Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Учкун кеңешинин «Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы административдик укук бузуулар боюнча» токтому
УЧКУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Учкун кеңешинин ХХIХ чакырылышынын V сессиясы
2016-жылдын 12-июлу № 6/4 Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы административдик укук бузуулар боюнча Учкун айыл аймагынын айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Административдик укук бузуулар боюнча жобо жана эреже бекитилсин.
2. Токтомду веб сайтына жарыялоо жагы жооптуу катчы Т.Жумабаевке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп www.uchkun.naryn-region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Респбликасынын Ченемдик Укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
Учкун айылдык Кеӊешинин төрагасы
Ж. Осмоналиев
Учкун айылдык Кеңешинин Депутаттарынын 12-июль 2016-жылдагы V сессиясынын № 6/4 токтому менен бекитилди
Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиясы жөнүндөгү ЖОБО Ушул жобо Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиясынын макамын түзүү жана иштөө тартибин анын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын аныктайт.
1. Жалпы жоболор
1.1. Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссия (мындан ары- Комиссия) Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо үчүн айыл өкмөттүн алдында түзүлүүчү туруктуу иштөөчү коллегиялык орган болуп саналат.
1.2. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексин, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КРнын Мыйзамын, КРнын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КРнын Мыйзамын, КРнын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2015-жылдын № 01-24-75 сандуу буйругу менен бекитилген «КРнын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиялар жөнүндө» типтүү жобо жана башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул жобону жетекчиликке алат.
1.3. Комиссия администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди комиссиянын ачык жыйналыштарында кароого ыйгарым укуктуу, өз убагында жана калыс кароо, администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүү менен кабыл алынган чечимдердин аткарылышын камсыз кылуу Комиссиянын негизги максаты болуп саналат.
2. Негизги милдеттери жана функциялары
2.1. Комиссиянын негизги милдеттери болуп:
- Учкун айыл аймагында администрациялык укук бузууларды жасаган юридикалык, жеке жактарга, ошондой эле кызмат адамдарына карата администрациялык таасир көрсөтүү чараларын колдонуу;
- ар бир административдик укук бузуунун кырдаалын ар тараптуу, толук, обьективдүү, өз убагында карап, мыйзам чегинде чечүү;
- администрациялык укук бузуулардын алдын алуу жана аларга бөгөт коюу;
- администрациялык укук бузууларды жасоого көмөктөшүүчү себептер менен шарттарды табуу жана четтетүү;
- администрациялык укук бузуу ишине карата чыккан токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө;
- инсанды коргоо, жарандардын укуктарын жана эркиндигин, ден-соолугун, калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин, коомдук адептүүлүтү, жаратылыштагы айлана чөйрөнү, бекитилген тартипте мамлекеттик бийликти жүргүзүү жана башкаруу тартибин, коомдук тартипти, юридикалык жактардын укуктарын жана алардын бирикмелерин административдик укук бузуулардан сактоо жана алардын алдын алуу болуп саналат.
2.2. Комиссиянын функциялары:
2.2.1. Органдардын кызматтык адамдары берген административдик укук бузуулардын протоколдорун кароо.
2.2.2. Административдик укук бузуунун протоколдорун жана башка материалдарын карап чыккан соң токтом, аныктама түрүндө тиешелүү чечим кабыл алат, ал эми администрациялык укук бузуунун себептери жана анын жасалышына көмөктөшүүчү шарттар белгиленгенде менчигинин түрүнө карабастан тиешелүү ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге жана тиешелүү кызмат адамдарына көрсөтүлгөн себептерди жана шарттарды четтетүү боюнча чараларды көрүү жөнүндө талап кат жөнөтөт.
2.2.3. Административдик укук бузууга берилген эскертүү ишин жакшыртуу үчүн сунуш даярдайт.
2.2.4. Комиссиянын ишмердүүлүгү, мыйзамдуулуктун, демократиялуулуктун, адилеттүүлүк мыйзамынын алдындагы жарандардын тең-укуктуулугунун, гумандуулуктун, административдик укук бузгандыгы үчүн жеке жоопкерчиликтин жана кайтарымсыздыктын принциптеринде негизделет.
3. Комиссиянын укуктук статусу, комиссияны түзүүнүн тартиби жана курамы
3.1. Комиссия өз ишин Учкун айыл аймагында жүргүзөт.
3.2. Комиссиянын өзүнүн аталышында бланктары болот.
3.3. Комиссиянын Жобосу Учкун айылдык Кеңешинин чечими менен бекитилет, анын сандык жана жеке курамы Учкун айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими менен бекитилет. Комиссиянын сандык курамы 11 адамдан турат.
3.4. Комиссия – төрага, төраганын орун басары, катчы жана комиссиянын мүчөлөрүнөн турат.
3.5. Комиссиянын курамына айыл өкмөттүн башчысынын орун басары, жергиликтүү кеңештин депутаттары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, ички иштер органынын кызмат адамдары, ошондой эле коомдук бирикмелердин, уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин өкүлдөрү жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү кирет.
3.6. Учкун айыл аймагында туруктуу жашаган 21 жашка толгон, орто кесиптик жана жогорку билими бар жана өз макулдугун жазуу жүзүндө билдирген Кыргыз Республикасынын жараны Комиссия мүчөсү болушу мүмкүн.
3.7. Соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган, мыйзам менен белгиленген тартипте алынып салынбаган же тындырылбаган соттуулугу бар адам Комиссиянын мүчөсү болушу мүмкүн эмес.
3.8. Комиссиянын курамы 4 жылдык мөөнөткө түзүлөт.
3.9. Комиссиянын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ал бекитилген күндөн тартып башталат жана ыйгарым укуктар мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурларды эске албаганда жаңы курамдагы комиссиянын иши башталган учурдан тартып токтотулат.
3.10. Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан «КРнын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиялар жөнүндө» типтүү жобого ылайыки токтотулат.
3.11. Өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотулган комиссия мүчөсүнүн ордуна комиссиянын жаңы мүчөсү мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 15 календардык күндөн кеч эмес мөөнөттө бекитилет.
3.12. Комиссиянын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн турда токтотулушу, жаңы курамды түзүү жана анын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу «КРнын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы администрациялык укукбузуулар боюнча комиссиялар жөнүндө» типтүү жобого ылайык жөнгө салынат.
