# Жерге-Тал айылдык кеңешинин 2015-жылдын 3-мартындагы № 6-15-3 “Мектеп жана мектепке чейинки балдарга тарбия берүү мекемелерин каржылоо жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Жерге-Тал айылдык кеңешинин 2015-жылдын 3-мартындагы № 6-15-3 “Мектеп жана мектепке чейинки балдарга тарбия берүү мекемелерин каржылоо жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 6-15-3
- Дата принятия: 03.03.2015
- Статус: Действует
- Редакция от: 03.03.2015
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/250464>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-28705/edition/701301/ru>

> Текст приведён по редакции от 03.03.2015 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жерге-Тал айылдык кеңешинин 2015-жылдын 3-мартындагы № 6-15-3 “Мектеп жана мектепке чейинки балдарга тарбия берүү мекемелерин каржылоо жөнүндө” токтому (ред. от 03.03.2015) - https://aqlex.ai/kg/doc/250464

---

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жерге-Тал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XV сессиясы

2015-жылдын 3-марты № 6-15-3 “Мектеп жана мектепке чейинки балдарга тарбия берүү мекемелерин каржылоо жөнүндө” Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2014-жылга киреше, чыгаша булактарынын аткарылышы жана 2015-жылдын бюджетин бекитуу жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы З.Көпөеванын билдирүүсүн угуп, талкуулап Жерге-Тал айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн Капчыгай айылында жаны «Жибек» балдар бакчасына эки тайпа ачууга уруксат берилсин жана жаны ачылуучу балдар бакчасын уюштуруу иштерине жергиликтүү бюджет эсебинен акча каражаты бөлүнсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жыл 15-январдагы № 7 токтомуна ылайык «Жибек» балдар бакчасында тарбиялануучуларга ар бирине 18 сомдон кунуно тамак ашына жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнсүн, каражаттардын өз учурунда жана максаттуу пайдаланышына жоопкерчилик айыл өкмөтүнүн башчысы З.Көпөевага жана ФЭБ башчысына,балдар бакчаларынын жетекчилерине жүктөлсүн.Көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

3. Айыл өкмөтүндөгү балдар бакчасынын ата-энелер коому тарабынан жыйналган атайын каражаттарды казыналык системаны аттап түп пайдалануусуна тыюу салынсын. Аталган тартип бузулган учурда атайын каражаттын 100% тийиштуу баскычтагы бюджеттин кирешесине алынышы эскертилсин. Көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин мыйзамдуулук,укук жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4. 2015-жылга айыл өкмөтүнүн муниципалдык обьектилерине иштетилүүчү электр энергиясына болгон лимит жыл үчүн сметада көрсөтүлгөн суммага ылайык бекитилсин.Көзөмөлдөө жагы курулуш,энергетика жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

5. Ушул токтомдун финансалык пункттарын көзөмөлдөө айылдык Кенештин бюджет,финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

Жерге-Тал айылдык Кеӊешинин төрагасы

А. Муратбеков
