Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Баткен шаардык Кеңешинин «Баткен шаарынын инфраструктурасын 2017-жыл ичинде өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорунун иш чарасын бекитүү жөнүндө» токтому
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2017-жылдын 17-марты № 01-10/8 Баткен шаарынын инфраструктурасын 2017-жыл ичинде өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорунун иш чарасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» 2011-жылдын 11-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 3-пункутуна жана Баткен шаар мэриясынын 2017-жыл ичинде шаардын инфраструктурасын өстүрүүгө багытталган иш чарасын карап чыккан, туруктуу комиссиялардын аныктамаларынын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарынын 2017-жыл ичинде инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган Баткен шаар мэриясынын иш чарасы бекитилсин. (иш чара тиркелет)
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары М.Дубанаевге тапшырылсын.
Төрага
А. Ташбеков
Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясынын № 01-10/8 токтомуна № 1 тиркеме
Жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылануучу 2017-жыл ичинде Баткен шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго өзгөртүү жана толуктоолор менен сунушталган ИШ ЧАРАСЫ
№
Каржылануучу иш чаранын аталышы
Чыгаша статьясы
Чыгаша суммасы (мин. сом менен)
эскертүү
1.
2.
3.
4.
5.
СТИМГРАНТ ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТТЕН КАРЖЫЛАНУУЧУ ИШ ЧАРАЛАР
1
К.Турмаматов көчөсүнө сугат ноолорун орнотуу жана тротуар куруу
3111
5 543 210
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 токтомунун жана Баткен шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 10-ноябрындагы №85, №87 токтомдорунун негизинде Кыргыз Республикасынын каржы министрлигине сунушталган. Бүгүнкү күндө Баткен облустук архитектура жана шаар куруу башкармасы тарабынан бүтүмдөрү алынып, долбоору “Ошпроектстрой” ЖЧК тарабынан даярдалган. Анын негизинде шаар мэриясы тарабынан каржы министирлигинин стимгрантка сунушталуучу долбоорлорду кабыл алуу боюнча атайын порталына киргизилген. Долбоордун жалпы суммасы 5 543 210 сомду түзөт.
2 543 210 жерг. бюдж.
2
И.Жусупов көчөсүнө сугат ноолорун орнотуу жана тротуар куруу
3111
6 025 538
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 токтомунун жана Баткен шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 10-ноябрындагы №85, №87 токтомдорунун негизинде Кыргыз Республикасынын каржы министрлигине сунушталган. Бүгүнкү күндө Баткен облустук архитектура жана шаар куруу башкармасы тарабынан бүтүмдөрү алынып, долбоору “Ошпроектстрой” ЖЧК тарабынан даярдалган. Анын негизинде шаар мэриясы тарабынан каржы министирлигинин стимгрантка сунушталуучу долбоорлорду кабыл алуу боюнча атайын порталына киргизилген. Долбоордун жалпы суммасы 6 025 538 сомду түзөт.
3 025 538 жерг. бюдж.
3
Баткен шаарынын М.Салихов көчөсүнө түн жарыктандыруу каражаттарын орнотуу
3111
2 546 446
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 токтомунун жана Баткен шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 10-ноябрындагы №85, №87 токтомдорунун негизинде Кыргыз Республикасынын каржы министрлигине сунушталган. Бүгүнкү күндө Баткен облустук архитектура жана шаар куруу башкармасы тарабынан бүтүмдөрү алынып, долбоору “Ошпроектстрой” ЖЧК тарабынан даярдалган. Анын негизинде шаар мэриясы тарабынан каржы министирлигинин стимгрантка сунушталуучу долбоорлорду кабыл алуу боюнча атайын порталына киргизилген. Долбоордун жалпы суммасы 2 546 446 сомду түзөт.
1 406 446 жерг. бюдж
Бардыгы
7 140 000
Стимгрант
6 975 194
Жергиликтүү бюджет
ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТТЕН КАРЖЫЛАНУУЧУ ПРИОРИТЕТТҮҮ ИШ ЧАРАЛАР
4
Кызыл-Жол кварталындагы курулуп жаткан спорт залдын чатырын жабуу иштерин каржылоо
3111
921 000
Бул ишчара элдин демилгесин КР Президентинин колдоосу менен 2014-жылы башталган. Бүгүнкү күндө республикалык бюджеттен 3.0 млн, элдин каражаты 2.0 млн болуп, жалпы 5.0 млн сомдук жумуштар аткарылган. Которулган каражаттарды жумшалышы Баткен облустук капиталдык курулуш башкармасы тарабынан жүргүзүлүп жатат. Долбоордун сметалык суммасы 19.6 млн сом.