4. Комиссиянын ыйгарым укуктары
4.1. Комиссия КРнын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 534-1-беренесине ылайык жогоруда көрсөтүлгөн Кодекстин 90, 92, 93, 185, 193- беренелерине, 285-берененин 1-бөлүгүндө, 286-288-беренелеринде, 289-берененин 1-бөлүгүндө 296, 298, 299, 301-303-беренелеринде, 304-берененин 1-бөлүгүндө, 305-берененин 1-бөлүгүндө 306, 307, 309, 310, 320, 326, 350, 348, 455, 456, 462, 467, 487, 487-1, 487-3, 488-491, 494, 496-беренелеринде каралган административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.
4.2. Комиссия чечимдерди кабыл алууда процесстик өз алдынчалуулукка ээ. Алар тарабынан кабыл алынган чечимдер жарандар, кызматтык жана юридикалык жактар тарабынан аткарылууга милдеттүү болот.
4.3. Жүктөлгөн милдеттерге ылайык комиссия төмөнкүлөргө ыйгарым укуктуу:
- администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди жана башка материалдарды кароонун Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 534-1-беренесинде белгиленген ыйгарым укуктарга ылайык администрациялык жаза чараларды салууга;
- ведомстволорго караштуу аймактагы администрациялык укук бузууларды табууга жана алар боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алууга;
- аларды кароо жана алар боюнча чараларды кароо комиссиянын ыйгарым укуктарына таандык кылынган администрациялык укук бузуулардын фактылары (белгилери) боюнча жеке жана юридикалык жактардын арыздарын кароо;
- администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча чыгарылган токтомдордун, аныктамалардын жана талап каттардын аткарылышын камсыз кылууга;
- административдик укук бузуулардын жасалышына көмөктөшүүчү себептерди жана шарттарды белгилегенде тиешелүү ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга жана кызмат адамдарына ал себептерди жана шарттарды четтетүү боюнча чараларды көрүүгө кечиктирилгистиги жөнүндө талаптарды киргизүүгө, алардын аткарылышын талап кылууга;
- комиссиянын ыйгарым укуктарына тиешелүү маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышууга;
- комиссиянын ыйгарым укуктарына тиешелүү маселелер боюнча соттук жана башка органдар, уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылууга.
Комиссия ыйгарым укуктарынын жүзөгө ашыруунун алкагында төмөнкүлөргө укуктуу:
- администрациялык укук бузуулардын алдын алуу жана аларды табуу максатында көчмө жыйналыштарды өткөрүүгө, анын ичинде укук бузуучунун иштеген, окуган жана жашаган жери боюнча түздөн-түз өткөрүүгө;
- мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде табылган администрациялык укук бузуулардын фактылары боюнча протоколдорду түзүүгө;
- каралып жаткан укук бузууларда жазык кылмышынын белгилери табылганда материалдарды прокуратура органдарына, тергөө же териштирүү органдарына өткөрүп берүүгө;
- комиссиянын ыйгарым укуктарына таандык кылынган маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын соттук органдарына доо менен кайрылууга;
- мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, менчигинин түрүнө карабастан мекемелерден жана уюмдардан администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо үчүн зарыл болгон документтерди, маалыматты, сурап-билүү материалдарын, түшүндүрмөлөрдү суратып алууга;
- комиссиянын ишине тиешелүү эксперт жана консультанттар катары илимий, коомдук жана башка уюмдардын адистерин, укук коргоо органдарынын жана аксакалдар сотунун өкүлдөрүн чакырууга жана тартууга;
- комиссия карап жаткан маселе боюнча кызмат адамдарын жана жарандарды тиешелүү суроолорго жооп алууга комиссиянын отурумуна чакырууга;
- укук коргоо жана көзөмөлдөө органдары менен бирге иш алып барууга;
- өз ишин массалык маалымат каражаттарына чагылдырууга;
4.4. Администрациялык укук бузган күнөөлүү жарандарга, кызматтык жана юридикалык тараптарга комиссия администрациялык жаза чараларынын төмөнкү түрлөрүн салат:
- эскертүү;
- администрациялык айып акы;
- иштин белгилүү бир түрүндө иштөө лицензиясынан (уруксаттан) ажыратуу;
- иштин белгилүү бир түрүн токтотуу, обьектини алгачкы абалына келтирүү, обьектти же анын бир бөлүгүн бузуу (монтажын ажыратуу);
- администрациялык укук бузууну жасоонун куралы же түздөн-түз обьекти болуп саналган буюмду конфискациялоо;
- коомдук жумуштарга тартуу.
4.5. Жасалган администрациялык укук бузуу өтө маанилүү болбогон учурда комиссия администрациялык укук бузууну жасаган адамды администрациялык укук бузуудан бошотушу жана оозеки эскертүү берүү менен чектелиши мүмкүн.
5. Комиссиянын мүчөлөрүнүн функциялык милдеттери
5.1. Комиссиянын ишин анын төрагасы, төраганын орун басары жана жооптуу катчысы уюштурат.
5.2. Комиссиянын мүчөлөрү администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароодо жана комиссиянын ишинин алкагында тең укуктарга ээ болот:
- комиссиянын жыйналышын дайындоого катышат;
- комиссиянын жыйналышы башталганга чейин комиссиянын кароосуна киргизилген администрациялык укук бузуулар жөнүндө материалдар (иштер) менен алдын ала таанышат;
- иштин жагдайларын кошумча тактоо зарыл болгондо администрациялык укук бузуулар жөнүндө ишти кароону кийинкиге калтыруу жөнүндө сунушту комиссиянын төрагасына киргизүүгө укуктуу;
- комиссиянын жыйналышына чечүүчү добуш укугу менен катышат;
- администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүшкө катышкан адамдарга суроолорду берүүгө укуктуу;
- администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча жазуу жүзүндөгү жана буюм далилдерин изилдөөгө катышат;
- администрациялык укук бузуулар жөнүндө каралып жаткан иштер боюнча Комиссия тарабынан кабыл алынуучу токтомдорду, аныктамаларды жана талапкаттарды талкуулоого катышат;
- каралып жаткан иштер боюнча токтомдорду, талапкаттарды жана аныкталарды кабыл алууга добуш берүүгө катышат;
- жүрүм- турум этикасынын эрежелерин сактайт;
- ведомстволук караштуулуктагы аймакта администрациялык укук бузууларды табууга катышат жана администрациялык укук бузуунун окуясы болгондугун көрсөтүүчү жетиштүү маалыматтар болгондо администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзөт;
- ушул жобого жана учурдагы мыйзамдарга ылайык башка милдеттердит аткарат.
