Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин «Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүгүнүн III чакырылыштагы шаардык кезексиз I Элдик Курултайын чакыруу жөнүндө.» токтому
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2010 - жылдын 3 - февралы № 12/71 Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүгүнүн III чакырылыштагы шаардык кезексиз I Элдик Курултайын чакыруу жөнүндө. "Кыргыз Республикасынын Ынтымак Курултайы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 21-январындагы №8 Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси тарабынан бекитилген "2010 - жылдын 23 - мартында өткөрүү белгиленген, Кыргыз Республикасынын Ынтымак Курултайына административдик-аймактык бирдиктерден делегаттарды көрсөтүүнү уюштуруу боюнча" Эскертмеге ылайык, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республкасынын Мыйзамына жана Кызыл-Кыя шаарынын Уставына негиз, күн тартибиндеги маселе боюнча шаардык кеңештин төрагасы М. Эрановтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүгүнүн III чакырылыштагы шаардык кезексиз I Элдик Курултайы 2010-жылдын 9-февраль шейшемби күнү саат 10—го чакырылсын.
2. Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүгүнүн III чакырылыштагы шаардык кезексиз I Элдик Курултайын өткөрүү жана уюштуруу боюнча комиссиянын курамы бекитилсин. (№1-тиркеме).
3. Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүгүнүн III чакырылыштагы шаардык кезексиз I Элдик Курултайынын кароосуна сунушталган төмөнкү күн тартиби бекитилсин:
1) Кызыл-Кыя шаарындагы иштердин жалпы абалы, акыркы эки жылда шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышынын жыйынтыгы жөнүндө шаардын мэри А.Анарбаевтин билдирүүсү.
2) Кызыл-Кыя шаарынын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.
3) Кыргыз Республикасынын I Ынтымак Курултайына Кызыл-Кыя шаарынан делегаттарды шайлоо жөнүндө.
4. Шаардык Курултайдын делегаттыгына жергиликтүү жамааттардын 18 жаштан жогору өкүлдөрүнөн 350 делегат шайлоо нормасы бекитилсин.
5. Шаардык Курултайдын делегаттыгына делегаттарды шайлоо боюнча айылдык жыйындар, шаардагы кварталдык жана үй комитеттеринде, мекеме-уюмдарда, ишканаларда, окуу жайларда чогулуштарды өткөрүү графиги бекитилсин. (№2-тиркеме).
6. Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүгүнүн III чакырылыштагы шаардык кезексиз I Элдик Курултайы шаардын мэриясынын чоң залында өткөрүлсүн.
7. Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүгүнүн III чакырылыштагы шаардык кезексиз I Элдик Курултайына шаардык Курултайдын делегаттары, шаардык кеңештин депутаттары, шаардагы мекеме, уюм, ишкана жана окуу жайларынын жетекчилери, айылдык аймактык башкармалыктардын жана айылдардын башчылары, кварталдык жана үй комитеттеринин төрагалары, өкмөттүк эмес уюмдардын жетекчилери чакырылсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин төрагасы М. Эрановко тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеңешинин төрагасы:
М.Эранов
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин төрагасынын 2010- жылдын 3-февралындагы №12/71 токтомуна №1 тиркеме
Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүгүнүн III чакырылыштагы шаардык кезексиз I Элдик Курултайын өткөрүү жана уюштуруу боюнча комисснясынын КУРАМЫ
1. Ботоев М.Г. - шаардын I вице-мэри, комиссиянын төрагасы.
Комиссиянын мүчөлөрү:
2. Абдукаюмов Р.- шаардык кеңештин жооптуу катчысы;
3. Айтматов ММ. - шаардык кенештин башкы адиси;
4. Салиев И.М. - шаардын мэриясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу секторунун башчысы;
5. Кантов Т.-Ак-Жол Элдик партиясынын Кызыл-Кыя шаардык комитетинин катчысынын орун басары;
6. Зулпуев A.M. - шаардык кеңештин социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
7. Хаджабеков Э.Д.- шаардык кеңештин депутаты;
8. Мадумаров Г.Г. - Каракозу ТОСунун башчысы;
9. Алимбекова Т. - шаардагы "Спарк" коомдук фондусунун жетекчиси.
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин жооптуу катчысы
Р.Абдукаюмов
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (IV чакырылышы) 2010-жылдын 3-февралындагы №12/71 токтомуна №2 тиркеме
Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүгүнүн III чакырылыштагы шаардык Элдик Курульайына делегаттарды көрсөтүү боюнча айылдык жыйындарды, шаардагы кварталдык жана үй комитеттеринде, мекеме-уюмдарында, ишканаларда, окуу жайларда чогулуштарды өткөрүүнүн ГРАФИГИ
№пп
Чогулуштарды, жыйындарды, чогулуштарды өткөрүүчүлөр
Чогулуштарды, жыйындарды өткөрүү датасы
Чогулуштарды, жыйындарды өткөрүүгө жооптуу кызматкер
Чогулуштарды, жыйындардга катышуучу комиссия мүчөсү
1.
Ак-Булак айылы
03.02.2010 ж.
Алиев П.Г Маматов А
Абдукаюмов Р
2.
Караван., Жин-Жиген айылдары
04.02.2010 ж.
Абдурасулов А Имаров Ө Узакбаев Т.
Айтматов М.
3.
Шаардагы мекеме, уюм, ишканалар, саясий партиялар, өкмөттүк эмес уюмдар
04-06.02.2010
Ботоев М.Г Цой Ф.И. Досматов Н.
Хаджабеков Э.Д.
4.
Шаардагы окуу жайлары
04-06.02.2010
Арапова Э.Б. Арапов Н.
Зулпуев А.М.
5.
Шаардын “Кара-Козу”, “Первомайский” ТОСторунун кварталдык комитеттери
04-06.02.2010-ж
Дарипова У.М. Турдуматов К
Мадумаров Г.
6.
Шаардын “Микрорайон”, “Кулатов” ТОСторунун кварталдык жана үй комитеттери
04-06.02.2010-ж
Арапова Э.Б. Жолдошов И. Топчубаев У.
Салиев И. Алимбекова Т
7.
Шаардын “Январский”,”Кенчилер”, “БАМ” ТОСторунун кварталдык жана үй комитеттери
04-06-02-2010-ж
Эрматов А.М. Курбанов Ж
Абдукаюмов Р Кантов Т.
8.
“Машзавод”,“Суухана”ТОСторунун кварталдык комитеттери
04-06.02.2010-ж
Маматов М.Т. Турдумаматов К
Айтматов М.
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин жооптуу катчысы:
Р.Абдукаюмов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Указ Президента КР от 21 января 2010 года № 8 "О созыве Курултая Согласия Кыргызской Республики"Указ · 21.01.2010 · № 8 · Утратил силу