Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Керме-Тоо айылдык кеңешинин «Керме-Тоо айылдык кеңешинин жайыт комитетинин2013- жылда аткарган иштери жана 2014-жылдагы бюджеттинин долбоорун бекитүү жөнүндө» токтому
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Керме-Тоо айылдык Кеңешинин V чакырылышынын X сессиясы
2014-жылдын 15-февралы № 11 Керме-Тоо айылдык кеңешинин жайыт комитетинин2013- жылда аткарган иштери жана 2014-жылдагы бюджеттинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңештин депутаттары Керме-Тоо айылдык кеңешинин ЖПБнын төрагасы Ж.Тагаевдин 2013- жылда аткарган иштери жөнүндөгү баяндаманы угуп кызуу талкуулап, жайыт комитетинин 2014-жылдагы бюджеттинин долбоорун карап жогорудагы маселелерди угуп талкуулап, төмөндөгүдөй ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ЖПБнын төрагасы Ж.Тагаевдин 2013- жылда аткарган иштери канаатандырарлык деп табылсын.
1. Жайыт пайдалануучулардын бирикмесине айыл өкмөтү тарабынан пайдаланууга жарактуу деп өткөрүп берилген 4174,5 га жайыт жери бекитилип берилсин.
Анын ичинен жарактуу 2 850 га жерге жер салыгы төлөнсүн. Берилген жайыт жерлерин туура пайдалануу жана жайыт мыйзамдарына негиздүү иштерди жүргүзүү ЖПБнын төрагасы Ж. Тагаевке тапшырылсын.
4.Керме-Тоо жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2014-жылдын 25-мартындагы № ___ токтомундагы бюджетинин 368 495 (үч жүз алтымыш сегиз миң төрт жүз токсон беш) сом киреше булагы, 368 495 (үч жүз алтымыш сегиз миң төрт жүз токсон беш) сом чыгашалык иш чаралары бекитилсин.
Керме-Тоо жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан жергиликтуу малдарга, бир баш кара малга жыл ичинде 150 сом. жылкыларга 150 сом, койлорго 30 сом, эчкилерге 30 сом, топоздорго 150 сом, эшектерге 150 сомдон. Сырттан алып келген малдар үчүн уй-жылкыга 300 сом, койго 60 сомдон белгиленсин түзүлгөн наркы жана ошондой эле Керме-Тоо жайыт комитетинин жайыттарына уруксатсыз мал баккандарга Кыргыз Республикасьшын өкмөтүнүн 17.08.92-ж. №403 токтомунун негизинде акт түзүлүп жазана салынуусу тиркемеге ылайык аткарылсын. (Тиркеме тиркелет). Чөп орундуу жерлерге 10 сом, ал эми жайыт жерлерге буудай, картошка жана башка дыйканчылык жерлерге 50 сом, көрктөндүрүү максатындагы бактарга 30 сом, бал аарычылыкка 1 уясына 20 сом жана жайыттан отун пайдалангандыгы учун 1 м3 500 сомдон бир жылга 2 м3 кургак отун үчүн 1000 сомдон коюлган баасы бектилсин.
5.Кыргыз Республикасьшын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябры № 515 токтому менен бекитилген Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө типтүү жобосу ишке ашырылсын.
6. Жайыт жерлерипен ар кандай кен казуучуулар, балык чарбачылыгын өндүрүүчүлөр жана изилдөөлөр боюнча бузулган жер кыртышы үчүн Кыргыз Республикасыныи өкмөтүнүн 07.09.2004-ж. № 668 токтомунун негизинде ар бир м2 жерге 21 сом төлөнүп берилүүсү жана казуу жумуштары бүткөндөн кийип ошол жерди кайра реабилитациялап берүү иштерин аткаруусу милдеттендирилет.
7. Жайыт пайдалануу чөйрөсүндө жер кыртышын бузуу, өсүмдүктөрүн өсүүсүнө зыян келтирүү жана жапайы жаныбарларга аңчылык кылуу боюнча болгон укук бузуучулар үчүн Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү кодекси Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 17.08.92-жыл № 402,
№ 403 токтомунун нсгизинде, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 07,09.2004-жыл № 668 токтому менен каралган администрациялык жаза чаралары колдонулсун. Жазанадан түшкөн акча каражаттары жайыттардын инфраструктурасын калыбына келтирүү жумуштарына жумшалсын.
8. Керме-Тоо жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2014-жылга жайыт инфраструктурасын жакшыртуу боюнча түзүлгөн иш планы бекитилсин.