5.3. Административдик комиссиянын отурумунда мүчөлөрдүн үчтөн экиси катышса анда отурум укук ченемдүү болду деп эсептелинет.
5.4. Административдик укук бузуунун ишинин токтому административдик комиссиянын көпчүлүк добушу менен алынат. Административдик укук бузуу ишине добуш бербей коюуга комиссиянын мүчөлөрүнүн укугу жок. Отурумдун төрагасы эң акыркы болуп өз добушун берет.
5.5. Отурум мамлекеттик жана расмий тилде жүргүзүлөт. Комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарынан пайдаланат, ошондой эле:
- Комиссиянын ишин пландаштырат, уюштурат жана ага жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;
- Комиссиянын жыйналышынын датасын жана убактысын дайындайт;
- Комиссиянын жыйналышынын күн тартибин бекитет;
- Комиссиянын жыйналышына төрагалык кылат;
- Комиссиянын жыйналыштарынын протоколдоруна, комиссиянын жыйналышында кабыл алынган аныктамаларга, токтомдорго, талапкаттарга, ошондойэле комиссиянын иши үчүн зарыл болгон башка документтерге кол коет;
- өз ыйгарым укуктарынын чектеринде Комиссиянын атынан ишеним катсыз аракеттенет жана мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен мамилелерде анын кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылат;
- комиссиянын иши үчүн жоопкерчилик тартат. Комиссиянын төрагасынын орун басары жана жооптуу катчысы тарабынан өздөрүнүн функционалдык милдеттерин аткарышын контролдойт;
- ушул Жобого жана учурдагы мыйзамдарга ылайык башка милдеттерди аткарат.
5.6. Комиссиянын төрагасынын орун басары комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарынан пайдаланат, ошондой эле:
- администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын жыйналышында кароого карата алдын ала даярдоону уюштурат;
- комиссиянын төрагасынын тапшырмасын аткарат;
- ал убактылуу болбогон мезгилде комиссиянын төрагасынын ыйгарым укуктарын аткарат;
- ушул Жобого жана учурдагы мыйзамдарга ылайык башка милдеттерди аткарат.
5.7. Комиссиянын жооптуу катчысы комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарынан пайдаланат, ошондой эле:
- өз ишин комиссиянын төрагасынын жана төраганын орун басарынын жетекчилиги астында жүзөгө ашырат.
- администрациялык укук бузуулар жөнүндө жарандардан жана юридикалык жактардан келип түшкөн арыздарды кабыл алат жана каттайт, аларды Комиссиянын кароосуна киргизет;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан жана кызмат адамдарынан келип түшкөн администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду кабыл алат жана каттайт жана аларды Комиссиянын кароосуна киргизет;
- администрациялык укук бузуулар жөнүндө материалдарды (иштерди) Комиссиянын жыйналышында кароого даярдоону камсыз кылат;
- каралып жаткан администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча Комиссия тарабынан кабыл алынган токтомдордун, аныктамалардын жана талапкаттардын долбоорлорун Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин жана ушул Жобонун талаптарына ылайык даярдоону жана жол-жоболоштурууну камсыз кылат;
- Комиссиянын мүчөлөрүнө жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүшкө катышкан адамдарга иштерди кароонун убактысы жана орду жөнүндө тиешелүү түрдө кабарлайт, аларды Комиссиянын кароосуна киргизилген иштердин материалдары менен тааныштырат;
- Комиссиянын жыйналыштарынын протоколдорун учурдагы мыйзамдардын талаптарына ылайык түзүү жана жол-жоболоштуруу менен аларга кол коет;
- Комиссия тарабынан белгилүү мөөнөттөрдө чыгарылган токтомдордун, аныктамалардын жана талапкаттардын көчүрмөлөрүн тиешелүү адамдарга тапшырууну, же болбосо жиберүүнү камсыз кылат;
- Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорго даттанууларды кабыл алат, аларды кароону уюштурат;
- Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдордун, аныкмалардын жана талапкаттардын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат;
- айып акылар түрүндө өндүрүлгөн акчалай каражаттардын келип түшүүсүнө контролду жүзөгө ашырат;
- Комиссиянын ишинин чөйрөсүндө статистикалык эсепти жүргүзөт;
- Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүүнү жана анын иштеринин сакталышын камсыз кылат;
- Комиссиянын төрагасы берген ишеним каттын негизинде соттук жана башка органдарга анын өкүл болуп саналат;
- Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун практикасын иликтейт жана жалпылайт;
- Комиссиянын ишин жөнгө салуучу ченемдик укук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт;
- Комиссиянын иши менен байланышкан маалыматтык- сурап- билүүчүлүк ишти жүргүзөт;
- Комиссиянын ишинин чөйрөсүндөгү отчеттуулуктун белгиленген түрлөрүн даярдоону камсыз кылат;
- ушул Жобого жана учурдагы мыйзамдарга ылайык башка милдеттерди аткарат.
Жооптуу катчы убактылуу болбогон мезгилде анын кызматтык милдеттерин Комиссиянын төрагасынын тапшыруусу боюнча Комиссиянын мүчөлөрүнүн бири жүзөгө ашырат.
5.8. Комиссиянын төрагасынын орун басары, жооптуу катчысы же мүчөсү администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого төмөнкү учурларда укуксуз, эгерде алар:
- жоопкерчиликке тартылган адамдын же жабырлануучунун, алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, коргоочунун же өкүлдүн туугандары болуп саналса;
- ишти чечүүгө жеке, тике же кыйыр кызыкдар болсо.
6. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүш
6.1. Комиссия тарабынан Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүргүзүү, укук бузууларды процесстик жол-жоболоштуруу, администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо, администрациялык жаза чараларын салуу жөнүнө токтомдун аткарылышын Кыргыз Республикасынын «Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө» кодексине жана уюштуруучулук иш алып баруу тартиби КРнын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2015-жылдын № 01-24/75 сандуу буйругу менен бекитилген «КРнын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиялар жөнүндөгү» жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
6.2. Администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол түзүлгөн учурдан тартып администрациялык укук бузуулар жөнүндө иш ачылды, ал эми ал боюнча өндүрүш башталды деп эсептелет.
6.3. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүш анын аякташына тоскоолдук кылуучу төмөнкү негиздердин бири болгондо токтотулат:
- администрациялык жоопкерчиликке тартылууга жаткан адамдын жүргөн жери белгиленбегенде;
- администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан адам психикалык же башка катуу оору менен ооруп калганда;
- администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүш аяктоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана берилгендерди алуунун мөөнөтүнө таасир көрсөтүүчү жагдайлар болгондо;
Иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө Комиссия токтом чыгарат. Комиссия Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү токтотууга чейин администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан адам жок учурунда мүмкүн болгон бардык процесстик аракеттерди аткарууга милдеттүү. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү токтотуу ал үчүн негиздер жок болгондон кийин Комиссиянын токтому менен кайрадан чакыртылат. Иш боюнча өндүрүштү кайрадан жаңыртуу жөнүндө администрациялык жоопкерчиликке тартылуучу жактарга жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө маалымдалат.
6.4. Төмөнкү жагдайлар болгондо администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүш башталышы мүмкүн эмес, ал эми башталган иш токтотулууга жатат:
- администрациялык укук бузуунун окуясы болбогондо;
- администрациялык укук бузуунун курамы болбогондо;
- администрациялык укук бузуу жасалган учурда адам 16 жаш курагына толбогондо;
- укукка каршы аракет же аракетсиздик жасаган адамдын акыл-эси соо эмес болгондо;
- адам аргасыз зарылдык же зарыл коргонуу абалында аракеттенгенде;
- эгерде ал администрациялык жаза чара колдонууну четтетсе, мунапыс актысы чыкканда;
- администрациялык жоопкерчиликти белгилөөчү акт жокко чыгарылганда;
- администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти караган учурга карата Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 46-беренесинде каралган эскирүү мөөнөтү бүткөндө;
- администрациялык жоопкерчиликке тартылуучу адамга карата ошол эле факт боюнча соттун же органдын (кызмат адамынын) администрациялык жаза чара салуу жөнүнө же болбосо администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти токтотуу тууралуу жокко чыгарылбаган токтому болгондо;
- ага карата иш боюнча өндүрүш башталган жана жүргүзүп жаткан адам каза болгондо;
- администрациялык укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылуучу жеке адамга карата ошол эле факт боюнча жазык иши болгондо.
7. Комиссия мүчөлөрү тарабынан укук бузууларды процесстик жол-жоболоштуруу (протокол түзүү).
7.1. Комиссия мүчөлөрү администрациялык укук бузуу жасалган жерге барууга жана төмөнкү себептердин бири болгондо администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүүгө укуктуу:
- комиссия мүчөлөрү тарабынан администрациялык укук бузуунун окуясы болгондугун көрсөтүүчү жетиштүү маалыматтар түздөн-түз табылганда;
- укук коргоо органдарынын, ошондой эле башка мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук бирикмелерден, администрациялык укук бузуунун окуясы бар экендигин көрсөтүүчү маалыматтарды камтыган материалдар келип түшкөндө;
- жеке жана юридикалык жактардын кабарларында жана билдирүүлөрүндө, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдирүүлөрүндө (анын ичинде интернетте) администрациялык укук бузуунун окуясынын бар экендигин көрсөтүүчү маалыматтар камтылган учурда;
7.2. Администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол аларды кароого тиешелүү Комиссиянын ыйгарым укуктарына таандык кылынган ушул жобонун төртүнчү бөлүгүндө гана каралган укук бузуулар табылганда Комиссиянын мүчөлөрү тарабынан түзүлөт. Протокол эки нускада (түп нускаларда) түзүлүп, биринчи нуска укук бузуучуга берилип, экинчиси Комиссиянын мүчөлөрүндө калат.
7.3. Протокол төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- түзүүнүн датасын жана ордун;
- протокол түзгөн адамдын кызматын, аты-жөнүн;
- жоопкерчиликке тартылып жаткан адам жөнүндө маалыматтар (аты-жөнү, үйүнүн дареги жана телефон номери);
- жасалган администрациялык укук бузуунун түрү, күнү, орду;
- бул укук бузуу үчүн жоопкерчилик каралган ченемдик-укуктук актыга шилтеме;
- күбөлөрдүн (зарыл болгондо) аты-жөнү жана дареги.
7.4. Протоколгон аны түзгөн кызмат адам, укук бузуучу жана күбө (зарыл болгондо) кол коет. Укук бузган адам (же юридикалык жактын мыйзамдуу өкүлү) протоколго кол коюудан баш тарткан учурда ага бул жөнүндөтжазуу жазылат. Укук бузган адам (же юридикалык жактын мыйзамдуу өкүлү) протоколго тиркелүүчү протоколдун маңызы боюнча түшүндүрмөлөрдү жана сын-пикирлерди берүүгө, ошондой эле ага кол коюудан өзүнүн баш тартуусунун жүйөлөрүн баяндоого укуктуу. Укук бузуу жасаган адамдын протоколго кол коюудан баш тартуусу ага администрациялык жаза чарасын салуудан бошотуу үчүн негиз болуп саналбайт. Юридикалык жак тарабынан жасалган укук бузуу жөнүндө протоколду түзүүдө юридикалык жактын (ишкананын, уюмдун, мекеменин) так аталышы, анын дареги милдеттүү тартипте көрсөтүлүүгө тийиш. Юридикалык жактын мыйзамдуу өкүлү катары өздөрүнө мыйзамдарда, уставда же жободо берилген ыйгарым укуктардын чектеринде аракеттенүүчү алардын жетекчилери (орун басарлары) же уюмдун башка кызматкерлери- юридикалык жактын өкүлдөрү чыгат. Протокол түзүүдө укук бузуучуга КРнын «Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө» кодекстин 570-беренесинде каралган анын укуктары жана милдеттери түшүндүрүлүп, бул жөнүндө протоколго белги жасалат. Протоколдун көчүрмөсү администрациялык укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылуучу адамга кол койдуруп тааныштырылат же жиберилет. Протокол бир сутканын ичинде каттоо жана Комиссиянын кароосуна киргизүү үчүн Комиссиянын төрагасына же анын орун басарына жиберилет.
8. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо.
8.1. Өз ишин Комиссиянын ишинин планынын негизинде жүзөгө ашырат. Комиссиянын жыйналыштары администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мөөнөттөрүн сактоону камсыз кылуучу мезгилдүүлүк менен өткөрүлөт. Эгерде ага Комиссиянын мүчөлөрүнүн белгиленген санынын үчтөн экиден кем эмеси катышса, Комиссиянын жыйналышы укуктуу болуп саналат. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш администрациялык укук бузуу жөнүндө протоколу жана иштин башка материалдары Комиссияга келип түшкөн күндөн тартып он күндүк мөөнөттө каралат. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн катышуучуларынан өтүнүчтөр келип түшкөн учурларда же болбосо иштин жагдайларын кошумча тактоо зарыл болгондо ишти кароонун мөөнөтү Комиссия тарабынан узартылышы, бирок он күндөн ашык эмес узартылышы мүмкүн. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш Комиссия тарабынан ага ыйгарым укуктуу кызмат адамы, Комиссиянын мүчөлөрү тарабынан Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 556-1-беренесине ылайык түзүлгөн протоколдун негизинде каралат. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүш ар бир иштин өз алдынча, ар тараптуу, толук жана калыс такталышына, анын учурдагы мыйзамдарга так ылайык чыгарылган токтомдун аткарылышын камсыз кылууга негизделет.
Жарандар, юридикалык жактардын өкүлдөрү, кызматтык жана мыйзам боюнча аларга теңештирилген адамдар Комиссия тарабынан ишти кароонун күнү, убактысы жана орду жөнүндө Комиссия жыйналышы өткөрүлгөнгө чейин үч күндөн кем эмес мурда маалымдалат.
8.2. Администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти кароого даярдоодо Комиссия төмөнкү маселелерди тактайт:
- бул ишти кароо Комиссиянын ыйгарым укуктарына таандык экендигин;
- ишти кароонун мүмкүнчүлүгүн болтурбоочу жагдайлардын бар экендигин;
- администрациялык укук бузуу жөнүндө протоколдун жана Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексте каралган башка протоколдордун туура түзүлгөндүгүн, ошондой эле иште башка материалдары жол-жоболоштурулгандыгы;
- иш боюнча аны маңызы боюнча кароо үчүн болгон материалдардын жетиштүүлүгү;
- өтүнүчтөрдүн же четке кагуулардын бар экендигин.
8.3. Мындан кийин Комиссия төмөнкү чечимди кабыл алат:
1) ишти кароонун убактысын жана ордун дайындоо жөнүндө;
2) адамдарды чакыртуу, зарыл болгондо иш боюнча зарыл болгон кошумча материалдарды суратып алуу, экспертиза дайындоо жөнүндө;
3) ишти кароону кийинкиге калтыруу жөнүндө;
4) протоколду түзгөн органга, кызмат адамына, Комиссиянын мүчөлөрүнө, протокол жана иштин башка материалдарын ыйгарым укугу жок адамдар тарабынан түзүлгөн, протокол туура эмес түзүлгөн жана иштин башка материалдары туура эмес жол-жоболоштурулган же болбосо ишти кароодо толукталышы мүмкүн болбогон, берилген материалдар толук эмес болгон учурларда администрациялык укук бузуу жөнүндө протоколду жана иштин башка материалдарын кайтарып берүү жөнүндө;
5) эгерде бул ишти кароо Комиссиянын ыйгарым укуктарына таандык эмес болсо, администрациялык укук бузуу жөнүндө протоколду жана иштин башка материалдарын ведомстволук караштуулугу боюнча кароого өткөрүп берүү жөнүндө;
6) ушул Жобонун 6.4-пунктунда каралган жагдайлар болгондо өндүрүштү токтотуу жөнүндө.
8.4. Ушул Жобонун 8.3-пунктунун 1-5 пунктчалары менен каралган Комиссиянын чечимдери аныктама түрүндө чыгарылат.
8.5. Ушул Жобонун 8.3-пунктунун 6 пунктчасында каралган Комиссиянын чечими токтом түрүндө чыгарылат.
8.6. Жарандарга, юридикалык жактардын өкүлдөрүнө, кызматтык жана мыйзам боюнча аларга теңештирилген адамдарга иштин Комиссия тарабынан каралышынын датасы, убактысы жана орду жөнүндө Комиссиянын жыйналышы өткөрүлгөнгө чейин үч күн калгандан кем эмес күндө милдеттүү түрдө маалымдалат. Иш администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын катышуусунда каралат. Ага иштин бардык материалдары менен таанышуу, далилдерди берүү, өтүнүчтөрдү жана баш тартууларды билдирүү, коргоочунун юридикалык жардамынан пайдалануу укугу, ошондой эле Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске ылайык башка процесстик укуктар камсыз кылынат. Аларга өз убагында жана тиешелүү түрдө кабарлангандыгы жана алар тарабынан ишти кароону кийинкиге калтыруу жөнүндө өтүнүч болбогон же болбосо, эгерде мындай өтүнүч канааттандырылбастан калтырылган учурда, администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан адам (юридикалык жактын өкүлү) Комиссиянын жыйналышына келбеген учурда Комиссия ишти ал жокто кароого укуктуу.
8.7. Зарыл учурларда Комиссия адамды алып келүү жөнүндө аныктама чыгарат. Эгерде анын катышуусу ишти кароодо милдеттүү болуп саналса, ал Комиссиянын чакыруусу боюнча келүүдөн качкан учурда мажбурлап алып келүүгө дуушар болушу мүмкүн. Алып келүү администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти карап жаткан Комиссиянын аныктамасынын негизинде ички иштер органы (милиция) тарабынан жүргүзүлөт.
