Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Үч-Төбө айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 11-июлундагы № 91 Жайыттар жөнүндө Мыйзамынын негизинде Жайыт комитетинин 2017-жылга карата түзгөн долбоорлорун өз убагында ишке ашыруу максатында, жайыт акылардын төлөнүшүн камсыз кылуу жана жайыт эрежелерин сактабаган, жайыт төлөмдөрун төлөбөгөн,жайыт мыйзамдарын бузган жарандарга чара көрүү маселеси жөнүндө» токтому
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Үч-Төбө айылдык кеңешинин VI чакырылышынын II сессиясы
2017-жылдын 13-февралы № 3/4 Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 11-июлундагы № 91 Жайыттар жөнүндө Мыйзамынын негизинде Жайыт комитетинин 2017-жылга карата түзгөн долбоорлорун өз убагында ишке ашыруу максатында, жайыт акылардын төлөнүшүн камсыз кылуу жана жайыт эрежелерин сактабаган, жайыт төлөмдөрун төлөбөгөн,жайыт мыйзамдарын бузган жарандарга чара көрүү маселеси жөнүндө Жайыт комитетинин төрагасы З.Молдоташовдун билдирүүсүн угуп талкуулап, Үч-Төбө айылдык Кенешинин заседаниеси ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сырттан келген малдарды айылдын айланасындагы кышкы жана жазгы жайыттарга кайтарууга тыюу салынсын.
2. Үч-Төбө айыл өкмөтүндө жайыт пайдалануу үчүн мал башына жайыт акынын төлөнүшү төмөндөгүдөй бекитилсин:
№
Малдын түрү
Үч-Төбө айыл өкмөтүндөгү мал ( сом)
Башка айыл өкмөттөрдөн келген мал сом )
Башка райондон келген мал (сом)
1
Уй ,жылкы ,топоз
50
150
200
2
Кой ,эчки
10
50
70
3
Торпок ,кулун,
40
80
100
(каттоодон ашыкча болгон малдарга сырттан келген малдардын баасы менен жайыт акы белгиленсин)
3. Жайыт акылар жайыт мыйзамдарына ылайык 2017-жылдын 1-октябрына чейин чогулсун.
4. Элдин койлорун баккан малчылар жайыт акыны койлорду алып жайлоого чыгар алдында төлөп, жайыт билеттерин алгандан кийин жайытка уруксат алышсын.
5. Үч-Төбө айыл өкмөтүнун жайыт комитетинин2017-2020-жылдарга карата түзүлгөн төрт жылдык иш планы жана 2017-жылдын бюджети бекитилсин.
6. Жайыт мыйзамдарын жана ушул токтомдун эрежелерин бузган жайыт пайдалануучулар, административдик кодекстин негизинде административдик жоопкерчилик тартышат.
7. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы, жайыт комитетинин төрагасы З .Молдоташовго жана бардык айыл башчыларга милдеттендирилсин.
Үч-Төбө айылдык Кеӊешинин төрагасы
Р. Куламшаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Закон «О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О пастбищах"»Закон · 11.07.2011 · № 91 · Утратил силу