Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 06-июнундагы №91 «Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө» аттуу Мыйзамын аткаруу жөнүндө» токтому
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги 18- сессиясы (бешинчи чакырылыштагы )
2017-жылдын 24-февралы № 13 Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 06-июнундагы №91 «Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө» аттуу Мыйзамын аткаруу жөнүндө Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн ветинспектору Курбанбаев Осмондун Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 06-июнундагы №91 «Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө» аттуу Мыйзамын аткаруу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо боюнча:
· Ар бир ири мүйүздүү малга басылган кулак сыргалары үчүн 40 сомдон жана ветадистердин кызматы үчүн 30 сомдон кызмат акы эл тарабынан төлөнүп берилсин.
· Малдарды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасын маалымат базасына киргизгендиги үчүн оператордун кызмат акысы айыл өкмөтү тарабынан төлөнүп берилсин. (Т.Туйбаев)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына тапшырылсын. (А.Мурзаев)
Төрага
А. Беделов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Закон «Об идентификации животных»Закон · 06.06.2013 · № 91