8.8. Администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти кароого киришип жатып, Комиссия:
- ишти ким карарын, кайсыл иш каралып жаткандыгын, ким жана кайсыл мыйзамдын негизинде жоопкерчиликке тартылып жаткандыгын жарыялайт;
- администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан жеке жактын же жеке жактын мыйзамдуу өкүлүнүн же болбосо юридикалык жактын мыйзамдуу өкүлүнүн, ошондой эле ишти кароого катышуучу башка адамдардын келгендигин ырастайт;
- иш боюнча өндүрүштүн катышуучуларынын инсанын белгилейт жана жеке же юридикалык жактын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, коргоочунун жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын текшерет;
- иш боюнча өндүрүштүн катышуучуларынын келбегендигинин себептерин тактайт жана иште көрсөтүлгөн адамдар жокто кароо жөнүндө же болбосо кароону кийинкиге калтыруу жөнүндө чечим кабыл алат;
- зарыл учурларда ишти кароодо анын катышуучусу милдеттүү болгон адамды алып келүү жөнүндө аныктама чыгарат;
- ишти кароого катышуучу адамдарга алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт;
- билдирилген четке кагууларды жана өтүнүчтөрдү чечет;
- администрациялык укук бузуу жөнүндө протоколду, ал эми зарыл болгондо иштин башка материалдарын угуза окуйт.
8.9. Ишти кароодо ага карата иш боюнча өндүрүш жүргүзүлүп жаткан жеке жактын түшүндүрмөлөрүн, иш боюнча өндүрүшкө катышып жаткан башка адамдардын көрсөтмөлөрүн, зарыл болсо адистердин түшүндүрмөлөрүн жана эксперттердин корутундусун угут, башка далилдер изилденет.
8.10. Администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти кароодо Комиссия администрациялык укук бузуу жасалгандыгын, ал адам аны жасоодо күнөөлүү экендигин, ал администрациялык жоопкерчиликке тартылууга жатаарын, жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жана оордотуучу жагдайлар бар экендигин, материалдык зыян келтирилгендигин, администрациялык укук бузуу жөнүндө материалдарын жашаган, иштеген жана окуган жери боюнча аксакалдар сотторунун кароосуна өткөрүп берүү үчүн негиздер бар экендигин тактоого, ошондой эле ишти туура чечүү үчүн мааниси бар башка жагдайларды тактоого милдеттүү.
8.11. Комиссиянын жыйналышында ишти кароодо протокол түзүү милдеттүү болот, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1. ишти кароонун датасы жана орду;
2. ишти карап жаткан Комиссиянын курамынын фамилиясы, аты, атасынын аты;
3. кайсы маселе каралып жаткандыгы;
4. ишти кароого катышуучу адамдардын келгендиги жөнүндө маалыматтар;
5. четке кагуулар, өтүнүчтөр жана аларды кароонун натыйжалары;
6. ишти кароого катышуучу тиешелүү адамдардын түшүндүрмөлөрү, көрсөтүүлөрү, түшүнүктөрү жана корутундулары;
7. ишти кароодо изилденген документтер.
8.12. Комиссиянын токтому жыйналышка катышкан Комиссия мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Протоколго Комиссиянын жыйналышында төрагалык кылуучу жана жооптуу катчы кол коет.
Администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти карап чыгып, Комиссия төмөнкү токтомдордун бирин кабыл алат;
1) Администрациялык жаза чарасын салуу жөнүндө;
2) Ишти токтотуу жөнүндө;
3) Бул администрациялык укук бузуу үчүн башка түрдөгү же өлчөмдөгү айыпты салууга ыйгарым укуктуу органга (кызмат адамына) өткөрүп берүү жөнүндө.
8.13. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго төрагалык кылуучу жана жооптуу катчы кол коет. Токтомдун мазмуну төмөндөгүлөрдү камтышы керек: токтомду чыгарган Комиссиянын аталышын, ишти кароонун датасын, иш каралып жаткан адам жөнүндө маалыматтарды, ишти кароодо белгиленген жагдайлардын баяндамасы, ал администрациялык укук бузуу үчүн жоопкерчиликти караган ченемдик актыга көрсөтүү, иш боюнча кабыл алынган чечим.
8.14. Эгерде администрациялык ишти кароодо зыяндын ордун толтуруу менен администрациялык жаза чара салуу каралса, Комиссия КРнын «Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө» Кодекстин 48-беренесине ылайык күнөөлүү тарабынан келтирилген мүлктүк зыяндын ордун толтуруу менен администрациялык ишти кароо үчүн ишти соттун кароосуна өткөрүп берүү жөнүндө токтом чыгарат.
8.15. Ишти токтотуу жөнүндө токтом оозеки сын-пикир жарыялоодо, жашаган, иштеген жана окуган жери боюнча аксакалдар сотторунун же болбосо тергөө же териштирүү органынын кароосуна материалдарды берүүдө, ошондой эле ушул жобонун 7.2-пунктунда каралган жагдайлар болгондо чыгарылат.
8.16. Токтом ишти кароо аяктагандан кийин токтоосуз жарыяланат.
8.17. Токтомдун көчүрмөсү үч күндүн ичинде ага карата токтом чыгарылган адамга, ошондойэле анын өтүнүчү боюнча жабырлануучуга тапшырылат же жиберилет. Токтомдун көчүрмөсү тилкат алуу менен тапшырылат. Эгерде токтомдун көчүрмөсү жиберилсе, ишке бул жөнүндө тиешелүү жазуу жазылат.
8.18. Ишти карап жаткан Комиссия администрациялык укук бузуулардын жасалышына көмөктөшүүчү себептерди жана шарттарды белгилөөдө тиешелүү ишканага, мекемеге, уюмга жана кызмат адамдарына ал себептерди жана шарттарды четтетүү боюнча чаралар көрүүнү кийинкиге калтырбастыгы жөнүндө талапкат чыгарат. Көрсөтүлгөн уюмдар жана адамдар талапкат келген күндөн тартып он күндүн ичинде талапкат чыгарган Комиссияга көрүлгөн чаралар жөнүндө кабарлоого милдеттүү болот.
Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча Комиссиянын токтому кызматтык жана юридикалык жактар, жарандар жана алардын бирикмелери тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болот.
9. Администрациялык жаза чараларын салуу жөнүндө токтомдун аткарылышы
9.1. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча Комиссиянын токтому кызматтык жана юридикалык жактар, жарандар жана алардын бирикмелери тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болот.