9. КРнын мыйзамдарын аткаруусун талап кылуу жана жер -жерлерде жайыт пайдалануучуларга мыйзамдар жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү ЖПБнын төрагасы . Тагаев Жуманазарга жана инспекторлоруна, Айыл башчыларына милдеттендирилсин.
10. Айылдык ветеринар эрте жаздан баштап башка жактан келген малдар үчүн ветеринардык постту уюштуруп, жайытка чыгуучу жергиликтүү жана башка жактан келген малдарды ар кандай ыландарга каршы алдын ала эмдөөлөр жүргүзүлгөндүгү боюнча аныктоо иштерин жүргүзүп малдардын санын жана малдардын абалы жөнүндө маалымат берип туруусу жүктөлсүн.
11. Жайытка малдарды чыгаруу мезгилинде 2014-жылдын 25-мартындагы № ___ айылдык Кеңешинин токтомунун иш-чарасына ылайык, малдардын ар кандай ыландарына каршы алдын ала эмдөөлөрдү ветеринардык врачтар тарабынан жүргүзүлгөндүгү боюнча малдарга берилген аныктамаларын көрүп, жайыт билетин көрсөтүү жана 50 % төлөмүн төлөө жайытка чыгарууну көзөмөлдөө жана Күнгөй бет жайыттарга 10-апрелден 25-апрелге чейин, жакынкы тескей жайыттарына 26-апрелден 25-майга чейин, ортоңку жайыттарга 26-майдан 1-сентябрга чейин, жакынкы тескей жайыттарына 2-сентябрдан 25-сентябрга чейин, 26-сентябрдан күнгөй жайыттарына малдарды жайдыруу мөөнөтөрүн карап көз салуу иштери Керме-Тоо ЖПБнын инспекторлоруна тапшырылсын.
12. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырысын.
13. Жайыт комитетинин өзүнүн жеке авто машинасынын маркасы AUDI -100 номер W 79 -62 В жайыт комитетине кызмат катары колдонулсун, күйүүчү май айына 170 литрден бекитилсин.
14.Түзүлгөн келишим чөп чабык, бакчылык, балыкчылык жана башка келишимдердин мөөнөтү 3 жылдан 10 жылга чейин белгиленсин.
Керме-Тоо айылдык Кеӊешинин төрагасы
С. Гүлжигитов
Керме-Тоо айылдык Кеңешинин
2014.25.03. V - чакырылышынын XI-
сессиясынын отуруму. № 11 токтомуна тиркемени
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн № 403 токтомунун 3-пунктунун негизинде (17.08.92) Айыл өкмөтүнүн жайыт жерлерине матсриалдык жактан келтирилген зыяндар үчүн жоопкерчилик.Декабрь, январь айларында кыйылган дарактар учун 10 эселенген жазана төлөнөт. Ар бир кыйылган даракка же бадалга өсүүсүнө токтой турган зыян келтирилсе төмөнкүдөй жазана салынат. дарактардын 10 жаштан жогоркусунун кесилген түбүнүн диаметрине- 4 см ге чейин_381 -48 т. 4 см ден 8 см ге чейин_508-60 т. 8Д см ден 12 см ге чейин_635-76 т, 12,1 см ден 16 см ге чейин_762-92 т. 16,1 см ден 20 см ге чейин_ 890-08 т. 20,1 см ден 24 см ге чейин_1017-20 т. 24,1 см ден 28 см ге чейин_ 1144-39 т. 28,1 см ден 32 см ге чейин_ 1271-58 т. 32 см ден ашкандан кийин ар бир сантиметрине 381-48 тыйын кошулат. -бадалдардын ар бир түбүнө — 507-06 тыйын.
- Айылдык округунун жайыт жерлерине уруксатсыз мал бакса
- ири муйуздуу мал жана жылкы 2 жаштан жогоркусуна — 938-95 т.
- эки жашка чейинки музоо, тай, койлорго — 260-82 т.
- эчки ар башына - 1564-92 т.
Кыр.Респ. өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-сентябрындагы № 668 токтомуна ылайык мамлекеттик жайыт жерлеринин бузулган ар бир кв, м. жер кыртышына минималдык эмгек акынын көбөйтүү жолу менен жазана сальшат.