5
Борбордук стадионго муниципалдык кичи футбол аянтчасын куруу Анын ичинде: долбоорун даярдоого
3111
2215
2 200 000
(200 000)
КР нын футбол федерациясынын генералдык секратарынын 2016-жылдын 25-майдагы №403 катынын негизинде Баткен борбордук стадиондун күн батыш тарабына эки кичи футбол аянтчасын куруу үчүн жер тилкеси 2016-жылдын 10-ноябрында Баткен шаардык кеңешинин №74 токтому менен жер тилкесин бөлүп берүүгө уруксаат берилген. Эгерде Федерация тарабынан футбол аянтчасынын курулушу жүргүзүлбөсө Муниципалдык департаменти футбол аянтачасы курулушун жүргүзөт.
6
Ж.Бөкөнбаев мектебинин ашканасынын сантехникасын, саркынды суулар түтүгүн жана септигин куруу
3111
646 000
Бүгүнкү күндө “Хан-Кен” ЖЧКсы тарабынан жумуштар жүрүп жатат. Келишимде белгиленген акча каражаты толук төлөнүп бериле элек.
7
Темир бетон электр мамыларын сатып алуу. (100 даана)
3112
842 000
2016-жылы порталга жарыяланган конкурстун жыйынтыгы менен “Баткен Энергострой” ишканасы жеңүүчү деп табылган. Акча каражаты которулбагандыгына байланыштуу электр мамылары сатылып алына элек.
8
Шаардын көчөлөрүндөгү таштандыларды, агын суу ноолорун тазалоого жана парктардын тазалыгын сактоо үчүн
2215
3 750 000
“Баткен Тазалык” муниципалдык ишканасынын жумушчуларынын эмгек акысы жана өндүрүштүк муктаждыгын каржылоо
9
Баткен шаарынын И.Раззаков көчөсүнө “Баткен согушунун Катышуучулары” үчүн эстелик орнотуу
3111
200 000
Баткен согушуна катышуучулардын уюмунун берген катынын негизинде
10
Борбордук аянттагы Мамлекеттик Желектин айланасын көрктөндүрүү иштерине каражат бөлүп берүү
Анын ичинде: долбоорун даярдоого
3111
2215
455 000
(60 000)
Баткен облусунун мамлекеттик Администрациясынын бет маңдайындагы флаг штоктун айланасын архитектуралык дизайнерлөө максатында
11
Мэрия имаратынын ичиндеги тепкичтеринин кафелдерин алмаштырууга каражат бөлүү
2221
70 000
Порталга жарыялоо, долбоорун даярдоо, ремонт иштерин уюштуруу, ишке ашыруу.
12
Баткен шаарынын мэриясынын имаратынын жылытуу системасын жана от казанын капиталдык ремонттоо
2221
300 000
Порталга жарыялоо, долбоорун даярдоо, ремонт иштерин уюштуруу, ишке ашыруу. Мэрия имаратынын жылытуу системасы толук кандуу иштебейт. Кыш мезгилинде адистердин ден соолугуна кооптуу абал жаралып жатат.
13
Шаар ичиндеги парктарга 50 даана отургучтарды сатып алуу
3111
325 000
Порталга жарыялоо, долбоорун даярдоо, ремонт иштерин уюштуруу, ишке ашыруу.
14
Мэриянын жыйындар залына отургучтарды сатып алууга каражат бөлүү
2222
305 000
Порталга жарыялоо, долбоорун даярдоо, ремонт иштерин уюштуруу, ишке ашыруу. Актовый залга жыйындардыөткөрүү боюнча 150 орундуу отургучтарды жана трибуна, стол сатып алуу үчүн
15
Баткен шаарынын Булак-Башы кварталынын кеңсе имаратын куруу.