9.2. Эгерде ал сотко кайрылбаса, администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтом он күндөн өткөндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
9.3. Токтомго даттануу токтомдун көчүрмөсү тапшырылган же администрациялык жаза чарасын салуу жөнүндө токтом жаранга жарыяланган күндөн тартып он күндүн ичинде берилиши мүмкүн.
9.4. Даттануу берүү администрациялык жаза чара салуу жөнүндө токтомдун аткарылышын даттануу сот тарабынан каралганга чейин токтотулат.
9.5. Алардын айынан администрациялык жаза чара салуу жөнүндө токтомду белгиленген мөөнөттө аткаруу мүмкүн болбогон жагдайлар болгондо Комиссия анын аткарылышын бир айга чейинки мөөнөткө кийинкиге калтырышы мүмкүн.
9.6. Администрациялык жоопкерчиликке тартылган адамдын материалдык абалын эске алуу менен администрациялык айып акыны төлөө Комиссия тарабынан үч айга чейинки мөөнөткө кийинкиге калтырышы мүмкүн. Эскертүү түрүндөгү администрациялык жаза чара салуу жөнүндө токтом чыгарган Комиссия тарабынан токтомдун көчүрмөсүн укук бузуучуга тапшыруу же жиберүү жолу менен аткарылат. Айып акы салуу жөнүндө токтом укук бузуучу тарабынан өзүнө ал токтом тапшырылган күндөн тартып бир айдан кеч эмес, ал эми токтомго даттануу болгон учурда даттанууну же токтомду канааттандырбастан калтыруу жөнүндө маалымдалган күндөн тартып ое беш күндөн кеч эмес аткарылууга тийиш. Администрациялык укук бузуу жасалгандык үчүн салынган айып укук бузуучу тарабынан банк же Кыргыз Республикасынын почта байланышынын улуттук операторунун мекемесине нак акчасыз төлөмдөр түрүндө салынат. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча айып акыны төлөө тууралуу дүмүрчөк Комиссияга көрсөтүлүп, дүмүрчөктүн көчүрмөсү администрациялык укук бузуу жөнүндө иштин материалдарына кошо тиркелет.
9.7. Комиссия тарабынан салынган администрациялык укук бузуу үчүн айып акылардын суммалары тиешелүү жергиликтүү бюджеттерге которулат. Мында керек-жарактын коомдук бирикмелерин (алардын бирликтерин, ассоциацияларын) текшерүүнүн материалдары боюнча Комиссия тарабынан салынган администрациялык айып акылардын суммаларынын ичинен айып акыларынын суммасынын 30 пайызы ал керек-жарактын коомдук бирикмелеринин (алардын бирликтеринин, ассоциацияларынын) эсебине которулат.
9.8. Администрациялык жоопкерчиликке тартылган адам тарабынан айып акыны белгиленген мөөнөттө төлөбөгөн учурда Комиссия Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 615 жана 616-беренелеринде каралган администрациялык айып акы салуу тууралуу токтомду мажбурлап аткартуу боюнча чараларды көрөт.
9.9. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте мажбурлап аткартуу үчүн соттук аткаруучуга жиберилгенде Комиссиянын жооптуу катчысы администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди эсепке алуу журналына тиешелүү жазуу жазат. Ал боюнча айып акыны өндүрүп алуу толугу менен жүргүзүлгөн айып акы салуу жөнүндө токтом аткарылгандыгы жөнүндө белгиси менен Комиссияга кайтарып берилет..
9.10. Администрациялык жаза чара салуу жөнүндө токтом чыгарган Комиссия токтомдун аткарылышын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 608-беренесинде каралган учурларда токтотот.
10. Комиссиянын иш кагаздары
10.1. Комиссияда иш кагаздарын жүргүзүүгө жалпы жетекчилик Комиссиянын төрагасы тарабынан жүзөгө ашырылып, ал анын абалы үчүн жоопкерчилик тартат.
10.2. Эсепке алуу журналын жүргүзүү, сакталышы, аларга жазылуучу маалыматтарды өз убагында жана аныктыгы үчүн жоопкерчиликти жооптуу катчы тартат.
1,.3. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн катышуучуларына бардыгы зарыл документтерди жиберүүнү Комисснянын жооптуу катчысы жүргүзөт.
10.4. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча маалымдамалар ишти кароонун датасы дайындалгандан кийинки күндөн кеч эмес жиберилүүгө тийиш.
Жиберилген маалымдама даректелгенге тапшырылбаган учурларда Комиссиянын жооптуу катчысы аны тапшырбоонун себептерин токтоосуз тактоого, бул жөнүндө Комиссиянын төрагасына айтууга жана анын көрсөтүүсү боюнча маалымдаманы өз убагында тапшырууну камсыз кылуучу чараларды көрүүгө милдеттүү. Комиссиянын жыйналышына келбеген адамдардын маалымдамаларынын бланкынын айрып алма бөлүгү ишке кошо көктөлөт.
10.5. Укук бузуучуга карата Комиссия тарабынан администрациялык айып акы салуу жөнүндөгү чечим чыгарылган учурда катчы укук бузуучуга банктын реквизиттерин, укук бузуучу жоопкерчилике тартылган беренени жана айып салган комиссияны жана токтомдун көчүрмөсүн тапшырат.
10.6. Комиссиянын жооптуу катчысы администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди топтоп, аларга хронологиялык тартипте төмөнкүлөр кошо көктөлөт:
- администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол жана иш боюнча башка материалдар;
- алардын келип түшүү тартибинде жыйналыштын жүрүшүндө ишке бардык кошо тиркелген документтер;
- белгиленген тартипте кол коюлган комиссиянын жыйналышынын протоколдору;
- ишти кароонун натыйжалары боюнча жыйналышка чыгарылган аныктамалар, токтомдор, көрсөтүү каттары;
Бардык документтер делого алардын тексти толук көрүнүп тургандай көктөлөт.
10.7. Комиссиялар тарабынан каралуучу бардык администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер эсепке алынууга жатат. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иштин номери өзүнө каттоо журналы жана келип түшкөн жыл боюнча иштин ирээттик номерин камтыйт.
10.8. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүүчү ыйгарым укуктуу органдар жана кызмат адамдары ар бир айлык негизде администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо тууралуу маалыматтарды Комиссиялар менен салыштырып тактоону жүргүзөт.
