# Талды-суу айылдык кеңешинин 2015-жылдын 22-майындагы № 21/1 "Айыл чарбасына арналган жерлердин базалык ставкасын өзгөртүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Талды-суу айылдык кеңешинин 2015-жылдын 22-майындагы № 21/1 "Айыл чарбасына арналган жерлердин базалык ставкасын өзгөртүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: №21/1
- Дата принятия: 22.05.2015
- Статус: Действует
- Редакция от: 22.05.2015
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/250595>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-28835/edition/656939/ru>

> Текст приведён по редакции от 22.05.2015 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Талды-суу айылдык кеңешинин 2015-жылдын 22-майындагы № 21/1 "Айыл чарбасына арналган жерлердин базалык ставкасын өзгөртүү жөнүндө" токтому (ред. от 22.05.2015) - https://aqlex.ai/kg/doc/250595

---

ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Талды-суу айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XX сессиясы

2015-жылдын 22-майы № 21/1

Айыл чарбасына арналган жерлердин базалык ставкасын өзгөртүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-декабрындагы №182 мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337 беренесинин 6-бөлүмчөсүнө өзгөртүү киргизилип, айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эске алуу менен базалык ставкасын 3 эсеге көтөрүү жөнүндө МСКнын Алай райондук боюнча башкармалыгынын 2015-жылдын 20-мартындагы №14-05-10/151 катын Талды-Суу айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-майындагы №06 элдик жыйындын протоколун талкуулап Талды-Суу айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талды-Суу айыл өкмөтүнүндөгү айыл чарбасына арналган жерлердин базалык ставкасы 1,5 эсеге көбөйтүлсүн (тиркеме тиркелет).

2. Талды-Суу айыл өкмөтүнүндөгү айыл чарбасына арналган жерлердин базалык ставкасы 1,5 эсеге көбөйтүлгөндүгүн эсептеп чыгарып, элге маалым болуш максатында маалымат тактасына илүү жагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн салык инспектору Д.Кеңешовго жүктөлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талды-Суу айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына жана Талды-Суу айыл өкмөтүнүн КҮБ башчысы А.Эргешовго милдеттендирилсин.

Талды-Суу айылдык кеңешинин төрагасы

Б. Абдраманов.
