# Баткен шаардык кенешинин 2016-жылдын 19-августундагы № 63 "Баткен шаарынын аймагынан Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигинин автомобиль жолдорун куруучуларына карьер ачууга жер бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Баткен шаардык кенешинин 2016-жылдын 19-августундагы № 63 "Баткен шаарынын аймагынан Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигинин автомобиль жолдорун куруучуларына карьер ачууга жер бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 63
- Дата принятия: 19.08.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 19.08.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/232228>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-27482/edition/826879/ru>

> Текст приведён по редакции от 19.08.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Баткен шаардык кенешинин 2016-жылдын 19-августундагы № 63 "Баткен шаарынын аймагынан Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигинин автомобиль жолдорун куруучуларына карьер ачууга жер бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому (ред. от 19.08.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/232228

---

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Баткен шаардык кенешинин V чакырылышынын XXIII-сессиясы

2016-жылдын 19-августу № 63 Баткен шаарынын аймагынан Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигинин автомобиль жолдорун куруучуларына карьер ачууга жер бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» №33 Мыйзамынын 31-беренесине, Баткен шаар мэриясынын 2016-жылдын 18-августундагы «Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорун куруу, реаблитациялоо жана реконструкциялоонун инвестициялык долбоорун ишке ашыруу максатындагы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 21-майындагы №374-токтомунун, Кытай Эл Республикасынын жол, көпүрөө куруучу «Синьцзян-Бейсин ЛТД» корпорациясынын инженер-экологу XRBC А.К.Өсөровдун Ош-Исфана авто жолунун «Баткен-Кызыл-Бел» участкасынын 235+100 км карьер ачууга жана таш майдалоочу орнотмо курууга жер бөлүп берүүгө берген» №03-4/1262 катынын негизинде жана Баткен шаарынын 1-вице мэри М.Султановдун маалыматын угуп, талкуулап чыгып , Баткен шаар мэриясынын сунушунун негизинде Баткен шаардык Кенешинин V чакырылышынын XXIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош-баткен-Исфана автожолунун “Баткен-Төрт-Гүл” участкасынын жана “Баткен-Кызыл-Бел” авто жол участкасынын жол курулуш иштери Кытай Эл Республикасынын “Синьцзян-Бейсин ЛТД» корпорациясынын инженер-экологу XRBC А.К.Өсөровдун КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2016-жылдын 24-мартындагы №14-9/2294 ишеним катынын негизинде Кызыл-Жол кварталынын Ош-Баткен-Исфана авто жолунун 235+100 км чоң жолдун түндүк тарабынан 1,5 га жер аянтынан кум шагал алуу үчүн 2016-жылдын мартынан 2018-жылдын декабрына чейин убактылуу бөлүнүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Карьер ачууга жана таш майдалоочу орнотмо курууга убактылуу бөлүнүп берилген “Жайыт” Сх-2 багытындагы 1,5 га жер аянты П-! “Өндүрүштүк” багытка убактылуу өткөрүлүп берилсин.

3. Керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жүргүзүү жагы Баткен шаар мэриясына /Г.Матказыев/ милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин төрагасынын орун басары М.Орозбаевге тапшырылсын.

Балыкчы шаардык Кеӊешинин төрагасы

Э.Рахматов
