттендирилсин
Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы
А. Байташов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 2
Связанные документы (2)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О выборах депутатов местных кенешей»Закон · 14.07.2011 · № 98
- Закон «О местном самоуправлении и местной государственной администрации»Закон · 29.05.2008 · № 99 · Утратил силу