Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ош шаардык кеңешинин «Ичилүүчү сууга жана саркынды сууларды агызуудан алынуучу төлөмдөрдүн тарифтерин өзгөртүү жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ДЕПУТАТТАРДЫН ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫ (I ЧАКЫРЫК)
2007-жылдын 15-майы № 226 Ичилүүчү сууга жана саркынды сууларды агызуудан алынуучу төлөмдөрдүн тарифтерин өзгөртүү жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын 2007-жылдын 31-январындагы № 49/07-3-3 ичилүүчү сууга жана саркынды сууларды агызуудан алынуучу төлөмдөрдүн тарифтерин өзгөртүү жөнүндөгү катын карай чыгып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин коммуналдык менчик, курулуш жана архитектура маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2007-жылдын 4-майындагы № 8-токтомунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынын 2007-жылдын 15-майндагы №01-15/288-каттын негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калктан, бюджеттик мекемелерден, коммерциялык структуралардан жана өнөр-жай ишканаларынан ичилүүчү сууга жана саркынды сууларды агызуудан алынуучу төлөмдөрдүн тарифтерине киргизилген өзгөртүүлөр 2007-жылдын 1-майынан баштап жогорулатуу боюнча сунушталган эсептөөлөрдүн негизинде бекитилсин (тиркеме №1).
2. Ош шаарынын мэрине (Ж.Исаков):
-«Ошсууканал» муниципалдык мекемесинин материалдык-техникалык базасын реконструкциялоо жана өркүндөтүү максатында Ош шаарынын 2007-жылга каралган бюджетинен 10,0 млн.сом суммасында кредит бөлүп берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу; -аталган маселе боюнча мэриянын 2007-жылдын 6-мартындагы №337-токтомун депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясынын ушул токтомунун талабына ылайык иретке келтирүү жагы милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомду Ош шаардык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы депутаттардын Ош шаардык Кецешинин юристине (М.Авазов) тапшырылсын.
4. Аталган токтом мамлекеттик каттоодон өткөндөн тартып күчүнө кирет жана массалык маалымат каражаттарында жарыяланат.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин коммуналдык менчик. курулуш жана архитектура маселелери боюнча туруктуу депутаттык комисслясына (К.Алишеров) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы
Д.Алимбеков
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 15-майындагы кезектеги XXIV сессиясынын № 226-токтомуна № 1-тиркеме
2007-жылдын 1-майынан баштап суу жана канализация үчүн алынуучу төлөмдөрдүн ТАРИФИ
№
Керектөө пункту
1 кишиге сууну жана суюктук агындыны сарптоонун нормасы
1 кишиге бир жылга тариф (сом.тыйын)
1 кишиге бир айп тариф (сом, тыйьн
1.
Көчөдөгү суу чорголор
Суу 35 л/сут. х 365 күн = 12,775 куб.м./жыл х 2с.00тый.
25-55
2-13
Жергиликтүү салык 4%
1-02
0-08
Баары :
26-57
2-21
2.
Короодогу суу чорголор
Суу 60 л/сут. х 365 күн = 21,9 куб.м./жыл х 2с.00тый.
43-80
3-65
Жергиликтүү салык 4%
1-75
0-15
Баары :
45-55
3-80
3.
Оңтойсуз квартиралар
Суу 100 л/сут. х 365 күн = 36,5 куб.м./жыл х 2с.00тый.
73-00
6-08
Канализация: 36,5 куб.м./х 1с.70тый.
62-05
5-17
Баары:
135-05
11-25
Жергиликтүү салык 4%
5-40
0-45
Бардыгы:
140-45
11-70
4.
Ысык суусу жок жакшы квартиралар
Суу 130 л/сут. х 365 күн = 47,45 куб.м./жыл х 2с.00тый.
94-90
7-90
Канализация: 47,45 куб.м./х 1с.70тый.
80-67
6-72
Баары :
175-57
14-62
Жергиликтүү салык 4%
7-02
0-58
Барды гы:
182-59
15-20
5.
Суу түтүгү, канализациясы, ысык суусу, ваннасы,газы бар үйлөр
Суу 300 л/сут. х 365 күн = 109,5 куб.м./жыл х 2с.00тый.
219-00
18-25
Канализация: 109,5 куб.м./х 1с.70тый.
186-20
15-52
Баары:
405-20
33-77
Жергиликтүү салык 4%
16-21
1-35
Барды гы:
421-36
35-12
6.
Бак-дарактарды сугарган атуулдар үчүн
10 кв.м. сугарылуучу аянтка жылына (сугаруу сезонунда) 1 куб.м. (орточо 4,5 куб.м. каралган) жылына 1 жолу
80-10
Жергиликтүү салык 4%
3-20
Баары:
83-30
7.
Мончодон пайдалангандар үчүн
Суу
21-34
Канализация
12-80
Баары:
34-14
Жергиликтүү салык 4%
1-36
Бардыгы:
35-50
8.
Автомашиналары барлар үчүн
1 автомашинага жылына
17-40
Жергиликтүү салык 4%
0-70
Баары:
18-10
9.
Мал кармагандар үчүн
1 баш малга жылына
9-55
Жергиликтүү салык 4%
0-38
Баары:
9-93
10.
Өнөр-жай ишканалары жана мекемелер и
1 куб.м. сууга
8-64 (НДСсиз)
10-37 (НДС менен
1 куб.м. канализацияга
5-70(НДСсиз)
6-84 (НДС менен)
Баары:
14-34 (НДСсиз)
17-21 (НДС менен
11.
Бюджеттик мекемелер
1 куб.м.сууга
4-20 (НДСсиз)
5-04 (НДС менен)
1 куб.м. агындыларга
3-40 (НДСсиз)
4-08 (НДС менен)
Баары:
7-60 (НДСсиз)
9-12 (НДС менен)
12.
Коммерциялык иш каналар
1 куб.м. сууга
11-50 (НДСсиз)
13-80 (НДС менен
1 куб.м. агындыларга
7-60 (НДСсиз)
9-12 (НДС менен)
Баарьк
19-10(НДСсиз)
22-92 (НДС менен
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин aппapaт жетекчиси:
З.Сасыкбаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.