# Чет-Нура айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 13-мартындагы № 4/4 "Нарын райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын 03.02.2017-жылдагы №11 катын кароо жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Чет-Нура айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 13-мартындагы № 4/4 "Нарын райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын 03.02.2017-жылдагы №11 катын кароо жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 4/4
- Дата принятия: 13.03.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 13.03.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/250265>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-28524/edition/786422/ru>

> Текст приведён по редакции от 13.03.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Чет-Нура айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 13-мартындагы № 4/4 "Нарын райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын 03.02.2017-жылдагы №11 катын кароо жөнүндө" токтому (ред. от 13.03.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/250265

---

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын 4- сессиясы

2017-жылдын 13-марты № 4/4 Нарын райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын 03.02.2017-жылдагы №11 катын кароо жөнүндө Кыргыз Республикасынын аймагындагы малдарды идентификациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамы жана «Жаныбарларды идентификациялоо эрежесин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.12.2014-жылдагы №694 жана 27.12.2016-жылдагы №703 токтомдорунун негизинде 2017-жылдын 6-январындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 03-01/02 протоколунун. Нарын райондук ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын 03.02.2017-жылдагы №11 катына ылайык, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин IV сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүндөгү малдарды идентификациялоодо бирка 37сом 76 тыйын, оператордук кызмат көрсөтүү 2сом 24тыйын, жеке менчик вет. сервистердин кызмат көрсөтүүсү 30сом болуп бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.

Төрага

Т. Сыдыкбеков
