# Сары-Колот айылдык кеңешинин 2014-жылдын 29-мартындагы № 21/4 "Кыргыз Республикасынын 2003- жылдын 25-сентябрындагы № 215 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү» мыйзамына ылайык Сары-Колот айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2014-жылга бюджетин бекитуу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Сары-Колот айылдык кеңешинин 2014-жылдын 29-мартындагы № 21/4 "Кыргыз Республикасынын 2003- жылдын 25-сентябрындагы № 215 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү» мыйзамына ылайык Сары-Колот айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2014-жылга бюджетин бекитуу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 21/4
- Дата принятия: 29.03.2014
- Статус: Действует
- Редакция от: 29.03.2014
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/231783>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-27064/edition/694062/ru>

> Текст приведён по редакции от 29.03.2014 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Сары-Колот айылдык кеңешинин 2014-жылдын 29-мартындагы № 21/4 "Кыргыз Республикасынын 2003- жылдын 25-сентябрындагы № 215 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү» мыйзамына ылайык Сары-Колот айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2014-жылга бюджетин бекитуу жөнүндө" токтому (ред. от 29.03.2014) - https://aqlex.ai/kg/doc/231783

---

САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Сары-Колот айылдык Кеңешинин III чакырылышынын XXI заседаниеси

2014-жылдын 29-марты № 21/4 Кыргыз Республикасынын 2003- жылдын 25-сентябрындагы № 215 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү» мыйзамына ылайык Сары-Колот айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2014-жылга бюджетин бекитуу жөнүндө Сары-Колот айылдык кенешинин үчүнчү чакырылышынын XXI сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 25- сентябрындагы №215 «Жергиликтуу өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Сары-Колот айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2014-жылга бюджетин бекитуу жөнүндөгү Сары-Колот айыл өкмөтүнүн ФЭБнун башчысы Б.Жунусовдун жасаган билдирүүсүн карап талкуулап, бул маселе боюнча депутаттардын Сары-Колот айылдык кенешинин социалдык-экономика, инфраструктура, бюджет, салык, курулуш, транспорт жана коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссияиын берген корутундусун эске алып, депутаттардын Сары-Колот айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Колот айылдык округунун 2013-жылдагы бюджета киреше бөлүгү боюнча -17644,5 мин сомго, чыгаша бөлүгү -17417,4 мин сомго аткарылгандыгы бекитилсин.

2. Айыл округунун 2014-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше бөлүгү контингенттерге жана нормативдерге ылайык 6482,2 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

3. Сары-Колот айылдык округунун 2014-жылга түзүлгөн чыгымдар сметасы бардык статьялар боюнча 6482,2 мин сомго бекитилсин.

4. 2015-жылдын 1-январына карата Сары-Колот айыл округунун бюджета боюнча кассада жүгүртүлүүчү нак акча 10,0 мин сом өлчөмүндө белгиленсин.

5. Аппарат кызматкерлеринин жалпы штаттык бирдиги -22. Анын ичинен айыл башчылары -5 штаттык бирдик эмгек акы фондусу менен, техникалык тейлөө кызматкерлеринин саны -2 штаттык бирдик эсебинде бекитилсин.

6. Сары-Колот айыл өкмөтүнө 2014-жыл ичинде жергиликтүү бюджетке бардык статьялардагы суммаларды айыл округдун муктаждыктарына карата өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүүгө уруксат берилсин.

7. Сары-Колот айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы кирешелерден калган калдык 227,1 сом акча каражатын 2014-жылы бардык статьялар боюнча бөлүштүрүлүп иштетүүгө уруксат берилсин.

8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Сары- Колот айылдык Кенешинин бюджет, экономика; укук жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Сары-Колот айылдык Кеӊешинин төрагасы

Э. Абдраев