Анын ичинде: Долбоорун даярдоого
3111
2215
500 000
(80 000)
Шаар ичиндеги кварталдарга кеңселерди куруп, элдерди тейлөө жакшыртуу максатында. (АПУ, ДСД, ж.б долбоордук докуметтери менен кошо)
16
Тазалык ишканасына “Портер” үлгүсүндөгү эки автоунаасын сатып алуу каражат бөлүү
3112
600 000
Тазалык ишканасынын ишмердүүлүгүн алдыга жылдырып шаар ичиндеги таштандыларды тазалоо максатында
17
Шаардын ички көчөлөрүнө шагыл төшөөгө каражат бөлүү
3111
400 000
Шаар инфраструктурасын жакшыртуу үчүн
18
Шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү
3111
300 000
арча, гүл көчөттөрүн сатып алуу
19
Светофорлорду тейлөө
2215
150 000
Светофорлордун үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу
20
Мэрия имаратынын ичиндеги электр жабдууларын алмаштыруу
2222
100 000
Порталга жарыялоо, долбоорун даярдоо, ремонт иштерин уюштуруу, ишке ашыруу.
21
Шаардын көчөлөрүнө 50 даана темир жана азбецтоцементный түтүкчөлөрдү ( Д/300 мм) сатып алуу
2222
200 000
Шаар көчөлөрүнүн кесилишиндеги арыктарга трубаларды орнотуп жолдорду оңдоо
22
Жеңиш паркынын К.Сабыров көчөсү тарабынын тосмосун жаңылоо
Анын ичинен: Долбоорун даярдоого
3111
2215
790 000
(80 000)
Шаарды көрктөндүрүү максатында
23
ЕБРР долбоорун ишке ашыруу б/ча 1 штаттык кызмат ордун ачуу
2215
280 000
ЕБРР долбоору боюнча инженердик техникалык көзөмөлдөө үчүн
24
“Газпром” компаниясы тарабынан спорт комплекс курулуучу жер аянттын үлүш ээлеринин документ иштерин бүтүрүү үчүн
2215
300 000
25
Кызыл-Дөң кварталына бала-бакча куруу үчүн долбоорун даярдоо
2215
100 000
Порталга жарыялоо. Долбоорду даярдоо. Ак-Таш участкасындагы соц.объектилерге калтырылган жерге.
26
Чет-Булак кварталындагы С.Огата орто мектебинин айланасын тосуу
3111
896 494
27
Т.Файзуллаев, Молодежная, Муса-Кадыр көчөлөрүнө жарыктандыруу жабдууларын сатып алуу
2222
130 000
28
Мэрияга кызматтык автоунаа сатып алуу
3112
750 000
29
№3 орто мектепке күзөткана куруу
Анын ичинен: Долбоорун даярдоого
3111
2215
88 060
(25 000)
Негиз: №3 мектептин директору М.Жапарованын сунушу
30
В.И.Ленин орто мектебинин 1-кабатына желим терезелерди сатып алуу
3111
233 426
Негиз: В.И.Ленин орто мектептин директору М.Маккамбаеванын сунушу
31
Баткен шаардык салык кызматынын имаратынын алдын ремонттоо
3111
120 000
Негиз: Баткен шаардык салык кызматынын сунушу
32
Жайыт комитетине АРИС долбоору б/ча алынуучу эксковаторго кошумча акча каражат бөлүп берүү
3112
650 000
АРИС долбоорунун колдоосу менен жайыт комитетине сатылып алынуучу экскваторго кошумча 10 % өздүк салым. Сатып алынуучу техника муниципалдык менчикке алынат.
33
Кызыл-Жол башталгыч мектебине жана С.Огата орто мектебине көмүр сактоо үчүн 2 даана контейнер сатып алуу
3112
160 000
2017-2018-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдык
34
УАМС Катышуучуларынын “Жеңиш” эстелигин реставрациялоо
2215
200 000
35
Иш чараларды долбоорлоо
2215
500 000
Стимгрантка сунушталуучу жана башка долбоорлорду даядоо үчүн
36
В.И.Ленин орто мектебинин ремонттоо
2215
150 000
МЕРСИКО уюму тарабынан каржылануучу долбоорго колдоо көрсөтүү (өздүк салым)
Бардыгы
17 611 980
КОШУМЧА АТКАРЫЛУУЧУ ИШ ЧАРАЛАР
37
Баткен шаардык мэриясынын имаратынын айланасын тосуу.
Анын ичинен: Долбоорун даярдоого
3111
2215
400 000
(60 000)
Порталга жарыялоо, долбоорун даярдоо, имараттын айланасын тосуу иштерин уюштуруу, ишке ашыруу.
38
Баткен шаарынын имаратынын И.Жусупов көчөсү тарабын заманбап желим терезелерге алмаштыруу
2222
105 000
Порталга жарыялоо, долбоорун даярдоо, ремонт иштерин уюштуруу, ишке ашыруу.
