# Карасуу райондук мамлекеттик администрациясынын 2006-жылдын 21-августундагы №188-б буйругу "Жаныбарлардын кутурма оорусуна байланыштуу Папан айыл өкмөтүнүн « Кызыл-Туу» айылынын тургуну Тешебаев Болуштун короосуна чектөө коюу жөнүндө

- Полное наименование: Карасуу райондук мамлекеттик администрациясынын 2006-жылдын 21-августундагы №188-б буйругу "Жаныбарлардын кутурма оорусуна байланыштуу Папан айыл өкмөтүнүн « Кызыл-Туу» айылынын тургуну Тешебаев Болуштун короосуна чектөө коюу жөнүндө
- Вид акта: Распоряжение
- Номер: 188
- Дата принятия: 21.08.2006
- Статус: Действует
- Редакция от: 21.09.2006
- Язык текста: русский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/doc/23864>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4953/edition/410106/ru>

> Текст приведён по редакции от 21.09.2006 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Карасуу райондук мамлекеттик администрациясынын 2006-жылдын 21-августундагы №188-б буйругу "Жаныбарлардын кутурма оорусуна байланыштуу Папан айыл өкмөтүнүн « Кызыл-Туу» айылынын тургуну Тешебаев Болуштун короосуна чектөө коюу жөнүндө (ред. от 21.09.2006) - https://aqlex.ai/doc/23864

---

Ош облусунун Адилет башкармасынын каттоосунан

2006-жылдын 24-августунда № 9-3-06 болуп өткөн

КАРАСУУ РАЙОНДУК МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН БУЙРУГУ

2006-жылдын 21-августу № 188

Жаныбарлардын кутурма оорусуна байланыштуу Папан айыл

өкмөтүнүн « Кызыл-Туу» айылынын тургуну Тешебаев Болуштун

короосуна чектөө коюу жөнүндө

Райондук мамлекеттик башкы ветеринардык инспектору С. Абдуллаевдин

билдирүүсүн угуп, Папан айыл ӨкмӨтүнүн Кызыл-Туу айылынын тургуну Тешебаев

Болуштун ити кутурма оорусуна күмӨн болуп, башын Ош облустук ветеринардык

лабороторияга жөнөткөндө 2006-жылдын 18-август күнү №28 экспертизада иттин

кутурма оорусу менен ооругандыгы аныкталгандыгына байланыштуу, Кыргыз

Республикасынын «Ветеринария» мыйзамынын жана «Жаныбарлардын кутурма

оорусуна каршы күрөшүү көрсөтмөсүнүн» негизинде

Буйрук кыламын:

1. Папан айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылынын тургуну Тешебаев Болуштун

короосуна кутурма оорусуна каршы чектөө коюлсун.

2. Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Мырзабеков М. Жана ветеринардык

инспектору С. Насыровко жаныбарлар арасында кутурма оорусун болтурбоо

максатында кароосуз калган ит-мышыктарды атып өлтүрүү үчүн атайын бригада

түзүп, элдер арасында профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана

кармоонун эрежелерин үйрөтүү милдеттендирилсин.

3. Карасуу райондук мамлекеттик башкы ветеринардык инспектору С.

Абдуллаевке кутурма оорусуна каршы атайын түзүлгөн ветеринардык-санитардык

иш чараларды толук жана өз убагында аткаруусу милдеттендирилсин.

4.Ушул буйруктун аткарьыышын көзөмөлдөө жагы Карасуурайондук

мамлекеттик администрациясынын биринчи орун басары А.Махаммадовко

жүктөлсүн.

Карасуу райондук мамлекеттик

администрациясынын башчысы-аким М.Джумабеков.

Карасуу райондук мамлекеттик администрациясына

Маалымат

Карасуу райондук мамлекеттик ветеринардык башкарма тӨмӨндӨгүлӨрдү

маалымдайт.

Карасуу районун Папан айыл ӨкмӨтүнүн «Кызыл-Туу» айылынын тургуну

Тешебаев Болуштун Өзүнүн ити 2006-жылы 17-август күнү кызын тиштеп

алгандыктан, итти кутурма оорусуна күмӨндӨп, аргасыздан өлтүрүп, башын 18-

август күнү Ош облустук ветеринардык лабораторияга жөнөткөндө, 2006-жылдын

18-август күндӨгү № 28 экспертизада ит кутурма оорусу менен ооругандыгы

аныкталды.

Ит менен байланышта болгон адамдар өз убагында Карасуу райондук

санитардык- эпидемиологиялык борборго билдирип, тийиштүү "медициналык

жардам алышууда. Кутурма оорусу пайда болгон Тешебаев Болуштун короосунда

жана Кызыл-Туу айылында кутурмага каршы эмдөө жана ветеринардык-санитардык

иш чаралар аткарылууда.

Карасуу райондук мамлекеттик ветеринардык башкарма, Карасуу райондук

мамлекеттик администрациясынан, Кыргыз Республикасынын «Ветеринария»

мыйзамынын жана жаныбарлардын кутурма оорусуна каршы күрөшүү боюнча

эреженин негизинде Тешебаев Болуштун короосуна чектӨӨ коюлушун суранат.

Карасуу райондук мамлекеттик

ветеринардык башкарманын

башчысы: С.А.Абдуллаев
