# Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2015-жылдын 19-июнундагы № 32/114 "Кызыл-Кыя шаарынын И. Абдрахманов атындагы жатак мектебинин ата-энелер жамаатынын арызын кароо жана жатак мектебинин ишмердүүлүгүнүн абалы жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2015-жылдын 19-июнундагы № 32/114 "Кызыл-Кыя шаарынын И. Абдрахманов атындагы жатак мектебинин ата-энелер жамаатынын арызын кароо жана жатак мектебинин ишмердүүлүгүнүн абалы жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 32/114
- Дата принятия: 19.06.2015
- Статус: Действует
- Редакция от: 19.06.2015
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/250477>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-28718/edition/678831/ru>

> Текст приведён по редакции от 19.06.2015 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2015-жылдын 19-июнундагы № 32/114 "Кызыл-Кыя шаарынын И. Абдрахманов атындагы жатак мектебинин ата-энелер жамаатынын арызын кароо жана жатак мектебинин ишмердүүлүгүнүн абалы жөнүндө" токтому (ред. от 19.06.2015) - https://aqlex.ai/kg/doc/250477

---

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 19-июну № 32/114 Кызыл-Кыя шаарынын И. Абдрахманов атындагы жатак мектебинин ата-энелер жамаатынын арызын кароо жана жатак мектебинин ишмердүүлүгүнүн абалы жөнүндө Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, Кызыл-Кыя шаарынын №13 И.Абдрахманов атындагы жатак мектебинин ата-энелеринин 2015-жылдын 10-июнунда шаардык кеңешке кириш болуп катталган “Кызыл-Кыя шаарынын №13 И.Абдрахманов атындагы жатак мектебинин жоюулушуна жол бербей шаар үчүн алып калуу жөнүндө” кайрылуу катын Кызыл-Кыя шаардык кенешинин саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, спорт маселелери боюнча жана укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча комиссияларынын бириккен отурумунун чечимин эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кенешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Кыя шаарындагы №13 И.Абдрахманов атындагы жатак мектебинде шаардагы, шаар менен чектешкен Ноокат, Араван, жана Кадамжай райондорунда жашоо шарты оор, тоголок жетим, көп балалуу жана мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөрдүн балдарынын окугандыктарын эске алып, Кызыл-Кыя шаарынын №13 И.Абдрахманов атындагы жатак мектебин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 7-декабрындагы № 813 токтому менен бекитилген “2013-2016-жылдарга балдардын интернаттык типтеги мекемелерин башкарууну жана финансылоону оптималдаштыруу планынан” чыгаруу боюнча жана 2015-2016-окуу жылына окуучуларды 1-класска кабыл алууга уруксат берүү жөнүндө Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэрине (Ж.Рахматулаевге) Кыргыз Республикасынын Премьер министрине, Билим берүү жана Илим министрлигине жана Социалдык өнүгүү министрлигине сурануу каттарын даярдап жиберүү жагы милдеттендирилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, спорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы

А. Маткалыков