39
Аксакалдар Чайканасынын тепкичин оңдоого каражат бөлүү
2221
42 300
Порталга жарыялоо, долбоорун даярдоо, ремонт иштерин уюштуруу, ишке ашыруу. АТО башчыларынын жана шаар тургундарынын кат менен кайрылуусунун негизинде
40
Трансформатор сатып алуу 2 даана – КТП-250
3112
500 000
Баткен шаарынын калкынын арыздарынын негизинде шаар ичиндеги жаңы конуштарын электр энергиясы менен камсыздоо үчүн
41
Шаардын көчөлөрүндө асфальт жамоо иштерин жүргүзүү
2215
500 000
Порталга жарыялоо, долбоорун даярдоо, ремонт иштерин уюштуруу, ишке ашыруу. Шаар элдеринин техникалык коопсуздугун сактоо максатында
42
Кызыл-Жол “Данектай” жана “Жааматтык” бала бакчалардын кире бериш тарабына айнек зар орнотуу, балдар ойноочу бөлмө түзүү.
Анын ичинен: Долбоорун даярдоого
3111
2215
800 000
(80 000)
Бала бакчанын өнүгүшүнө кошумча каражат бөлүү
43
Шаардагы таза сууну жеке пайдалануучу обоненттерге 2000 даана суу эсептегичтерди орнотуу
3112
1 400 000
Таза сууну сарамжалдуу пайдалануу максатында суу эсептегичтерди сатып алуу.
44
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-июнундагы “Мамлекеттик жеке өнөктөштүк” жөнүндө №328 токтомунун негизинде Баткен шаарынын мэриясынын алдында фонд түзүү үчүн
2215
10000 000
КР Премьер-министри тарабынан мамлекеттик өнөктөштүк боюнча 2016-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча бизге тапшырма берилген.
45
Базар-Башы кварталынын Бектемир-Баатыр көчөсүнө жарыктандыруу каражаттарын орнотуу жана тротуар куруу.
Анын ичинен: Долбоорун даярдоого
3111
2215
500 000
(80 000)
Порталга жарыялоо, долбоорун даярдоо, ремонт иштерин уюштуруу, ишке ашыруу. Базар-Башы кварталынын калкынын арыздарынын негизинде шаар инфраструктурасын жакшыртуу үчүн
46
ГОВД имаратын сатып алууга каражат бөлүү
3111
760 000
Имарат Кыргыз Республикасынын социалдык фонддунун балансында турат. Имаратты муниципалдык менчикке сатып алуу боюнча сатуучу тараптар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.
47
Баткен шаарынын мэриясына, Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине жана аймактык администр-дик башкармалыктарды офистик оргтехникалар менен камсыз кылуу
2222
296 000
Калкты кызматтарды көрсөтүүдөгү өндүрүштүк муктаждыктарды жоюу максатында оргтехникаларды сатып алууга каражат бөлүү
48
Кызыл-Жол жана Булак-Башы башталгыч мектептерине ажаткана куруу
3111
600 000
Атайын комиссия иликтеп, ажаткана пайдаланууга кооптуу деп табылган. Долбоорго өзгөртүү киргизүү, курулушту уюштуруу.
49
Көркөм сүрөт жатак мектебинин санузелдери үчүн бөлмө куруу
3112
100 000
50
“Өрүк-Зар”, “Алтын-Бешик”, Кызыл-Жол жана Булак-Башы балдар бакчаларына интернет-онлайн видео көзөмөлдөө жабдууларын орнотуу.
3112
100 000
Балдардын коопсуздугун алдын алуу. Коррупцияга каршы күрөшүү.
51
Электр чубалгыларын сатып алуу
3112
200 000
Шаардын жаңы конуштарын электр энергиясы менен камсыз кылуу
52
Баткен шаарынын Аэропорт участкасындагы КБФ жерлеринен 2.5 га жер аянтын тамчылатып сугаруу жана күнөскана куруу үчүн айланасын тосуу
3112
300 000
Долбоордун алкагында Баткен шаарынын Таза-Суу муниципалдык ишканасына 2014-жылы 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө трактор-эксковатор берилген. Аталган долбоордо мэриянын өздүк салымын кийинки долбоордо төлөп берүү жагын мойнуна алган. Долбоордо атайын скважина чыгартып берип, тамчылатып сугаруу каражаттары менен камсыз кылат. 3 жылдан соң муниципалдык менчикке калат.
