# Жалал-Абад шаардык кенешинин 2010-жылдын 13-июлундагы № 2 "Муниципалдык менчикти башкаруу концепциясын жана менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндѳ"токтому

- Полное наименование: Жалал-Абад шаардык кенешинин 2010-жылдын 13-июлундагы № 2 "Муниципалдык менчикти башкаруу концепциясын жана менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндѳ"токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2
- Дата принятия: 13.07.2010
- Статус: Действует
- Редакция от: 13.07.2010
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/24477>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-692/edition/333973/ru>

> Текст приведён по редакции от 13.07.2010 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жалал-Абад шаардык кенешинин 2010-жылдын 13-июлундагы № 2 "Муниципалдык менчикти башкаруу концепциясын жана менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндѳ"токтому (ред. от 13.07.2010) - https://aqlex.ai/kg/doc/24477

---

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XIII СЕССИЯСЫ

2010-жылдын 13-июлу №2

Муниципалдык менчикти башкаруу концепциясын жана менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндѳ Шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитети тарабынан 18.05.2010-жылдагы жазылган №455-катынын негизинде жана шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы Т.Каратаевдин маалыматын эске алып, КРсынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө» мыйзамынын 27-беренесинин 5-пунктуна ылайык депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигинин 2010-2011-жылдарга башкаруу концепциясы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. 2010-2011-жылдарга муниципалдык менчиктеги мүлктүн жана объектилердин менчиктештирүү программасы №2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин төрагасына (Т.Касымов) ишмердүүлүгүндө жогоруда айтылган Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигинин 2010-2011-жылдарга башкаруу концепциясы жана муниципалдык менчиктеги мүлктүн жана объектилердин менчиктештирүү программасын колдонуу жагы милдетендирилсин

4. Ушул буйруктун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысы-юристи Б.Абдыловго милдеттендирилсин.

5. Ушул токтом кол коюлган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.

Тѳрага

Т.Энназаров
