# Кочкор айылдык кеңешинин 2016-жылдын 4-августундагы № 29/4 "Келишимди бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кочкор айылдык кеңешинин 2016-жылдын 4-августундагы № 29/4 "Келишимди бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 29/4
- Дата принятия: 04.08.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 04.08.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/250070>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-28329/edition/779258/ru>

> Текст приведён по редакции от 04.08.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кочкор айылдык кеңешинин 2016-жылдын 4-августундагы № 29/4 "Келишимди бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 04.08.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/250070

---

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кочкор айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз 29- сессиясы

2016-жылдын 4-августу № 29/4 Келишимди бекитүү жөнүндө Кыргыз Ресрубликасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды бекитүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы укуктарды берүү жөнүндө №145 токтомунун негизинде, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Кочкор районунун Кочкор айыл аймагында статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика бөлүмү менен Кочкор районунун Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишими жана жетектөөчү адис статистик штат бирдиги бекитилсин.

2. Кыргыз Ресрубликасынын Каржы Министирлигинен түзүлгөн келишимдин негизинде жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин талаптарына ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жетектөөчү адисти каржылоого керектелүүчү финансылык каражаттарды жергиликтүү бюджетке которуп берүү жагы суралсын.

3. Кочкор айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Г.Д. Калыковага келишимде көрсөтүлгөн статистикалык маалыматтароды жыйноо боюнча жетектөөчү адистин иш милдеттерин аткарууга кеткен чыгымдарын жергиликтүү бюджетке которулуусуна жана акча каражаттарынын мыйзам чегинде чыгымдалышына көзөмөл кылуу жагы тапшырылсын.

Төрага

А. Аситов