53
И.Раззаков көчөсүнө жарыктандырууну долбоорлоо
2215
170 000
И.Разаков көчөсүндөгү “Калык” дүкөнүнөн тартып “Манас” комплексине чейин
54
26-апрель Чернобыль окуясынын күнүнө карата мемориалдык эстелик орнотуу
3111
200 000
Негиз: Чернобль окуясынын катышуучуларынын кайрылуусу
55
Баткен шаарыдык “Орукзар” редакциясына тустуу принтер сатып алуу
2215
100 000
56
Шаардын борбордук кочолоруно таштанды салуучу темир тосмолорду сатып алуу
2215
350 000
Бардыгы
8 423 000
2016-жылдын иш чараларынын планынын негизинде аткарылып, 2017-жылдын жергиликтүү бюджеттин эсебинен которулуучу акча каражаттар
55
Кызыл-Жол балдар бакчасынын ашканасын ремонттоо -электр энергиясы менен камсыз кылуу.
3112
102 116
128 000
Иш чара 2016-жылдын планында 839.0 миң сом менен бекитилген. Ашкананы ремонттоо жана электр энергиясы менен камсыздоо иштери “Автоэнергоснаб” ЖЧКсы тарабынан бүткөрүлгөн. Азыркы сунушталып жаткан сумма 2017-жылдын эсебинен төлөнүүчү карыз.
56
Ж.Бөкөнбаев мектебинин ашканасын ремонттоо
2221
247 788
Иш чара 2016-жылдын планында 547.8 миң сом менен бекитилген. Ашкананын ремонт иштери “Хан-Кен” ЖЧКсы тарабынан бүткөрүлгөн. Азыркы сунушталып жаткан сумма 2017-жылдын эсебинен төлөнүүчү карыз.
57
Ж.Бөкөнбаев мектебине ашканага хозтоварларды сатып алуу
3112
200 010
Келишимдин талаптарында ашкананы хозтоварлар менен камсыз кылгандан кийин акча каражатын которуп берүү жагы белгиленген. Бүгүнкү күндө хозтоварлар менен камсыздалган. Акча каражаты 2017-жылдын эсебинен которулуп берилет. Аткаруучу тарап “Кел-Кел” ЖЧКсы.
58
Сайдиман-Ажи көчөсүнө сугат ноолорун орнотуу, темир тосмо жана тротуар куруу
3111
588 330
Иш чара 2016-жылдын планында 888.3 миң сом менен бекитилген. Ашкананын ремонт иштери “Олимп ГРУПП” ЖЧК тарабынан бүткөрүлгөн. Азыркы сунушталып жаткан сумма 2017-жылдын эсебинен төлөнүүчү карыз.
59
“Данектай” балдар бакчасын күндөлүк тиричилик техникалар жана мебелдер менен камсыз кылуу
3112
357 500
Келишимдин талаптарында ашкананы хозтоварлар менен камсыз кылгандан кийин акча каражатын которуп берүү жагы белгиленген. Бүгүнкү күндө иш чара аткарылган. Акча каражаты 2017-жылдын эсебинен которулуп берилет. Аткаруучу тараптар Ч/П Х.Эгембердиев жана Ч/П Ж.Нишанова.
60
Баткен шаарынын комплекстүү өнүгүү программасын иштеп чыгуу
2215
75 000
Иш чара 2016-жылдын планында 150.0 миң сом менен бекитилген. Иш чара “Муниципалитеттерди өнүктүрүү” коомдук фонду (Кудайбергенов Айылчы) тарабынан даярдалган.
61
“Баткен Тазалык” муниципалдык ишканасына төлөнүүчү карыздар
2215
467 065
Иш чара 2016-жылдын планы менен бекитилген. Азыркы сунушталып жаткан сумма 2017-жылдын эсебинен төлөнүүчү карыз.
62
“Эркиндик” эстелигин капиталдык ремонттоо
3111
55 898
Иш чара 2016-жылдын планында 411.0 миң сом менен бекитилген. Иш чара “Хан-Кен” ЖЧКсы тарабынан бүткөрүлгөн. Азыркы сунушталып жаткан сумма 2017-жылдын эсебинен төлөнүүчү карыз.