10.9. Комиссия ар бир айда Комиссия тарабынан салынган айып акыларды төлөө катары келип түшкөн акча каражаттарын казыначылыктын райондук бөлүмдөрү менен салыштырып тактоону жүргүзөт.
10.10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте, ошондой эле «Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө» кодекстин 546-5, 546-8-беренелеринде белгиленген тартипте Комиссиялар салынган администрациялык жаза чаралар жана администрациялык укук бузууларды жасаган адамдар жөнүндө маалыматтарды эсепке алуу, тутумдаштыруу жана сактоо максатында, чыгарылган эскертүүлөрдү албаганда, салынган администрациялык жаза чаралардын маалыматтарынын электрондук базасын жүргүзөт.
10.11. Маалыматтардын электрондук базасынан тышкары Комиссия төмөнкү эсепке алуу журналдарын жүргүзүүгө милдеттүү:
- администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди эсепке алуу журналын;
- аларга карата администрациялык укук бузуу жөнүндө иш ачылган адамдарга жиберилген маалымдамаларды эсепке алуу журналын (№4 тиркеме). Журналдарга номер коюулууга, көктөлүүгө, мөөр басылууга тийиш, журналдардагы бардык жазуулар даана, көк түстөгү сыр (паста) менен жазылат.
10.12. Журналдардын сактоо мөөнөтү 3 жыл, Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди сактоонун мөөнөтү 5 жыл көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин алар тизмеленип архивге өткөрүлүп берилет.
Эсепке алуу журналдары ички пайдалануу документтери болуп саналат жана КРнын мыйзамдарында каралган учурларды албаганда, комиссиянын төрагасынын уруксаты жок уюмдарга, жеке же кызмат адамдарына берилиши мүмкүн эмес.
11. Жоопкерчилик
11.1. Комиссиянын кызмат адамдары, башка мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жоопкерчилик алышат.
12. Жыйнтыктоочу жобо
12.1. Ушул Жобо Учкун айылдык Кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин күчүнө кирет.
12.2. Жобо менен бирге тиркеме №1 протоколдун формасы, тиркеме № 2 токтомдун формасы, тиркеме №3 кабарламанын формасы, тиркеме №4 журналдын формасы.
12.3. Жобого өзгөртүү жана администрациялык комиссиянын ишин токтотуу боюнча чечими Учкун айылдык Кеңеши тарабынан чыгарылат.
Учкун айыл аймагынын чегинде административдик укук бузуу
боюнча түзүлгөн эреже
Учкун айыл аймагынын чегиндеги кабыл алынып жаткан эрежени бузган жарандар жана башка юридикалык жактар менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 115 Мыйзамы менен күчүнө киригизилген “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кодексинин талаптарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат. Учурдагы кабыл алынып жаткан эреже Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынды. Учкун айыл аймагындагы жарандар жана башка юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык органдар, ведомстволук жана менчигинин түрүнө карабастан так аткарууга милдеттүү. Мекеме-уюмдарда, ишканаларда жана менчик турак жай ээлери санитардык гигиенаны сактап таштандыларды имараттардын жана кароо жайынын жанына төкпөй атайын белгиленген жерге гана таштандыларды төгүүгө; Нарын-Баетов жолундагы трассанын жол боюн таза кармоого, таштанды таштабоого; Жаздын келиши менен имараттардын, үйлөрүнүн, короо-сарайларынын тегерек четин тазалоого, акилеп-сырдоого, көрктөндүрүү-жашылдандыруу иштерине активдүү катышууга; Менчигинин түрүнө карабастан талаадагы айдоо аянттарынын айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнө зыян келтибөөгө; Айдоо аянттарынан араба же техниканын башка түрү менен тебелеп өтпөөгө; Менчигинин түрүнө карабастан өзүнүн жеринен башка айдоо аянттарына малдарын киргизбөөгө милдеттүү; Мал кармаган жарандар ар бир жылдын 15-апрелинен 15-октябрына чейинки мөөнөттө алыскы жайыттарга жайыттар планына ылайык көчүп-конууга милдеттүү; Мал багып келүүчүлөр тоодон белгиленген мөөнөттөн эрте көчүп келбөөгө; Кароосуз бош жүргөн малдар (уйлар, жылкылар, кой-эчкилер, эшектер) Учкун айыл өкмөтүнүн коомдук жайда жайгашкан жана айыл тургундарына тиешелүү бак-даракка, огороддордогу түшүмдөргө, талаадагы жер үлүштөрүнө зыян келтирүүгө бөгөт максатында Учкун айыл өкмөтү тарабынан камакка алынышы керек жана камакка кармоого ____________ сом өлчөмүндө зыянды төлөө менен ээсине кайтарылып берүүгө милдеттүү; Айыл ичиндеги соода кылуучу сатуучу жашы жете элек же 16 жашка чыга элек балдарга алкоголдук ичимдиктерди, пиво, тамеки жана тамеки заттарын сатпоого милдеттүү; 16 жашка чыга элек балдарга сатпоо тууралуу эскертүүлөрдү илүүгө; соода кылуучулар патентсиз соода жүргүзбөөгө; мектеп, бала бакча жана башка жайларда тамак-аш азыктарын даярдап сатууда адамдын медициналык жактан күбөлөндүрүлгөндүгүн ырастоочу документи менен сатууга; Сатылган тамак-аш, азык-түлүк товарлары адамдарга зыян келтирбеши керек; ЖӨӨБ кызматкерлери, мамлекеттик кызматкерлер же башка чарба жүргүзүүчү адамдары кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарууга; ЖӨӨБ органдарынын кызмат адамдарынын же салык кызматкеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууга; ЖӨӨБ органынын кызматкерлери курулушка жер участогун бөлүп берүү тартибин бузбай иш алып барууга; Айыл тургундары айыл аймагында көрктөндүрүү-жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу эрежелерин сактоо милдеттүү; Таштандыларды ж.б. буюмзаттарды атайын белгиленбеген жерге таштообоого; Суу түтүктөрүн, жылуулук тармактарын өзүм билемдик менен кошпоого милдеттүү;
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Закон «О введении в действие Кодекса Кыргызской Республики об административной ответственности»Закон · 04.08.1998 · № 115 · Утратил силу