# Жумгал райондук кеңешинин 2006-жылдын 13-сентябрындагы № 24 С-П-5 "Райондун калктуу конуштарын жана айыл чарбасынын багытында эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн экономикалык пландаштыруу өзгөчөлүктөрүнө жараша салык коэффициенттерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Жумгал райондук кеңешинин 2006-жылдын 13-сентябрындагы № 24 С-П-5 "Райондун калктуу конуштарын жана айыл чарбасынын багытында эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн экономикалык пландаштыруу өзгөчөлүктөрүнө жараша салык коэффициенттерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 24
- Дата принятия: 13.09.2006
- Статус: Действует
- Редакция от: 13.09.2006
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/23450>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-211/edition/595252/ru>

> Текст приведён по редакции от 13.09.2006 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жумгал райондук кеңешинин 2006-жылдын 13-сентябрындагы № 24 С-П-5 "Райондун калктуу конуштарын жана айыл чарбасынын багытында эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн экономикалык пландаштыруу өзгөчөлүктөрүнө жараша салык коэффициенттерин бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 13.09.2006) - https://aqlex.ai/kg/doc/23450

---

ЖУМГАЛ РАЙОНДУК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2006-жылдын 13- сентябры № 24 С-П-5

Райондун калктуу конуштарын жана айыл чарбасынын багытында эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн экономикалык пландаштыруу өзгөчөлүктөрүнө жараша салык коэффициенттерин бекитүү жөнүндө.

Карала турган маселе боюнча көптөгөн жеке ишкерлер айыл чарбасынын багытында эмес жерлерден алынуучу салыктын өлчөмү көп болуп жатат деп депутаттарга кайрылышкан.Кайрылуунун негизинде, депутаттар маселе көтөрүшкөндүктөн салыктын өлчөмүн кайра кароо үчүн депутаттардын тобунан комиссия түзүлгөн. Комиссия райондук салык инспекциясы менен бирдикте бул маселени карап салык коэффициентине өзгөртүүлөрдү кийирүүнү сунушташты. Күн тартибиндеги маселе боюнча комиссиянын сунушун сессия карап жана талкуулап ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 23- марттагы №

57 «Айыл чарбасына жарактуу жерлерди, короо алдындагы жана дачалык жер участокторун, калктуу конуштардагы жана айыл чарбасынын багытында эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкалары жөнүндөгү мыйзамдын 7 статьясына ылайык райондун калктуу конуштарын жана айыл чарбасынын багытында эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн экономикалык пландаштыруу өзгөчөлүктөрүнө жараша төмөндөгүдөй салык коэффициенттери бекитилсин:

1. май куючу станциялар - 2

2. Вулканизация - 1.0

3. Тоо кен онор жайы - 4

4. Байланыш(телекоммуникация) - 5

5. Коомдук тамактануу - 2

6. Чакан базарлар,мал базарлары - 0.5

7. Транспорт ишканалары - 0.8

8. Курулуш уюмдары - 1.0

9. Турмуш-тиричилик ишканалары - 0.7

10. Банктар, офистер - 3.0

11. Мончолор - 1.5

12. Мейманканалар - 1.0

13. соода ишканалары, туйундору - 1 ( калк 5 миѕге чейин 0.6, 5

миѕден жогору 0.9, 10 миѕден жогору 1)

14. Тегирмендер - 2.0

15. Мекеме-ишканалар,уюмдар - 0.7

2. Бул токтом юстициядан бир айдын ичинде каттоодон јткјрілсін.

3. Райондук Кеѕештин 2004-жылдын 31-мартындагы 27 сессиясынын №С-

ХХУП-5 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук кеңештин укук,

финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Депутаттардын Жумгал райондук кеңешинин Төрагасы Б.Самудинов
