# Кабылан-Көл айылдык кеңешинин 2015-жылдын 13-октябрындагы № 4/2 "Кабылан-Көл айыл аймагына караштуу Күңгөй айылына эмкана куруу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кабылан-Көл айылдык кеңешинин 2015-жылдын 13-октябрындагы № 4/2 "Кабылан-Көл айыл аймагына караштуу Күңгөй айылына эмкана куруу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 4/2
- Дата принятия: 13.10.2015
- Статус: Действует
- Редакция от: 13.10.2015
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/231654>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-26935/edition/690092/ru>

> Текст приведён по редакции от 13.10.2015 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кабылан-Көл айылдык кеңешинин 2015-жылдын 13-октябрындагы № 4/2 "Кабылан-Көл айыл аймагына караштуу Күңгөй айылына эмкана куруу жөнүндө" токтому (ред. от 13.10.2015) - https://aqlex.ai/kg/doc/231654

---

КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын IV сессиясы

2015-жылдын 13-октябры № 4/2 Кабылан-Көл айыл аймагына караштуу Күңгөй айылына эмкана куруу жөнүндө Кабылан-Көл айыл аймагына караштуу Күңгөй айылына эмкана куруу үчүн түрткү берүүчү гранттын долбоорун карап жана талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кенешинин заседаниеси ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Күнгөй айылына эмкана (ФАП) куруу үчүн жазылган түрткү берүүчү гранттын долбоору жактырылсын.

2. Бул долбоорду ишке ашыруу максатында Кабылан-Кол айыл аймагынын Күңгөй участкасынан 0,04 га жер участогун бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Күңгөй айылына эмкана куруу үчүн жазылган түрткү берүүчү гранттын долбоору 172 2777 сомду түзөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы № 462 токтомунун негизинде 120 594 сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин, анын ичинен 60272 сом накталай жана 60272 сом жумуш түрүндө аткарылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономикалык саясат муниципалдык менчик, калкты жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Кабылган-Көл айылдык Кеӊешинин төрагасы

Ш.Акаев
