# Баткен шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 17-мартындагы № 01-10/17 "Баткен шаарынын ичинде автомашиналарга парковкалоо жана токтоочу жайлар үчүн төлөм акыларын бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Баткен шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 17-мартындагы № 01-10/17 "Баткен шаарынын ичинде автомашиналарга парковкалоо жана токтоочу жайлар үчүн төлөм акыларын бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 01-10/17
- Дата принятия: 17.03.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 17.03.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/250247>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-28506/edition/785218/ru>

> Текст приведён по редакции от 17.03.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Баткен шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 17-мартындагы № 01-10/17 "Баткен шаарынын ичинде автомашиналарга парковкалоо жана токтоочу жайлар үчүн төлөм акыларын бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 17.03.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/250247

---

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы

2017-жылдын 17-марты № 01-10/17 Баткен шаарынын ичинде автомашиналарга парковкалоо жана токтоочу жайлар үчүн төлөм акыларын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” органдары жөнүндө №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 1;4;5-пункуттарына, КР “Автомобиль транспорту жөнүндө” Мыйзамынын 24-беренесине, КР “Салык эмес төлөмдөр” Мыйзамынын 12-беренесинин негизинде Баткен шаардык Кеңешинин курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 10-марттагы отурумунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен шаарынын ичинде автомашиналарга парковкалоо жана токтоочу жай берүү үчүн төмөнкүдөй төлөм акылары бекитилсин:

-Жеңил таксилер үчүн 20 сом; -микроавтобустар 30 сом; -оор жүк ташуучу автоунаа 50 сом

2. Шаар аймагында автомашиналар үчүн токтоочу жайларга төлөм акылары киргизилгенди шаар калкына “Өрүк зар” коомдук газетасы аркылуу жеткирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына М.Добутов тапшырылсын.

Төрага

А. Ташбеков
