# Талас шаардык кеңешинин 2009-жылдын 28-апрелиндеги № 58/8-5 "Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун "курулуш куруу жана жерди пайдалануу эрежесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Талас шаардык кеңешинин 2009-жылдын 28-апрелиндеги № 58/8-5 "Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун "курулуш куруу жана жерди пайдалануу эрежесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 58/8-5
- Дата принятия: 28.04.2009
- Статус: Действует
- Редакция от: 28.04.2009
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/24013>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-489/edition/587453/ru>

> Текст приведён по редакции от 28.04.2009 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Талас шаардык кеңешинин 2009-жылдын 28-апрелиндеги № 58/8-5 "Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун "курулуш куруу жана жерди пайдалануу эрежесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (ред. от 28.04.2009) - https://aqlex.ai/kg/doc/24013

---

ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2009-жылдын 28-апрели № 58/8-5 "Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун "курулуш куруу жана жерди пайдалануу эрежесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын "Талас шаарынын борбордук паркынан орун алган мурдагы эски жайкы кинотеатр Кыргыз Республикасынын Мүлк фондусу аркылуу сатылып, бирок Талас шаардык депутаттар Кеӊешинин 2005-жылдын 18-апрелинде №36/6-24 сандуу токтому менен Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун "Курулуш куруу жана жерди пайдалануу эрежеси" менен Талас шаарын зоналаштыруу учурунда Алымкулов Алтынбайга тиешелүү болгон эски жайкы кинотеатр Талас шаарынын Р-1 парктар зонасына кирип калгандыгына байланыштуу, Алымкулов Алтынбайга тиешелүү болгон эски жайкы кинотеатрдын 1025,06 кв.м. жер участогун Р-1 зонасынан Ц-1 зонасына которуу боюнча сунушунун, Талас шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын 2009-жылдын 2-апрелиндеги № АК-14 кортундусунун, Талас шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктө каттоо башкармалыгынын 2009-жылдын 28-апрелиндеги №121 корутундусунун жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18,79 ст. ошондой эле Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү" мыйзамынын 18ст.15п. жана "Курулуш куруу жана жерди пайдалануу эрежесинин" 22 ст. ылайык Талас шаардык депутаттар Кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас шаарынын борбордук паркындагы эски жайкы кинотеатрга тиешелүү болгон 1025,06 кв.м. жер аянты Р-1 зонасынан Ц-1 зонасына которулсун.

2. Кабыл алынган токтом Талас областтык адилет башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.

3. Кабыл алынган токтом Талас шаардык "Жаңы багыт" жана "Талас турмушу" газеталарына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин жана жарыялангандыгы үчүн Талас областтык адилет башкармалыгына билдирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талас шаардык депутаттар Кеӊешинин жооптуу катчысы Э.Ашыралиевге жүктөлсүн.

Төрага

Ж.Жаналиев