63
Жол чырактарды ремонттоо
2215
92 561
Иш чара 2016-жылдын планы менен бекитилген. Азыркы сунушталып жаткан сумма 2017-жылдын эсебинен төлөнүүчү карыз. Аткаруучу тарап “СМЭП ОДПС УВД” г.Жалал-Абад
64
ЭЦП (флещка)
2222
8 000
Мэриянын электрондук эсебин ачуу үчүн
65
Баткен шаарынын СССРдин 60 жылдыгы, Э.Калыков, Степная көчөлөрүн түнкү жарыктандыруу үчүн электр жабдууларын сатып алуу
3112
226 929
Баткен шаарынын СССРдин 60 жылдыгы, Э.Калыков, Степная көчөлөрүн түнкү жарыктандырууга электр жабдууларын сатып алуу үчүн 2016-жылы 3 ирет порталга жарыяланып жеңүүчүсү аныкталбай түз келиш түзүлгөн.
66
Стимгрантка сунушталуучу даярдалган долбоорлорду каржылоо
2215
500 400
Стимрантка сунушталган И.Жусупов, К.Турмаматов, Т.Садыков көчөлөрүнө сугат ноолорун орнотуу жана тротуар куруу долбоорлорун даярдоо үчүн 2016-жылы порталга жарыяланган. Жыйынтыгында Ош шаарындагы “Арх ТБ” ЖЧКсы жеңүүчү деп табылып долбоорлор даярдалган. Акча каражаты которулуп бериле элек.
67
Курманжан – Датка көчөсүнө асфальт төшөө боюнча аткарылган жумуштарды каржылоо
2215
570 080
2016-жыл ичинде КР Президентинин Баткен облусуна болгон иш сапарына карата Курманжан Датка көчөсүнө ИИМдин имаратына кирүүчү жолго асфальт төшөө иштери бүткөн. Акча каражаты которулуп бериле элек. Аткаруучу тарап “КС-интер” ЖЧКсы эсептелет.
68
Арх-га (эски жылдык карыз) (Заключение, АПУ, ПСД, Топосъемка иш кагаздары боюнча
2215
783 813
2015-2016-жылдарга келишимдин негизинде аткарылган иш кагаздарга төлөнүүчү акча каражаты которулуп бериле элек.
69
АБР ге которулуучу карыздар
2215
265 000
Таза суу сист-сын реабилитациялоо долбоорунан төлөнбөй калган эски карыздар
70
Кызыл-Жол “Данектай” жана жамааттык балдар бакчасынын кошумча оңдоп-түзөө иштерин каржылоо
2215
187 898
“Автоэнергоснаб” ЖЧКсы аркылуу кошумча аткарылган иштерге болгон карыз.
71
Мэриянын имаратынын башкы кирүү эшигин алмаштыруу жана күзөткана куруу
2222
50 000
Иш чара бүткөрүлгөн. Акча каржаты которула элек. Аткаруучу тарап “Идеал” ЖЧК сы.
72
“Kyrgyz TREC International” ЖЧК сына Баткен шаарынын Панфилов көчөсүн асфалттоо долбоорун даярдоо үчүн төлөнүүчү карыз
2215
429 600
2015-жылы Панфилов көчөсүн асфалтоо долбоору даярдалган. Бүгүнкү күндө карыз болуп турат.
73
И.Раззаков көчөсүндөгү курулган тротуардын төлөнбөй калган каражатын бөлүп берүү.
3111
213 300
Бул иш чара 2015-2016-жылы аткарылган. Жалпы суммасы 711 000 сомду түзөт. Бүгүнкү күндө акча каражаты биз тараптан толук төлөнбөй 30% карыз болуп турат. Аткаруучу тарап “АБСЭМ” ЖЧКсы.
74
Кызыл-Жол кварталындагы жамааттык балдар бакчасынын ремонт иштеринин төлөнбөй калган каражатын бөлүп берүү.
3111
116 100
Бул иш чара 2016-жылы аткарылган. Жалпы суммасы 387 000 сомду түзөт. Бүгүнкү күндө биз тараптан толук төлөнбөй карыз болуп турат. Аткаруучу тарап “АБСЭМ” ЖЧКсы.
бардыгы
5 665 388
ЖАЛПЫ СУММАСЫ
38 675 562
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 2
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 21 апреля 2015 года № 230 "Об утверждении Положения об отборе и финансировании проектов за счет долевых (стимулирующих) грантов и Инструкции по…Постановление · 21.04.2015 · № 230 · Утратил силу
Связанные документы (2)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Баткен шаардык Кенешинин 2018-жылдын 19-мартындагы № 01-08/7 "Баткен шаарынын инфраструктурасын 2017-жыл ичинде өнүктүрүүгө батытталган иш чаранын аткарылышы жана 2018-жыл ичинде…Постановление · 19.03.2018 · № 01-08/7
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · Утратил силу