A) маданий отургузулган көчөттөр, питомник- 0,80 Б) кайрак айдоо, бак, токой, көп жылдык- 0,06
B) чөп орунду, мал жайыт, жайлоо — 0,06
Кырг.Респ.өкмөтүнүн 1992-жылдын 17-августундагы №402 токтомунун негизинде жаныбарлар дүйнөсүнө келтирилген зыянга төлөнүүчү айыптардын өлчөмү: жаныбарлардын түрү: Кийик-7964-04т., Каман-4238-43т., Суур, улар, кашкулак-2119-21т., Чон кирпи -3477-60т., Кекилик, кыргоол-706-41т., Сүлөөсүн-8476-б5т., Илбирс- 199640с, Бүркүт- 14135-80т., Ителги-31788-17т., Коен -1412-88т., Элик-3532-02T., Элик- 5651-1 От..
2.2013-жылда жайыт комитетине түшө турган акчаларды толук өндүрүп алуу жагы ЖПБнын төрагасы Ж.Тагаевге милдеттендирилсин.
3. 2013-жыл үчүн ар бир малга 100 сомдон кой эчкиге 20 сомдон жайыт акы белгиленсин.
4.Ал эми башка айыл өкмөттөрүнөн айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине тийиштүү жайлоолорго чыккан малчылар ар бир шарттуу малга 150 сомдон кой-эчкиге 30 сомдон жайыт акы белгиленсин.
4.Чөп чабык жерлердин салыгы үчүн 1 сотых жерге 10 сом, ал эми өзү
өздөштүргөн чөп чабык жерлердин сотиги 5 сомдон деп ал эми жакынкы жана алыскы жайыт жерлериндеги тосуп алган жайыттар үчүн сотигине 30 сомдон белгиленсин.Ошондой эле жайыт комитетине караган, Араван цемент заводу сырье катары топурак алган жер үчүн сотигине 30 сомдон төлөө белгиленсин. айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине төгүү
5.Жайыт комитетине караган жерлерге өз алдынча мыйзамсыз картошка эккендер 1 сотых үчүн 100 сом өлчөмүндө салык төлөө жагы белгиленсин.
6.Жайыт комитетине караган жерлерге эгилген мөмөлүү бак дарактардан алынган жемиштердин жалпы түшүмүнүн 20%алуу, ошондой эле бал аарычылыктын ящигине 50 сомдон, балыкчылык боюнча метр квадратына 20 сомдон белгиленсин.
7.Жайлоого чыккан малчылардан бир сезонго отун алып пайдалангандыгы үчүн 600 сомдон төлөө жагы белгиленсин,
8. Араван цемент заводу жайыт комитетини социалдык инфраструктурасына материалдык жана техникалык жактан жардам берүү жагы белгиленсин.
9.Жайыт комитетинин инспектору жайыт салыгынын кассасына чогултуп төккөн сумманын 10 % айлык акы катары чегерилсин.
10. Жайыт комитетинин төрагасынын жеке автомашинасы кызматтык автомашина катары пайдаланылсын, күйүүчү май оңдоп түзө иштерине кеткен чыгымдар жыйыт комитетинин бюджетинен каралсын.
11.Жайыт комитетинин 2855 га жайытка жарактуу жерине 12,70 сомдон салык белгиленсин.
12.АРИС агенттиги жана жайыт комитети менен биргеликте курулуучу обьектилерди бүтүрүп айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүү жагы түзүлгөн комиссиянын курамы менен ЖПБнын төрагасы Ж.Тагаевге жүктөлсүн.
13. - Жайлоого айдалуучу малдарга ветеринардык эмдөөлөр, вакцинациялар толук жүргүзүлгөндөн кийин жана жайыт комитетине
50% акчасын төлөгөндөн кийин гана жайыт билети берилсин.
14. Жайыт комитетинин 1 жылдык жана 5 жылдык пландары бекитилсин.
15.Жайыт комитетинин кыйыр салыктары эске алынып,жайыт комитетинин бюджети 331895 (үч жүз отуз бир миң сегиз жүз токсон беш миң ) сом болуп белгиленсин.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (3)
- Постановление Правительства КР от 7 сентября 2004 года № 668 "О материальной ответственности за ущерб, причиненный порчей земель"Постановление · 07.09.2004 · № 668 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 13 сентября 2013 года № 515 "О порядке предоставления права пользования пастбищными ресурсами в иных целях, не связанных с выпасом скота"Постановление · 13.09.2013 · № 515 · Утратил силу
- Постановление Правительства РК от 17 августа 1992 года №402 "Об утверждении такс для исчисления размеров исков за ущерб, причиненный ресурсам животного и растительного мира, а…Постановление · 17.08.1992 · № 402 · Утратил силу