Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Баткен шаардык кенешинин «Баткен шаарынын аймагынан Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигинин автомобиль жолдорун куруучуларына карьер ачууга жер бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Баткен шаардык кенешинин V чакырылышынын XXIII-сессиясы
2016-жылдын 19-августу № 63 Баткен шаарынын аймагынан Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигинин автомобиль жолдорун куруучуларына карьер ачууга жер бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» №33 Мыйзамынын 31-беренесине, Баткен шаар мэриясынын 2016-жылдын 18-августундагы «Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорун куруу, реаблитациялоо жана реконструкциялоонун инвестициялык долбоорун ишке ашыруу максатындагы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 21-майындагы №374-токтомунун, Кытай Эл Республикасынын жол, көпүрөө куруучу «Синьцзян-Бейсин ЛТД» корпорациясынын инженер-экологу XRBC А.К.Өсөровдун Ош-Исфана авто жолунун «Баткен-Кызыл-Бел» участкасынын 235+100 км карьер ачууга жана таш майдалоочу орнотмо курууга жер бөлүп берүүгө берген» №03-4/1262 катынын негизинде жана Баткен шаарынын 1-вице мэри М.Султановдун маалыматын угуп, талкуулап чыгып , Баткен шаар мэриясынын сунушунун негизинде Баткен шаардык Кенешинин V чакырылышынын XXIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош-баткен-Исфана автожолунун “Баткен-Төрт-Гүл” участкасынын жана “Баткен-Кызыл-Бел” авто жол участкасынын жол курулуш иштери Кытай Эл Республикасынын “Синьцзян-Бейсин ЛТД» корпорациясынын инженер-экологу XRBC А.К.Өсөровдун КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2016-жылдын 24-мартындагы №14-9/2294 ишеним катынын негизинде Кызыл-Жол кварталынын Ош-Баткен-Исфана авто жолунун 235+100 км чоң жолдун түндүк тарабынан 1,5 га жер аянтынан кум шагал алуу үчүн 2016-жылдын мартынан 2018-жылдын декабрына чейин убактылуу бөлүнүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Карьер ачууга жана таш майдалоочу орнотмо курууга убактылуу бөлүнүп берилген “Жайыт” Сх-2 багытындагы 1,5 га жер аянты П-! “Өндүрүштүк” багытка убактылуу өткөрүлүп берилсин.
3. Керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жүргүзүү жагы Баткен шаар мэриясына /Г.Матказыев/ милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин төрагасынын орун басары М.Орозбаевге тапшырылсын.
Балыкчы шаардык Кеӊешинин төрагасы
Э.Рахматов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 21 мая 2004 года №374 "О реализации инвестиционных проектов строительства, реабилитации и реконструкции автомобильных дорог в Кыргызской…Постановление · 21.05.2004 · № 374 · Утратил силу
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · Утратил силу